НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг украиналык делегация менен шейшембиге белгиленген жолугушуусунун алдында Керч кысыгындагы кырдаал боюнча Орусияга талап койду.
Ал 3-декабрдагы маалымат жыйында Москва украиналык аскерлерди бошотушу керектигин, Украинанын жарандык жана аскердик кемелерине Керч кысыгы аркылуу Кара деңизден Азов деңизине өтүүгө уруксат бериши зарылдыгын айтты:
- Орусия жакында Керч кысыгында украиналык кемелерди жана деңиз аскерлерин камакка алды. Мындай зомбулукту актоого болбойт. Биз тынчтанууга жана сабырдуулукка чакырабыз. Орусия Украинанын деңиз аскерлери менен кемелерин бошотушу керек, - деди Столтенберг.
Буга чейин бир катар Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери да Москваны украин аскерлерин бошотууга чакырган. Бул маселени немис канцлери Ангела Меркел 1-декабрда орус президенти Владимир Путин менен Аргентинада жолукканда көтөргөн. Бирок Путин украин аскерлеринин тагдырын сот чечерин айтканы кабарланган.
Украин аскерлеринин баарына айып тагылды
25-ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган.
Украин аскерлеринин баарына өткөн аптада расмий түрдө "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген айып тагылганы белгилүү болду. Бул маалыматты Орусия кармаган украин аскерлеринин бири Денис Гриценконун адвокаты Николай Полозов дүйшөмбү күнү ырастады.
Анын айтымында, эки айга тергөө абагына камалган украиналык деңиз аскерлери мындай айып менен алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Адвокат өз кардары менен жолуга албай жатканын билдирди:
- Баарынан мурда алар Женева конвенциясы сыяктуу эл аралык келишимдердин жоболорунун негизинде аскердик туткун болуп эсептелинет. Учурда мен украиналык калган туткундардын укугун коргой турган адвокаттардын тобун түзүп жатам. Азыр жок дегенде тергөө абагына кирүүгө уруксат алуу сыяктуу уюштуруу иштерин чечишибиз керек. Бул маселе кыйынчылык менен коштолууда. Орусиянын мамлекеттик органдары аскерлердин укугун коргоодо тоскоолдуктарды жаратып жатат, - деди Полозов украиналык "112.ua" каналына курган маегинде.
Кармалгандардын дагы биринин адвокаты Жемил Темишов 29-ноябрда билдиргендей, кеминде 21 аскер Крымдан Москвадагы Лефортово тергөө абагына жөнөтүлгөн.
Бул маалыматты Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова да ырастап, жаңжал маалында жараат алган үч аскер Москвадагы "Матросская Тишина" тергөө абагынын ооруканасында дарыланып жатканын билдирди.
Ал 3-декабрда "Россия 24" телеканалы менен маегинде украин аскерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, дооматтарды четке какты:
- Деңиз аскерлерден кармоо шарттары, тартип жана медициналык жардам маселеси боюнча эч кандай даттануу болгон жок. Аларга керектүү тамак-аш берилип жатат. Алардын көбүнүн жактоочулары, адвокаттары бар. Алар менен мыйзам чегинде, келишимдин негизинде иштеше турган адвокаттарга кардарлары менен жолугууга уруксат берилет.
Песков: Орусия эч качан эч жерди басып алган эмес
Керч кысыгындагы жаңжалдан улам Киев менен Москванын ортосундагы 2014-жылы Крым аннексиялангандан бери сакталып келген чыңалуу ого бетер күчөдү. Бул окуядан көп өтпөй украин парламенти өлкөнүн бир катар аймактарында 30 күндүк аскердик абал жарыялады. Киев орусиялык эркектердин өлкөгө кирүүсүнө да тыюу салды.
3-декабрда украин президенти Петро Порошенко Украина менен Орусиянын ортосундагы 20 жыл мурда кол коюлган достук келишимин жокко чыгара турган мыйзам долбоорун Жогорку Радага жолдоду.
Андан мурда Порошенко Германия менен анын өнөктөштөрүн Кара деңиздеги деңиз аскерлерин көбөйтүүгө кайрадан чакырган. Ал Германиянын Funke Media Group басылмасы менен 2-декабрдагы маегинде, "биз Орусиянын агрессивдүү жүрүм-турумуна күчтүү, бирдиктүү жана чечкиндүү жооп кайтарышыбыз керек" деп айткан.
Порошенко бул маегинде Москва Украина менен чектеш аймактарына жоон топ аскерлерди жөнөткөнүн да белгилеген. Жекшемби күнү Киев да Азов деңизиндеги Мариуполь портунда коопсуздук чараларын күчөтүп, бул шаарга кошумча танкаларды жөнөткөнү белгилүү болду.
Москва "Керч кысыгында чагымчыл аракеттерге барды" деп тескерисинче Киевди айыптап жатат. 3-декабрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Орусия Крымга кургактан коридор ачуу үчүн Украинанын Мариуполь жана Бердянск шаарларын каратып алууну көздөйт" деген маалыматтарды четке какты.
- Бул толугу менен акылга сыйбаган билдирүү. Кезектеги чыңалуу жаратуу аракети. Тилекке каршы мындай аракеттер Украинадагы [март айындагы] шайлоого убакыт аз калган сайын көбөйөт окшойт. Орусия эч качан эч жерди басып алган эмес же эч жерде коридор түзгөн эмес, - деди Песков.
Кантсе да Керч кысыгындагы кырдаал эл аралык мамилелерге таасирин тийгизбей койгон жок. АКШ президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен 1-декабрга белгиленген Буэнос-Айрестеги жолугушуусунан баш тартты. Буга Керч кысыгындагы жаңжал, Орусия Украинага кемелерин жана деңиз аскерлерин кайтарып бербей жатканы себеп катары көрсөтүлдү.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.