Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда бир миллион тажикстандык жаран эмгектенет. Орусиянын ИИМнин билдирүүсү боюнча былтыр алардын жарымы гана мыйзамдашып, 416 миңи гана иштөөгө керектүү патент алышкан. Алардын бир жыл ичинде Тажикстанга акча которуусу эки миллиард долларды түзгөн.
Жарыяланган амнистия боюнча 25-марттан 24-апрелге чейин Орусиядагы тажикстандыктар ИИМдин жергиликтүү органдарына паспорттору менен кайрылып, миграциялык каттоолорун жаңыртып, толук мыйзамдаша алат. Ошондой эле тажик жарандарынын Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 90 күнгө узартылган.
Москвада иштеген тажикстандык Каримадулла бир катар мекендештери менен бул жаңылыкты жакында эле укту. Өзү бир топ жылдан бери мыйзамсыз жүргөндүктөн, документтерин тууралап калам деген үмүтү зор:
- Тажиктерге амнистия болорун уктук. Азырынча мигранттар ишенбей турат. Мен өзүм Москвада төрт жылдан бери иштейм. Мурункуга караганда тажиктер азайып кетти. Патент төлөө кыйын болуп калды. Мен дагы мыйзамсыз жүрөм. Документтерим туура болбогондуктан 15 миң рубль айлыкка иштеп жатам. Албетте, эч нерсеге жетпейт. Эч акча чогултканым жок. Эми көрөбүз кандай жыйынтык болорун.
Орусияда миграциялык мыйзамдарды бир нече жолу бузган, өлкөдөн сот аркылуу чыгарылган, депортацияланган, Орусиянын айрым органдары өлкөгө кирүүгө тыюу салган, ошондой эле мигранттарды убактылуу камоочу жайлардагы тажикстандыктарга мындай жеңилдиктер каралбайт.
Эки өлкө амнистия боюнча орус президенти Владимир Путиндин февралдагы Дүйшөмбүгө жасаган сапары учурунда сүйлөшкөн. Анда Орусиянын вице-премьери Игорь Шувалов жеңилдиктер өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган жана административдик мыйзам бузууларга барган тажикстандыктарга берилерин айткан.
Ал эми Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузгандардын “кара тизмесин” 200 миңден ашуун тажик жарандары түзөт. Эксперттер алардын 35 пайызы гана амнистияга илинет деп болжошууда. Калган жарандардын көбү Орусиядан депортацияланган же сот аркылуу чыгарылган.
Буга чейин миграциялык амнистия Орусиядагы Молдова, Армения жана Кыргызстандын жарандарына жарыяланган. Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматы 2015-жылы 10-июлдан 1-ноябрга чейин 30 миң кыргызстандык жаран амнистия аркылуу “кара тизмеден” чыгарылганын маалымдаган болчу.
Москвадагы эмгек мигранттары профсоюзунун жетекчиси Ринат Каримов тажик жарандарына Орусиянын чек арасынан чыкпастан эле өлкө ичинде миграциялык каттоосун жаңыртууга шарт түзүлгөндүктөн, бул амнистия тажикстандыктардын абалын бир кыйла жеңилдетет деген ойдо:
- Кыргызстандыктарга мунапыс жарыяланганда, шарты башкача болчу. Адамдар Орусиядан чыгып, чек арадан кайра өтүп, жаңы миграциялык карта менен кириши керек эле. Ал эми азыр Орусияда жүргөн мигранттар ИИМдин бөлүмдөрүнө барып эле жаңыртып алууга болот деп жатышат. Албетте, бул бир топ жеңил. Жол чыгымдары болбойт, көп убакыт кетпейт. Азыр биз болушунча жарандарыбызга маалымат таркатып, түшүндүрүү иштерин өткөрүп жатабыз. Элчилик, коомдук уюмдар, диаспора дагы активдүү киришет деп үмүттөнөбүз. Тажик мигранттары болсо кубаныч менен эле кабыл алышты. Амнистия бир гана өз убагында миграциялык каттоого тура албай калгандарга гана жеңилдик берсе дагы, жыйынтыгы жакшы болот деп ойлойбуз. Андайлар дагы көп бизде.
Өткөн жылдын аягында Орусияда жалпысынан 10 миллионго чукул эмгек мигранты катталса, алардын 8 миллиондон ашууну КМШ өлкөлөрүнөн келгени маалымдалган. Мурунку жылдарга салыштырмалуу Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Молдованын мигранттарынын саны азайса, Кыргызстандын мигранттары көбөйүп, 593 миңди түзгөн. Былтыр 10 миллион делген Орусиядагы чет элдик мигранттардын 2,5 миллиону гана тийиштүү документтерди алып, мыйзамдаша алган.