“Мемориалдын” үстүндөгү кара туман калыңдады

"Мемориалдын" кеңсесине чет элдик агент деп жазып кетишкен учур. 21-ноябрь, 2012-жыл.

Орусияда “Мемориал” укук коргоо борбору эми конституциялык түзүлүшкө шек келтирген деп айыпталууда.

Бул тууралуу Орусиянын Юстиция министрлигинин текшерүүсүнүн соңунан даярдалган расмий документте айтылат. Үстүнөн кара туман мурдатан эле айлана баштаган уюмга каршы эми кылмыш иши ачылуусу мүмкүн деп болжолдонууда.

Орусиянын Юстиция министрлигинин эсебинде, “Мемориал” укук коргоо борбору бийликтин жогорку органдары жүргүзгөн мамлекеттик саясат боюнча терс коомдук пикир жаратуу максатында саясий ишмердик менен жигердүү аракеттенет.

Мамлекеттик бийлик институттарынын чечимдерине жана аракеттерине, чуулгандуу кылмыш иштери боюнча чыккан соттук өкүмдөрүнө, баштапкы тергөөнүн жыйынтыктарына карата каршы пикирлерин билдирип келет.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Мемориалдын” ишмердиги боюнча мындай бүтүмгө уюмдун интернеттеги баракчасын анализдеген соң келген.

Бирок уюмдун төрагасы Александр Черкасов өз билдирүүсүндө Юстиция министрлигинин аракеттери “адам укугун жана эл аралык укуктун нормаларын бузуп жатканына”, бүтүмү “бийликти сындоону аны кулатуу аракетине теңеп салганына” көңүл бурду.

“Мемориалдын” укук маселелери боюнча директору Кирилл Коротеев болсо “Азаттыкттын” орус кызматы менен маегинде Юстиция министрлигинин бүтүмүн “абсурд” деп атап, буларга токтолду:

- Юстиция министрлигинин актысында “Мемориал” Орусиянын Украинадагы агрессиясы боюнча жасаган билдирүүгө, “Болотной иши” (оппозициячыл активисттердин демонстрациясы күч менен таратылып, алар камакка алынган учур) боюнча чыгарылган сот өкүмүнө карата абстрактуу сынга шилтеме жасалган. Биздин көз карашыбызда бийликтин дарегине айтылган легитимдүү сын, коомдук мааниси бар окуя боюнча ой-пикир билдирүү кайдан туруп конституциялык түзүлүшкө шек келтирери түшүнүксүз. Мен билгенден, биздин аракеттер эмес, тескерисинче, Юстиция министрлиги чыгарган бүтүм конституциялык түзүлүшкө шек келтирүүдө.

Орусияда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында абройлуу жана эң алгачкы бейөкмөт уюм катары саналган “Мемориал” орус бийликтеринин текшерүүлөрүнө буга чейин да бир нече ирет кабылган.

Атүгүл Юстиция министрлиги аны жабууга камынып, бирок жыл башында Орусиянын Жогорку соту өтүнүчтү четке каккан эле.

Анда министрлик “Мемориал” ар кайсы аймактарда өз филиалдарын “мыйзамсыз” ачып алган деген жүйө келтирген болчу.

Соңку текшерүү уюм Орусияда “чет элдик агенттердин” тизмесине расмий киргизилгенден кийин болуп олтурат.

Юстиция министрлигинин аныктамасынын артынан кандай укуктук чара көрүлөрү азырынча белгисиз.

Анткен менен “конституциялык түзүлүшкө шек келтирди” деген айып кылмыш ишин ачууга негиз болуп калышы мүмкүн.

“Мемориалдын” укук маселелери боюнча директору Кирилл Коротеев мындай дейт:

- Бул биз жөн гана ишмердигибизди уланта албашыбыз үчүн жасалган кысымдын уландысы. Менимче, Юстиция министрлиги эмес, жалпы эле аткаруу бийлиги жарандык коомдо эч ким тирүү калбастан, баары асфальтка көмүлүшү үчүн умтулушууда. Алар бул максатына карай акырындап жылып бара жатышат.

Кирилл Коротеев кошумчалагандай, алар мыйзам боюнча 15 күн аралыгында Юстиция министрлигинин бүтүмүнө каршылыгын билдире алат.

Бирок министрлик да ал каршылыкты күтпөй эле чара көрө берүүгө укуктуу.

Үстүндөгү “кара туман” калыңдай баштаган “Мемориал” бейрасмий 1987-жылы СССР бар кезинде эле уюшулган, 1991-жылы уюмдун Адам укугун коргоочу борбору түзүлгөн.

"Мемориал" Орусиядагы укук бузууларды сындап келет.

Андан бери уюм СССР убагындагы саясий репрессияларды, жаңжал аймактардагы адам укугун бузууларды иликтеп, Орусиядагы саясий айыпкерлердин тизмесин түзүп келе жатат.

Орус бийликтери “Мемориалды” четтен каржыланып, ошол учурда саясий ишмердик алектенген бейөкмөт уюм деп эсептешкендиктен быйыл жайда аны “чет элдик агенттердин” атайын реестрине киргизишкен.

Ал топко кошулгандар интернетте же басма сөздө материалын жарыялоодо өз макамын көргөзүүсү талап кылынат.

Тыштан каржы алган бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агентке” теңеген талаштуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган.