Украин аскерлеринин абак мөөнөтү узарды

Украин деңиз аскерлерин төрт кишиден алты топко бөлүп, баш коргоо чарасын карашты.

Москванын Лефортово райондук соту 15-январда Керчте кармалган украин деңиз аскеринин камак мөөнөтүн узартты. Алар 24-апрелге чейин тергөө абагында калышты. Жабык өткөн процессте сот тергөө органдарынын талабын канааттандырды. Ал эми жактоочу тараптыкы четке кагылды.

Аскерлерди жарандык сот соттоодо

24 моряктын 20сынын тергөө абагындагы мөөнөтү белгилүү. Калган төртөө боюнча чечим кийинчерээк чыга турган болду.

Сот адвокаттардын, Украина тараптын талабын четке какты. Алар кармалгандар – аскерлер, демек аскер туткундары экенин жүйө келтиришти. Мындан улам камакта кармоо тууралуу чечимди жарандык эмес, аскер соту чечиши керектигин айтышкан эле.

Украин бийлиги Согуш туткундары жөнүндө Женева конвенциясына ылайык колго түшүрүлгөн аскерлер "тезинен бошотулушу керек" деп эсептейт. Кеп үчүнчү Женева конвенциясы тууралуу болуп жатат. 1949-жылы кабыл алынган ал документте аскердик туткундарга карата мамиле тууралуу кеңири жазылган.

Бирок Орусия аларга “чек араны бузуп өткөн” деген айып койду. Украина менен согуш абалында болбогондуктан колго түшкөндөр "согуш туткундары" деп эсептелбей турганын жүйө келтирди.

Людмила Денисова

Украин моряктары кармалгандан бери эки айга чукулдады. Ошондон бери аларды жакындары көрө элек, тергөө да болбоду дейт Украинанын акыйкатчысы Людмила Денисова:

- Алигиче моряктарга үй-бүлөсү менен жолукканга уруксат беришпеди. Буга тергөө гана уруксат берет, бирок ал болгон жок. Алардан кандайдыр бир көрсөтмө алуу үчүн учурда биздин моряктарга жана алардын жакындарына кысым болуп жатат. Бирок алар аскер туткундары жөнүндө Женева конвенциясын карманып, баары эч кандай көрсөтмө бербейбиз деп сүйлөшүп алышты.

Акыйкатчы ошондой эле деңизчилерди алмаштыруунун кандай гана болбосун жолун караштырып жатканын айтты. Украина абактарында жаткан орус жарандарына жолугуп, Орусияда кармалгандарга алмаштыруу тууралуу Путинге өтүнүч жазууну сунуштаганын, 23 киши өтүнүч жазышканын белгилей өттү.

Азырынча Кремль кармалгандарды айырбаштоо маселесинде бир жаңсыл пикирин билдире элек.

Керчтеги жаңжал

Украин моряктары 2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында кармалышкан.

Керч кысыгындагы көпүрө

Алар түшкөн үч кеме Одессадагы порттон чыгып Мариуполь шаарына бараткан. Суудагы жол Керч кысыгы аркылуу өткөн. Крымды өзүнө каратып алгандан кийин Орусия аталган кысыкты өз аймагы катары санайт.

Ал эми Киев жана дүйнөлүк коомчулук Крымды жана бул аймакты Орусияныкы деп эсептебейт. Ошентсе да украин бийлиги кемелер Орусия аннексиялап алган аймактан тыш жакта да атылып-кармалган, бул «агрессия» деп мүнөздөп келет.

Адегенде кармалгандар Крымдагы изоляторго камалып, андан соң Москвага жеткирилген. Азыр моряктардын 21и «Лефортоводогу» тергөө абагында жатат. Ал эми атуу учурунда жараат алган үчөө «Матросская тишина» изоляторунун ооруканасында.

Керчтеги инцидент орус-украин бийликтеринин тирешин ого бетер күчөттү. Буга байланыштуу Батыш-Орусия мамилеси дагы чыңалды.

АКШ жана Евробиримдик моряктар токтоосуз бошотулушун талап кылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​