Румыния парламенти евробиримдикчил өкмөттү бекитти

Флорин Кицу румын парламентинде суроолоорго жооп берүүдө. 2020-жылдын 23-декабры.

Банк адиси, экономист, доктор Флорин Кицу Румыниянын 69-премьери болуп калды. Ал жетектеген батышчыл коалициялык өкмөт 23-декабрда ант берди.

Борбордук Европадагы пост-коммунисттик Румыниянын парламенти 23-декабрда жаңы өкмөттү бекитти. АКШда таалим алган банкир Флорин Кицу жетектеген чордончул-оңчул коалициялык жаңы өкмөт Европа Биримдигин, Батышты жактаган нукту карманмакчы.

Парламенттин 260 мүчөсү коалициялык өкмөттү жактап, 186сы каршы добуш беришти.

Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү Кицунун коалициялык өкмөтүнө каршы добуш беришти. 2020-жылдын 23-декабры.

Мурда каржы министри болуп иштеген Флорин-Василе Кицу (Florin-Vasile Cîțu) өз өкмөтү коронавирус илдетинин залакаларын жеңүү жана учурдагы экономикалык кыйынчылыктардан өлкөнү чыгаруу үчүн бар аргасын жасайт деп убада берди:

“Менин өкмөтүм эки башкы милдетти аркалайт: саламаттык сактоо жаатындагы кризистен чыгуу жана экономиканы кайра өз нугуна салуу”, – деди Кицу мырза.

Дагы караңыз Румыния: Бийликтеги либералдар менен социалист каршылаштары шайлоодо куйрук-улаш келишти

Улуттук Либералдык партиянын буга чейинки азчылык өкмөтүндө каржы министри болгон 48 жаштагы Кицу (ал 1972-жылы 1-апрелде туулган) 2001-жылы америкалык Айова университетинде макроэкономика жана эл аралык экономика жаатында докторлук диссертациясын жактаган экономист адис.

Кицу мырза 2001–2003-жылдары Жаңы Зеландиянын Резерв банкында экономист болуп иштеген. Ал эми 2003–2005-жылдары ал Европа инвестиция банкында иштеп турган.
Андан соң ал 2011-жылга чейин банк ишмердиги менен алектенген нидерланддык “ING Group” каржы конгломератынын Румыниядагы бөлүмүндө капиталдык салымдар жаатында банкир болуп иштеген.
2019-жылдын 4-ноябрынан 2020-жылдын 9-декабрына чейин Кицу мырза Румыниянын коомдук каржы министри болуп иштеп келди.

Румыниянын жаңы өкмөт башчысы Флорин Кицу өз өкмөтүнүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын парламентте атап берди. 2020-жылдын 23-декабры.

Жаңы өкмөттүн антын ушул эле шаршемби күнү президент Клаус Йоханнис кабыл алды.

Быйылкы 6-декабрдагы парламенттик шайлоодон соң, Улуттук Либералдык партия 2019-жылы түзүлгөн Ю-Эс-Ар-Плюс ынтымагы (USR-PLUS Alliance) жана өлкөдөгү мажарлардын партиясы менен биргелешип, коалициялык өкмөт түзүүгө жетишти.

Алардын атаандаштары – мурдагы коммунисттердин солчул уюму болгон Социал-демократиялык партия шайдоодо эң көп добуш алганына карабастан, коалициялык шерик таба албай, оппозицияда калды.

Дагы караңыз Румыния коронавирус алааматынын шартында жаңы парламентин шайлоодо

Жаңы коалициялык өкмөт сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылууга, жемкорлукка каршы иш-аракеттерди чамдатууга, бир катар олуттуу демократиялык реформаларды жүзөгө ашырууга убада кылууда.

Кицу жетектеген коалициялык өкмөт мүчөлөрү ант берген соң. 2020-жылдын 23-декабры.

Румынияда жыл башынан бери 604 251 киши коронавирус илдетине чалдыккан, 516 423 киши айыккан; алааматтуу илдеттин айынан 14 766 киши өмүрүнөн айрылган. (23.12.2020 карата маалымат).

Румынияда коронавируска каршы алгачкы эмдөө аракеттери 2020-жылы 27-декабрда башталмакчы.