Орусия куралдуу күчтөрүн сыноодо

Орусия -- Аскер техникаларынын көргөзмөсү, Нижний Тагил, 9-сентябрь, 2011.

Масштабдуу машыгуу апта соңунда Орусиянын Ыраакы Чыгышында куралдуу күчтөрдүн даярдыгын аныктоо максатында башталды. Президент Путин бул чукул иш-чараны жума күнү жарыялады
Кыргызстанга бир миллиард долларга курал-жарак бергени жаткан Орусиянын куралдуу күчтөрү технология жагынан артта калган деп саналат. Деген менен болобу, СССРдин мураскору болгон өлкөнүн куралдуу күчтөрү, аз дегенде сан жагынан дүйнөдөгү кубаттуу армиялардын сабында кала берүүдө.

Көп мамлекеттер менен чектешип, он миңдеген чакырым келген чек арасы табигый тоскоолдуктар менен корголбогон өлкө үчүн армиянын кубаты жана аскердик даярдыгы албетте өзгөчө маанилүү маселе.

Бул жолку машыгуу пост советтик доордогу эң ири согуш оюндары болуп кала турган түрү бар.

Чукул чакырылган оюндарга Орусиянын деңиз күчтөрү, стратегиялык бомбалоочу, тактикалык жана стратегиялык ракета, чопкуттуу техника бөлүктөрү, ракетадан коргонуучулар жана жөө аскерлер катышууда. Орусиянын Ыраакы Чыгыш Аскер аймагындагы бардык куралдуу күчтөрдүн даярдыгын текшергиси келген президент Путин мурда пландалбаган машыгуу болоорун өткөн жума күнү жарыялаган.

Ага баш-аягы 160 миңдей аскер, бир миңдей танк, 130 учак, 70 кеме тартылды. Такталбаган сандагы Ту95МэС стратегиялык ядролук бомбалоочу учактар да Амур аймагындагы аба бекетинен учуп келет экен деген кабар түшүүдө.

Чита областындагы Цугол машыгуу жайына 100дөй танктан турган чопкуттуу бригада Бурятиядан ары 1100 чакырым аралыкты темир жол менен басып барды.

Танк командири Дмитрий Манюкин Орусиянын "Россия 24" кабар сыналгысына анын кол алдындагы күчтөрдүн машыгуудагы максаты жарыялана электигин, бул орус армиясынын жаңы чыккан буйрукту аткарууга канчалык даяр экендигин аныктоо үчүн керектигин билдирди:

- Бул машыгуунун өзгөчөлүгү ушунда, биз бул жакка келгенибизге 24 саат болду, бирок мындан ары кайда барабыз, кандай буйрук алабыз, бул айтыла элек.

Манюкиндин айтымында, коргоо министрлигине Сергей Шойгу дайындалгандан бери даярдык маселесине өзгөчө маани берилүүдө.

Сахалин аралындагы Уссурийскиден аба күчтөрүнүн 83-бригадасы да машыгууга катышууда. Ал Ослябия жана Николай Вилков деген согуштук кемелер менен биргеликте суу астында согушууунун ыкмаларын көрсөтүшмөкчү. Жылып жүрүүчү радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу бригадалары да катышып жатат. Путин 20-июлда бүтөөрү пландалган машыгууга өзү да катышаарын билдирген.

Коргонуу министри Сергей Шойгу жекшембиде машыгууга катышып жаткан бардык күчтөр «жогорку даярдык абалында» деп ырастады. Анын айтымында, Ыраакы Чыгыштагы аскер оюндарына Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов башкарып жатат.

Шойгунун сөзү боюнча, 560тан ашык вагон менен 320 тонна жабдык, 25 унаа учактары менен 1 миңден ашык аскер ташылды. Бир миңден ашык резервдеги аскер чакырылды.

Март айында Путин Орусиянын Кара деңиз аймагындагы куралдуу күчтөрдүн даярдыгын текшерткен эле. Коргоо министрлиги ал көнүгүүлөрдүн бардыгында куралдуу күчтөр өз максаттарына жетти деп отчет берген.