Тажикстандык Сайфидин Эмомов жубайы жана агасы менен эки жылдан бери Түркиянын шаарларынын биринде эмгектенет. Анын Хатлон облусундагы Вахш районунда жашаган жакындарын жергиликтүү бийлик бир нече жолу суракка чакырып, Сайфидиндин Түркиядагы дарегин сураган.
Сайфидин өзү жөнүндө экстремисттик топторго тиешеси бар деген ушак тарагандан кийин укук коргоо органдарынын көз кырына илингенин билет.
- Алгач аялыма мага келүүгө уруксат бербей жатышты. Кийин кайра уруксат бергенине ыраазымын. Азыр аялым менен агама барууга уруксат бербей жатышат. Биз эч кандай кайсы бир топтун же партиянын мүчөсү эмеспиз. Түркияда мыйзамдуу иштейбиз. Өлкөбүзгө ээн-эркин барууга мүмкүнчүлүк берип, басым кылганды токтотууну суранабыз.
Түркияда Сайфидин агасы менен нан жаап иштеп, айына 600 доллар табат.
Дагы бир тажик жараны, Хатлон облусунун 26 жаштагы тургуну Шахбоз Рахимов жарым жыл мурун Орусиядан депортация болгондон кийин Түркияга келген. Ал учурда ар кандай курулушта жалданып иштейт. Анын мекениндеги жакындары укук коргоо органдары үйүнө көп келип жатканын айтышкан.
Шахбоздун Түркияда иштеп жатканы жөнүндөгү маалыматты укук коргоо органдары чочулоо менен кабыл алышкан экен. Анын ушул жазда мекенине барып, үйлөнүү тоюн өткөрсөм деген тилеги бар. Бирок укук коргоо органдарынын сурагынан коркуп турат.
Түркияда тажик жарандары негизинен курулушта, соода борборлорунда иштейт. Алардын бири Алижон Рахимов үч жылдан бери түрк жергесинде жашайт. Ал маалда үйүнө бир жолу барып келди. Айтымында, анын документтери туура болгону үчүн эч кандай маселе жаралган эмес.
Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест
- Менин бардык документтерим жайында. Бирок көпчүлүк мекендештер Түркияда мыйзамсыз иштейт. Ошондуктан бул өлкөдө чынында акча иштеп табуу үчүн келгенин аныктай алышпайт. Түркиядагы теракттардан кийин дайыма текшерүүлөр болуп, бизге бир аз кыйын болууда, - деген Алижон Түркиядан тажик мигранттары депортация көп кабылып жатканына күбө болууда.
Жаш активист Фахриддин Тохировдун айтымында, Түркиядан кайтып жаткандар Тажикстанга көйгөйсүз кирүү үчүн “тааныш” издөөгө мажбур.
Тажик күч органдары соңку жылдары Түркия тажик оппозиционерлеринин баш калкалоочу жайы жана Сирия, Ирактагы согушка кетип жаткандарга транзиттик жол болуп калды деп эсептейт.
Укук коргоо органдарындагы "Азаттык" радиосунун тажик кызматынын ишенимдүү булагы Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан аймакка кеткендердин 98% Түркия аркылуу жөнөп жатканын билдирет. Акыркы жарым жылда Сириядан кайткан тажиктер Түркия аркылуу башка өлкөлөргө өтүүгө аракет кылган сегиз учур катталган.
- Жаштар Сириядан качып, Украина же башка өлкөлөргө калып калышат. Башкача айтканда, Түркияга оңой эле өтүшөт. Мына ушундай көрүнүш коркунучтуу. Ошондуктан сурак жана маектешүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Бирок далилсиз эч кимди камабайбыз. Андыктан таза болсо мекенине коркпой келе берсе болот. Кала берсе кандайдыр бир күнөөсү болсо деле мунапыска илиниши мүмкүн.
Көпчүлүк тажиктер Орусия миграциялык мыйзамдарды катаалданткандан кийин Түркияга иш издеп бара баштаган. Тажикстандын Эмгек министрлигинин маалыматында Түркияда 2 миңден 5 миңге чейин тажик мигранттары бар.