Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Саляновдун өлүмүндөгү шектүү жагдайлар


Улян Салянов өлтүрүлгөн үй.
Улян Салянов өлтүрүлгөн үй.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Уландын өлүмү боюнча сотто жаңы жагдайлар белгилүү болду.

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кезектеги сот жараяны Биринчи май райондук сотунда 5-февралда уланды. Анда кылмышка шектүүлөр Эрмек Осмонкулов жана Асанэмир Абыкулов көрсөтмө беришти.

Сотто шектүү Эрмек Осмонкулов буга чейин тергөөдө айткан көрсөтмөлөрүнөн баш тартарын жарыялады. Ал муну тергөө маалында кыйноого кабылганы менен түшүндүрдү. Осмонкулов буга чейин Улан Саляновду атып өлтүргөн тапанчаны шектүү Асанэмир Абыкулов бергенин айткан эле. Эми сотто Саляновдун үйүнө таанышынын карызын алыш үчүн барып, уруша кеткен учурда атып салганын айтып жатат.

Ал эми экинчи шектүү Асанэмир Абыкулов кылмыш болгон жерге таанышы Эрмек Осмонкуловдун чакыруусу менен барганын, бирок кылмыш болгон учурда машинеде отурганын айтты. Абыкуловдун маалыматы боюнча, кылмыш болгон күнү, тагыраагы 2017-жылдын 6-ноябрында ал айдап жүргөн автоунаа Токмок шаарынын мурдагы мэри Жыргалбек Шамыралиевге таандык болгон.

«Мен эң маанилүү деталды айткым келет, - деди ал. - Мен айдап жүргөн автоунаанын кожоюну - Токмок шаарынын ошол кездеги мэри Жыргал Шамыралиев болчу. «Фольксваген Шаран» үлгүсүндөгү машине. Менин маалыматым боюнча, бул (Осмонкулов - ред.) айтып жаткан мага каршы «көрсөтмө бер» деп мажбурлоону ошол уюштурган деп ойлойм».

Кылмышка шектүү машинени убактылуу айдап турууга сурап алганын, Шамыралиев менен чогуу окуганын кошумчалады. Ал эми Жыргалбек Шамыралиев бул ишке эч тиешеси жок экенин «Азаттыкка» кыскача гана айтты:

«Эмне дегенин билбейм. Бул маселеге эч кандай тиешем жок. Эч нерсе деп комментарий бербейм. Эмнеге антип айтып жатканын өзүнөн сурап алгыла».

Мындан сырткары Асанэмир Абыкулов 2017-жылы Улан Салянов өлтүрүлгөнгө чейин «Аида Салянованы каралап бер» деп кайсы бир адамдар кайрылганын да билдирди. Ал кимден буйрук болгону тууралуу суроого «уюшкан кылмыштуу топ» деп жооп кайтарды.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

Ал эми ошол учурда үстүнөн 20га жакын кылмыш иши козголгон Абыкуловго байланыштуу айрым иштер табышмактуу түрдө кыскартылганын Саляновдун туугандары айтышууда. Сотко катышып жаткан Аида Саляновага «Бул ишти УКМК уюштурганбы?» деген суроосун ишти карап жаткан судья бердирген жок. Ушундан улам маркум Улан Саляновдун жакындары «Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кылмыштын чоо-жайын ачууга кызыкчылыгы болбой жатат» деп нааразы болушууда.

Саляновдордун адвокаты Рабига Сыдыкованын айтымында, бул иштин саясий өңүтүн жаап-жашыруу аракети болуп жатат.

«Ишти карап жаткан судья бул иштин чыныгы жагдайлары ачыкка чыгышына кызыкчылыгы болбой жатат, - дейт ал. - Бул иште саясий өңүт бар экенин айтып жатабыз. Кылмышка шектүүлөр да кайсы бир адамдардын «аты-жөнүн айталы» деп жатса, судья бул суроолорду алып салууда. 5-февралдагы сот жараянында Абыкулов Аида Жеңишбековнага карата 2017-жылы каралоо өнөктүгү жүргүзүлгөнүн айтып чыкты. Бул боюнча атайын топ иштеген экен».

Адвокат ушул табышмактуу жагдайлардын баарын ачыкка чыгаруу зарыл деп эсептейт. Буга чейин Аида Салянова өзү да инисинин өлүмү боюнча бир катар мурдагы жогорку кызматтагыларды, анын ичинде УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди сотко чакырууну сунуш кылган.

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 4-мартка белгиленди.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, былтыр май айында Бишкекке жеткирилген болчу. Саляновду өлтүрүлүшү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Москвада кармалган. Ал Кыргызстанга өткөрүлүп бериле элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG