Батыш, АКШ жана Орусия айырбаштаган туткундар кимдер?

Орусия, АКШ жана бир катар өлкөлөр туткундагыларды алмашты. 16 адамдын ичинде "Азаттыктын" журналисти Алсу Курмашева, Wall Street Journal басылмасынын репортеру Эван Гершкович, Мичиган университетинин корпоративдик коопсуздук кызматынын башчысы Пол Уилан бар. Баары коюлган айыпты четке каккан.

Андан тышкары сегиз орусиялык үйүнө кайтат. 1-августта абактан бошотулгандар дипломатиялык аракеттердин натыйжасында айырбашталды.

Орусияда камакка алынгандар

Эван Гершкович

Wall Street Journal басылмасынын репортёру Эван Гершковичти 19-июлда Екатеринбургдун соту тыңчылыкка айыптуу деп таап, 16 жылга эркинен ажыраткан. Ал өзү жана анын иш берүүчүсү, ошондой эле АКШ өкмөтү бул айыпты саясий негизде деп четке каккан.

32 жаштагы журналист 2023-жылы Екатеринбургга журналисттик иши менен барган кезде камакка алынган.

Эван Гершкович

Тышкы иштер министрлигинен аккредитация алып The Wall Street Journal басылмасынын Москва бюросунда иштеген Гершкович жашыруун маалыматтарды алууга аракеттенген деп айыпталган. Ал Орусияда тыңчылыкка айыпталып соттолгон америкалык биринчи журналист.

Өткөн айда аны прокурорлор ЦРУдагы иши үчүн айыпташкан. The Wall Street Journal Journal айыпты четке кагып, жасалма иш токулганын айтып чыккан.

Лефортово түрмөсүнө камалган Гершкович расмий түрдө мыйзамсыз кармалган деп таанылган.

Владимир Кара-Мурза

Оппозиция активисти жана мурдагы журналист Владимир Кара-Мурза эки жолу өлүмдөн калган. АКШ бийлиги аны "атайылап ууландырылган" деп тааныган.

Ал Орусиянын Украинага кол салуусун катуу сындап, бул үчүн мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, 25 жылга соттолгон.

Кара-Мурза АКШ Конгрессинин өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, Американын Орусияга карата саясатына таасир эткен.

Владимир Кара-Мурза

Эскертүүлөргө карабастан Кара-Мурза саясий ишмердигин улантуу үчүн чет өлкөдөн Орусияга кайтып келген. 2022-жылы апрелде, Орусия Украинага кол салгандан эки ай өткөндө ал Москвада полицияга баш ийбегени үчүн кармалган.

Ошол эле жылы прокуратура аны мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, 2023-жылы апрелде ал 25 жылга эркинен ажыратылган. Аны Сибирдеги Омск регионунда катаал режимдеги түзөтүү мекемесине айдашып, ал жерде бир кишилик камерада отурган.

Бошотулардан бир нече ай мурун тарапташтары оппозиция өкүлүнүн ден соолугу кескин начарлаганын билдиришкен. Ага Кремлдин башка каршылаштарына караганда эң узак жаза мөөнөтү берилген.

Алсу Курмашева

Алсу Курмашева, "Азаттыктын" Прагадагы татар-башкыр кызматынын редактору. 2023-жылы июнда Татарстандагы туугандарына жолугуу үчүн барганда кармалган.

Орусиянын жана АКШ жараны катары ал башында америкалык паспортун көрсөтпөгөнү үчүн айыпталып, кое берилген жана өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Алсу Курмашева

Ошол эле жылы октябрда аны камакка алышып, жарандык коомго каршы мыйзамдын негизинде "чет элдик тыңчы" катары каттоодон өтпөгөнү үчүн айып тагылган.

Кийинчерээк ал орусиялык аскерлер жөнүндө "фейк" маалыматтарды таратууга айыпталган, алдын ала маалыматта буга анын Украинадагы согушка каршы чыккан орусиялыктар тууралуу китепти редакциялаганы себеп экени айтылган.

Быйыл 19-июлда Татарстандын Жогорку соту Курмашеваны күнөөлүү деп таап, жабык соттук териштирүүдөн кийин алты жарым жылга эркинен ажыраткан.

Пол Уилан

54 жаштагы Пол Уилан 2018-жылы декабрда кармалган. Ал Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин билдирген.

Пол Уилан

АКШнын мурдагы деңиз аскери, ошол кезде коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеген Уилан атайын операциянын алкагында ага тузак коюлганын, флешкада досунун эс алуу учурундагы сүрөттөрү бар экенин айткан. 2020-жылдын июнь айында Орусиянын соту аны тыңчылык боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыраткан.

