Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Стивен Капус: Журналист Алсу Курмашеванын бошотулушун кубаттайбыз


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусияда негизсиз камалган кабарчысы Алсу Курмашева боштондукка чыгары тууралуу кабарды кубаттайт. Бул тууралуу 1-августта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус билдирди:

«Биз Алсу Курмашева жакын арада бошотулары тууралуу кабарды кубаттайбыз жана АКШ өкмөтүнө, Орусиянын ага карата адилетсиз мамилесин токтотуу үчүн талыкпай аракет кылгандардын баарына ыраазыбыз. Алсу Курмашева Орусиядагы үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү гана аракетин жасаган америкалык журналист болгону үчүн куугунтукка кабылды. Ал жаман эч нерсе кылган эмес жана албетте, адилетсиз мамилеге, сүйүктүү үй-бүлөсүнөн, кесиптештеринен мажбурлап ажыратууга татыктуу эмес. Алсу Курмашеванын бошотулушу бизди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Беларуста жана Орусия оккупациялап алган Крымда ырайымсыздык менен камакка алынган дагы үч кабарчысынын эркиндигин камсыздоо аракетибизди мындан да чечкиндүү кылат. Адилетсиз камалган журналисттерибиздин баары үйүнө аман кайтмайынча токтобойбуз. Журналистика кылмыш эмес".

Орусия соту тогуз айдан бери камакта отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеваны 6,5 жылга эркинен ажыратканы 22-июлда белгилүү болгон. Татарстандын Жогорку сотунун расмий сайтына Курмашева «орус аскерлери жөнүндө жалган маалымат таратууга» айыптуу деп табылганы тууралуу маалымат жарыяланган.

"Мемориал" укук коргоо долбоору Курмашеваны саясий туткун деп жарыялаган. "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Курмашева адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырган. Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус 1-августта: "Биз адилетсиз камакка алынган саясий туткундардын баары, өзгөчө Алсу Курмашева жана Эван Гершкович сыяктуу журналисттер өз жакындарына кайтарылат деп үмүттөнөбүз", - деген билдирүү тараткан.

"Радионун темир тор артында адилетсиз кармалып турган дагы үч – Беларустагы эки жана Орусия көзөмөлдөгөн Крымдагы бир журналистине "биз силерди унуткан жокпуз" деп айтабыз. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу силердин камактан бошотулуп, үй-бүлөңөргө кайтууңарга жетишүү үчүн колдон келгендин баарын жасайт», - деп да белгилеген.

Бир нече америкалык жана британиялык жалпыга маалымдоо каражаты Орусия, АКШ жана башка өлкөлөр ортосунда камактагы жарандарын айырбаштоо боюнча ири жараян жүрүп жатканын жазууда.

Орусиянын абактарында отурган кеминде тогуз орусиялык активист жана АКШнын бир жараны чукул арада башка жакка которулганы жана ошол эле учурда АКШнын түрмөлөрүндө отурган айрым орусиялыктар абактын маалымат базасынан көрүнбөй калганы соңку күндөрү кабарлана баштаган. Мындан улам Орусия, АКШ жана башка европалык мамлекеттер ортосунда камактагыларды айырбаштоо тууралуу сүйлөшүү башталганы кабарланган.

Расмий комментарий азырынча эч бир өлкөдөн боло элек, бирок талдоочулар бул «кансыз согуштан» берки эң ири айырбаштоо болорун боолгоп жатышат.

Орусияда оппозиционер саясатчылар Владимир Кара-Мурза жана Илья Яшин кайсы жакта экени белгисиз болуп жатканын алардын адвокаттары жана жакындары айтууда. Орусияда камакта жаткан АКШ жараны, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан кайда экени белгисиз экени 31-июлда айтылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы Андрей Кузнечикти Беларустун атайын кызматы 2021-жылы 27-ноябрда кармап кеткен, жарым жылдан кийин ал "экстремисттик уюм негиздеген" деп айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун беларус кызматынын медиаконсультанты, блогер Игорь Лосик 2021-жылы декабрда 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген.

Орусия аннексиялап алган Крымдын соту “Крым.Реалии” сайтынын штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенкону 2022-жылы февралда алты жылга абакка кесип, айыппул салган.

Орусияда «тыңчылыкка» айыпталып кармалган, бир жылдан ашуун убакыттан бери камакта отурган америкалык журналист Эван Гершкович 18-июлда күнөөлүү деп табылып, аны 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG