Тактан түшкүсү келбеген президент

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад жана Орусиянын лидери Владимир Путин, 16-октябрь, 2007-жыл

Ирандын президенти Орусиядагы Владимир Путин сыңарындай ар кандай айла-амал менен бийликте кала бергиси келет деп күнөөлөнүүдө. Мындай айыптоого Махмуд Ахмединежаддын жакында сыналгыдан сүйлөгөн сөзү себеп болду.
Ирандын президентинен буга чейин эле "тактан түшкүсү келбейт" деп шек санап келишкен. Махмуд Ахмединежаддын соңку сөздөрү анын саясий келечеги тууралуу талашты дагы козутту.

Ахмединежаддын 4-сентябрда Ирандын мамлекеттик сыналгысындагы түз эфирде сүйлөгөн сөзү ал экинчи кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте калууну көздөп жатат деген божомолго жем таштады.

Ахмединежаддын президент катары экинчи мөөнөтү келерки жылы бүтөт, ал эми Иран Конституциясы боюнча ал катары менен үчүнчү жолу мамлекет башчысы боло албайт.

Сөз болуп жаткан маекте кабарчы президенттен "өзүңүз убада кылгандай, мамлекеттик коррупцияга тиешеси бар адамдарды атын ачык айтасызбы?" деп сураган.

Кабарчы сөзүн "өкмөткө бир эле жыл калды..." деп баштаганда эле Ахмединежад күлүп, "бул акыркы жыл экенин кайдан билесиңер?" деп сурады. "Өкмөт улуттун бир бөлүгү, ал эми улут түбөлүккө калат" деп кошумчалады президент.

Ахмединежаддын бул сырдуу сөздөрү дароо эле бир нече ирандык маалымат сайттарында жарык көрдү.

Көпчүлүктүн таң калганы - кечээ жакында эле ал бийликте калууга ниети жок экендигин айткан. Мисалы, Германиянын "Франкфуртер Алгемайне Цайтуң" басылмасына "сегиз жыл жетет" деген.

Ирандын маалымат каражаттары Ахмединежад парламентке талапкер болуп, же өз партиясын түзөт болуш керек деп жазышууда.

Кайым айтышка депутаттар да кошулду. Парламенттин аткаруу кеңешинин мүчөсү Дегхан Ирандын президентин Владимир Путинчесинен бийликте калууну самайт деп күнөөлөдү.

Путин Орусиянын президенти болуп эки мөөнөт иштегенден кийин бир мөөнөткө Медведев менен алмашып, өкмөт башчысы боло калып, азыр кайра президент болуп иштеп жатат.

Дегхан бийлигин сактап калуу үчүн Ахмединежад кимди колдоноорун атаган жок. Бирок ирандык Медведев деп президенттин жакын жардамчысы жана кеңешчиси Эсфандияр Рахим Машаеден шексингендер бар. Апта башында бир нече интернет сайттар Машаенин «келечек өкмөт Ахмединежаддын жана анын айланасындагы тар чөйрөнүн колунда болот» деп айтканын жазып чыгышты.

Сайттардын жазышынча, "мен даяр экенимди айттым. Ахмединежад мырза мени (шайлоого) катышууга көндүрдү. Катышайын деген оюм бар" деген Машае соңку жыйындардын биринде.

Эгер Ирандын президенти чындыгында эле бийликте калуунун айла-амалын издеп жаткан болсо, экс-депутат Али Мазруей "Азаттыкка" Ирандын диний жол башчысы Али Хаменейи менен жакын болуп жүрүп, кийин араздашып кеткен Ахмединежаддын көздөгөнүнө жетээри күмөн дейт:

– Азыркы шартта бардыгы Аятолла Хаменейинин колунда. Эгер бир нерсе өзгөрсө, Хаменейи да, Ахмединежад да куру жалак калат.

Ирандын Билермандар жыйынынын төрагасы Аятолла Махдави Кани да келечек президенттик шайлоодо өкмөттүн талапкери жеңип чыгарында кепилдик жок экенин белгиледи.