Ал убактысынын көбүн Мордовиядагы түзөтүүчү колонияда өтөдү. Уиландын үй-бүлөсү жана АКШ өкмөтү анын соттолушун адилеттүүлүктү бурмалоо жана шылдыңдоо деп сыпатташкан. Бир эле учурда Кошмо Штаттардан сырткары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон Уиландын соттолушун Вашингтон айыптаган.

Илья Яшин

41 жаштагы Илья Яшин Путиндин режимине каршы нааразылык акцияларынын активдүү катышуучусу жана оппозициячыл саясатчы маркум Борис Немцовдун жакын өнөктөшү болгон. Яшин Немцов менен чогуу Донбасстагы согушка Орусиянын агрессиясы тууралуу баяндама даярдаган. 2015-жылы Немцов киши колдуу болгон.

Илья Яшин

2017-2021-жылдары Москва райондук кеңешинин төрагасы болуп иштеген жергиликтүү парламенттин депутаты Яшин 2022-жылдын декабрь айында Орусиянын Украинадагы "коркунуучтуу согушун" сынга алганы үчүн сегиз жарым жылга кесилген.

Илья Яшин орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу Ютубдагы каналында айткандан кийин эркинен ажыратылган.

Олег Орлов

71 жаштагы Олег Орлов Орусиядагы эң тажрыйбалуу жана кадыр-барктуу укук коргоочулардын бири, ал бул ишти совет доорунда эле баштаган.

Олег Орлов

Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Орусияда тыюу салынган "Мемориал" укук коргоо борборунун теңтөрагасы Орлов февраль айында орус армиясын "бир нече жолу каралаганы" үчүн күнөөлүү деп табылып, 30 айга абакка кесилген. Бул чечим июль айында күчүндө калтырылган.

Орлов Украинага каршы согушту айыптап, Орусия "тоталитаризмге кайра жылып баратат, бирок бул жол фашисттик" деп айткан макаласынан улам айыпталган.

"Украинада Путиндин режими баштаган кандуу согуш адамдардын массалык түрдө өлтүрүлүшү жана инфраструктураны, экономиканы жана маданий объектилерди жок кылуу, эл аралык укуктун негиздерин бузуу гана эмес, Орусиянын келечеги үчүн да олуттуу сокку болот", - деген Орлов.

Кевин Лик

Германиянын жана Орусиянын жараны болгон Кевин Лик 2023-жылы декабрда жабык соттук териштирүүдөн кийин мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмүн чыгарганда ал 18 жашта болчу.

Кевин Лик

Түндүк Кавказдын Адыгей аймагынын тургуну Лик жергиликтүү аскердик базаны сүрөткө тартып, аны чет элдик бийлик өкүлүнө электрондук почта аркылуу жөнөткөн деген негизде күнөөөлү деп тагылган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Ликти саясий туткун деп жарыялаган.

Александра Скочиленко

Александра (Саша) Скочиленко 33 жашта. Санкт-Петербургдун тургуну, сүрөтчү. 2022-жылы февралда Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй, ал дүкөндөрдөгү товарлардын баасы жазылган кагаздарды согушта өлгөн аскерлердин саны жазылган кагаздарга алмаштырып, Украинадагы согушту токтотууга чакырган акция уюштурган.

Александра Скочиленко

Анда Орусия "Мариуполдогу 400дөй адам баш калкалаган көркөм сүрөт мектебин бомбалады" деп айтылат. Дагы бир билдирүүдө "Путин 20 жылдан бери теледен силерге калп айтып келет. Бул калптардын натыйжасы – биздин согушту жана бейкүнөө өлүмдөрдү кабыл алууга даярдыгыбыз" деп айтылат.

Скочиленко 2022-жылы ноябрда Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган.

"Менин чоң атам Орусия фашисттик мамлекет болуп, Украинага кол салышы үчүн Экинчи дүйнөлүк согушта төрт жыл кан кечкен эмес", - деп жазган Скочиленко дүкөндөрдө жабыштырган кагаздардын бирине.

Соттогу акыркы сөзүндө ал мамлекет "эмнеге беш кичинекей кагаздан коркот?" деп кыйкырган.

Андрей Пивоваров

42 жаштагы Андрей Пивоваров мурдагы мунай магнаты жана бозгундагы оппозиционер Михаил Ходорковский тарабынан түзүлүп, кийин жоюлган "Ачык Орусия" демократиялык кыймылынын мурдагы аткаруучу директору.

Пивоваров 2021-жылдын май айында кармалган. Ал Санкт-Петербургдан Варшавага бараткан учактан токтотулуп, 2022-жылы июлда "жагымсыз уюмдар" тууралуу орус мыйзамдарын бузган деген айып менен төрт жылга кесилген.

