Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:04

Сенцов Москвадагы түрмөгө которулганы кабарланды


Орусиялык эки агенттик украиналык режиссер Олег Сенцов алыскы Ямал-Ненецк аймагындагы түрмөдөн Москвага которулганын маалымдады. ТАСС жана «Интерфакс» атын атабаган булакка таянып, Сенцов баш калаадагы «Бутырка» деген аталыш менен белгилүү тергөө абагына жеткирилгенин 29-августта жазышты.

Мурунку күнү Украинанын соту орусиялык журналист Кирилл Вышинскийди камактан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган. Киев менен Москва абактагы жарандарын айырбаштоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келатышканы буга чейин маалымдалган.

2014-жылы Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннексияланышына ачык каршы чыккан Сенцов «Террорчулук» беренеси боюнча коюлган айыптардын негизинде 20 жылга кесилген. Ал өзү жана колдоочулары дооматтарды четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG