Украина менен Орусия камактагы жана барымтадагы жарандарын алмашууну 30-августка караган түнү баштаганы кабарланууда. Анын алкагында Орусияда кармалып турган украиналык моряктар өлкөсүнүн аймагына жеткирилгени, мындан сырткары орус түрмөсүндө камакта отурган украиналык режиссёр Олег Сенцов дагы мекенине учак менен жөнөтүлгөнү айтылып жатат.
Ошол эле учурда Украина Москва менен туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр уланып жатканын маалымдады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өкүлү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги Украинада кармалып турган орус жарандарынын адвокатына таянып, ал адамдар учурда тергөө абагында кармалып турганын жазып жатат.
Ага чейин Орусияда камакта жаткан 24 украин деңиз кызматкеринин биринин тууганы “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна алардын баары бошотулганын кабарлаган.
Бир аз мурда Украинанын жаңыдан баш прокурорлугуна дайындалган Руслан Рябошапка Жогорку Раданын кызматкери Анна Исламованын “Моряктар, Сенцов, Карпюк, Балух, Гриб үйлөрүнө учуп келе жатат” - деген билдирүүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына бөлүшкөн.
Ал эми Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү “барымтадагыларды алмашуу жараяны башталганын жана туура эмес маалымат таратпай турууну” "Фейсбукка" жазып чыкты.
Сенцов жана Вышинский
2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алганын катуу сындаган украиналык режиссёр Олег Сенцов ошол жылы камакка алынып, 20 жылга соттолгон. Ал Украинадагы орусиялык туткундарга алмаштырылышы мүмкүн экени айтылып жатат.
Орусиялык ТАСС жана "Интерфакс" агенттиктеринин жазышынча, украиналык режиссёр Олег Сенцов Ямало-Ненецк автоном округунун Лабытнаги түрмөсүнөн Москванын “Бутырка” деген ат менен белгилүү №2 тергөө абагына 30-августта жеткирилди. Башка бир маалыматтарда режиссёр борбор калаанын "Лефортово" түрмөсүнө алынып келинген.
Олег Сенцовдун Москвага алып келгени тууралуу маалымат бир күн мурда Украинада орусиялык журналист Кирилл Вышинскийдин бөгөт чарасы каралып, эч кайда кетпөө тилкаты менен тергөө абагынан чыгарылган учурда болуп отурат.
Мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин Украинадагы башчысы Кирилл Вышинский 2018-жылы майда «мамлекеттик чыккынчылык» үчүн айыпталып кармалган.
Азырынча так ырасталбаган маалыматтарга караганда, Орусия менен Украина Сенцов менен Вышинскийди башма-баш айырбаштоого ниеттенип жатат.
Украиналык режиссёрдун апасы Людмила Сенцова 29-августта «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна уулу менен ушул айда сүйлөшпөгөнүн билдирди. Анын айтымында, уулу ар дайым айдын акырында сөзсүз бир ирет телефон чалып, апасынын ал-акыбалын сурап 20 мүнөт сүйлөшчү. Акыркы жолу алар 28-июлда сүйлөшкөн, андан кийин Сенцов апасына телефон чалган эмес. Бул жагдай "Олег Сенцов Москвага жеткирилди" деген маалымат чыккан кезге туш келүүдө.
Людмила Сенцова 12-августта уулунан туулган күнүнө карата открытка алганын, анда “Мага ишенип коюңуз, биз жакында алмаштырылабыз” деген жазуу болгонун кошумчалады. Энесинин айтымында, ал азыр уулу кайда экенин билбейт.
Дагы караңыз Москва менен Киев туткундарды алмашатУкраиналык кинорежиссёр аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Ал Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланышына ачык каршылыгын билдирген. Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.
Былтыр Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылган Сенцов абакта 145 күнгө созулган ачкачылык жарыялаган. Европа парламенти 2018-жылдагы Сахаров сыйлыгын Сенцовго - дүйнөдө адам укуктарын коргоого “өзгөчө салым кошкону үчүн" ыйгарган.
Батыш мамлекеттери жана эл аралык укук коргоо уюмдары орус бийлигин Сенцовду бошотууга чакырып келе жатышат. Ал эми “Мемориал” укук коргоо тобу аны "саясий туткун" деп жарыялаган.
Туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүү
Акыркы жумаларда Киев менен Москвада туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн. Киев менен Москва ар бири, өз тарабынан 33 туткунду алмаштырууга даярданып жатканы кабарланган.
Алардын арасында, өткөн жылдын соңунда орус аскерлери тарабынан кармалган украин моряктары да болушу мүмкүн.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн жумада “туткундарды алмашуунун биринчи жыйынтыгын жакын арада көрө турганына” ниеттенип турганын билдирген.
Украинадагы оппозициялык саясатчы, Кремлге ымалалаш ишмер Виктор Медведчук 29-августта туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын ырастады.
"Мен ушундай сүйлөшүүлөр уланып жатканын билем. Бирок акыркы чечим жок. Мындан тышкары, сиздер айтып жаткан Сенцовдун мамилеси чечиле элек", - деди Медведчук.
Киев Орусиянын аймагында украиналык 150 жаран туткунда экенин кабарлап келет.