Андрей Пивоваров

"Мемориал" долбоору Пивоваровду саясий туткун деп жарыялап, анын адилет соттук териштирүү укугу бузулганын билдирген.

Орусияда 2015-жылы "жагымсыз уюмдар" мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, мындай тизмеге кирген чет элдик булактардан, негизинен Европадан жана Кошмо Штаттардан каржыланган көптөгөн коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жана алар менен кызматташкан адамдар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ксения Фадеева

32 жаштагы Ксения Фадеева - мурдагы жергиликтүү депутат, Алексей Навальныйдын Томск шаарындагы башкы кеңсесинин мурдагы жетекчиси. Ал 2023-жылы декабрда экстремисттик топтун ишмердүүлүгүн уюштурган деген айып менен соттолуп, тогуз жылга эркинен ажыратылган.

Ксения Фадеева

Анын жактоочусу Семён Воднев судьянын чечимин "мыйзамсыз, негизсиз жана адилетсиз" деп сыпаттаган. Анын ырасташынча, Фадеева Навальныйдын уюму 2021-жылы экстремисттик деп жарыяланганга чейин эле байланышын үзгөн.

Май айында сот Фадееванын арызын четке кагып, июнда Томскинин бийлиги аны шаардык кеңештеги мандатынан ажыраткан.

Демури Воронин

Орусия менен Германиянын жараны, саясат таануучу Демури Воронин 2023-жылдын март айында Москва шаардык соту тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталып, 13 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

Воронин 2021-жылы Москвадан Берлинге учардан бир нече саат мурун кармалган. Иштин материалдары жашыруун болгон, бирок 2022-жылдын сентябрында 22 жылга эркинен ажыратылган журналист Иван Сафроновго каршы чыккынчылык ишинде Ворониндин аты да аталган.

Воронин Москвада белгилүү журналисттер менен кызматташкан консалтингдик компанияга ээлик кылган.

Патрик Шёбель

Немис жараны Патрик Шобель быйыл жыл башында Санкт-Петербургдагы Пулково аэропортунда кызматкерлер анын жанынан марихуана аралашкан момпосуй табылганын билдиргенден кийин камакка алынган. Баңгизат сактоо жана контрабандалык жол менен алып өтүү беренеси менен айыпталган Шобель Москвада түрмөдө отурган.

Орусиянын Федералдык Бажы кызматы Шобель суракта Германиядан Орусияга учакта тынч укташ үчүн 10 момпосуй алып келгенин айтканын билдирген. Момпосуйлар текшерилип, анын курамында тыюу салынган зат табылган.

Бажы кызматы жана Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Шобель жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу. Туткундарды айырбаштоо учурунда анын соту болгон-болбогону белгисиз эле.

Герман Мойжес

Герман Мойжес - Санкт-Петербургда жашаган немис жана орус жарандыгы бар юрист. Евробиримдикте туруктуу жашоого уруксат издеген орусиялыктарга колдоо көрсөткөн компаниянын өнөктөшү болгону кабарланган.

Герман Мойжес

Мойжес быйыл май айынын аягында Санкт-Петербургдагы велосипед тээп бараткан жеринен кармалган. Андан кийин мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып, Лефортово түрмөсүнө жөнөтүлгөн. Айырбаштоо учурунда анын соту болгон-болбогону белгисиз.

Лилия Чанышева

42 жаштагы Лилия Чанышева маркум оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын Башкырстандын борбору Уфадагы мурдагы штаб башчысы. Навальныйдын 2018-жылы президенттикке талапкерлигин коюу жана Владимир Путинге каршы чыгуу үчүн түзүлгөн уюм 2021-жылы "экстремисттик" деп табылган.

Лилия Чанышева

Уфа шаарынын Киров райондук соту Лилия Чанышеваны "экстремисттик коом түзгөн, экстремисттик ишмердүүлүккө ачык үгүттөгөн, адам укуктарын бузган уюмду пропагандалаган" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, жети жарым жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк облустун Жогорку соту анын алгачкы жазасы жеңил экенин эскертип, жаза мөөнөтүн дагы эки жылга узарткан.

Сот өкүмү чыкканга чейин "Азаттыкка" берген комментарийинде Чанышева өзүнө каршы козголгон ишти "саясий гана эмес, толугу менен абсурд" деп мүнөздөгөн.

2024-жылы февралда абакта шектүү жагдайда каза болгон Навальный өлүмүнөн 10 ай мурун сотто ага каршы көрсөтмө берген.

"Биз келечекте жете турган сулуу Орусия жөнүндө ойлонгула. Сизге жана сиздей адамдарга рахмат, биз муну жасайбыз. "Мен сизден бир секунд да шектенген эмесмин. Мен сизди тааныганыма абдан кубанычтамын. Сиз көптөгөн адамдарды шыктандырдыңыз", - деген Навальный.

Вадим Останин

47 жаштагы Вадим Останин орусиялык оппозициячыл маркум Алексей Навальныйдын Барнаул шаарындагы жергиликтүү штабынын мурдагы жетекчиси.

Вадим Останин

Ал 2021-жылдын декабрь айында камакка алынып, экстремисттик уюм түзгөн, жарандардын жеке турмушуна жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдун ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөткөн деп айыпталган.

Айыптар президент Владимир Путин жана анын жакын чөйрөсүнө, ошондой эле башка жогорку даражалуу орусиялык аткаминерлерге карата көптөгөн иликтөөлөрдү жарыялаган Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу тагылган.

2023-жылдын июль айында Останин Навальныйдын тарапташтары "мыйзамдуу саясий иш" деп атаган иштери үчүн тогуз жылга эркинен ажыратылган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Останинди саясий туткун деп жарыялаган.

Беларуста кармалгандар

Рико Кригер

Германиянын жараны, 30 жаштагы Рико Кригер июнь айында Беларуста өлүм жазасына кесилип, кийинчерээк ырайым кылынган. Лукашенконун кеңсеси кечирим берүүнүн себептери тууралуу кошумча маалымат берген эмес.

Кригердин ишинин чоо-жайы "Весна" укук коргоо уюму июнь айында жалданмачылык, терроризм, экстремисттик топ түзүү, унааны атайылап зыянга учуратуу жана ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттар менен мыйзамсыз иш алып баруу үчүн өлүм жазасына кесилгенин кабарлаганга чейин белгилүү болгон эмес.

Рико Кригер

"Веснанын" айтымында, ага "Калиновский полкуна", Украинаны колдогон беларус эмигранттарынын тобуна байланыштуу айып коюлган. "Калиновскийдин полку" бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

"Веснанын" маалыматына караганда, Кригер Берлинде төрөлүп, Германиянын Кызыл Крест коомунда фельдшер болуп иштеген. Анын кичинекей уулу Германияда жашайт.

Буга чейин ал Берлинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин коопсуздук кызматкери болуп иштеп, ал жерден аскер күчтөрүнүн катышуусунда коопсуздук операцияларын жүргүзүү үчүн тажрыйба топтогон. Андан кийин ал саламаттыкты сактоо тармагында чукул жардам көрсөтүүчү адис болуп эмгектенген.

ГЕРМАНИЯДА КАМАККА АЛЫНГАНДАР

Вадим Красиков

59 жаштагы Вадим Красиков Вадим Соколов деген ат менен белгилүү, ФСБнын мурдагы офицери, 2019-жылы Берлинде Чеченстандын мурдагы талаа командири Зелимхан Хангошвилинин өлүмү үчүн Германияда өмүр бою эркинен ажыратылган.

Вадим Красиков

Кезинде чечен жикчилеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвили 2019-жылы немис баш калаасында каза тапкан.

Бул кылмыш үчүн Вадим Красиков дароо кармалган. Журналисттер аны велосипед айдап келип, Хангошвилини артынан, билгизбей эки жолу атып, өлтүрүп кеткени үчүн "велосипедчен киллер" деп да атап коюшкан.

Ичкериянын эгемендиги үчүн күрөшкөн талаа командири Хангошвилини Орусия террорчулукка айыптап, ага издөө жарыялаган. Грузияда бир нече жолу кол салуу аракетине кабылган. 2016-жылы Германияда башпаанек алган.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Бирок орус президенти Владимир Путин анда Хангошвилини "мыкаачы, канкор" деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

2019-жылы Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Зелимхан Хангошвилини Москва метросундагы кайсы бир жардырууларга айыптап, анын тагдыры тууралуу маалыматы жок экенин айткан.

2021-жылы декабрда Берлин соту Красиковду адам өлтүрүүгө айыптуу деп тапкан жана аны мөөнөтүнөн мурда бошонуу укугу берилбейт деген шарт менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Сот бул кылмыш үчүн жоопкерчиликти Орусиянын бийлигине жүктөп, окуянын өзүн "мамлекеттик террор" деп да атаган.

2022-жылдын июнунда жана декабрында Орусия Красиковду айырбашталуучулар тизмесине кошууга аракет кылган.

Красиков 2021-жылдан бери Германиянын абагында жазасын өтөп жатат.