Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Румыния коронавирус алааматынын шартында жаңы парламентин шайлоодо


Румындар добуш берүүдө. 2020-жылдын 6-декабры.
Румындар добуш берүүдө. 2020-жылдын 6-декабры.

Жекшембиде румындар парламенттик шайлоо өткөрүүдө. Анда коронавирус алааматын тизгиндей албады деп коомчулукта сынга кабылып жаткан европачыл либералдар бийликте калабы, же жокпу? деген башкы маселе аныкталмакчы.

6-декабрда Румынияда сенаторлор менен депутаттар шайланууга тийиш. Улуттук либералдык партия мурдагы социал-демократтар партиясынан өкмөттүк тизгинди алганына бир гана жыл болгон. Социал-демократтардын өкмөтү жемкорлук боюнча улам жаңы жаңжалдын жана коомчулуктун нааразылык аракеттеринин айынан бийликтен кеткен болчу.

Румыниянын өкмөт башчысы Людовик Орбан добуш берди. 2020-жылдын 6-декабры.
Румыниянын өкмөт башчысы Людовик Орбан добуш берди. 2020-жылдын 6-декабры.

Соңку коомдук сурамжылоолорго караганда, премьер-министр Людовик Орбан жетектеген Улуттук либералдык партия өз атаандаштары – социал-демократтардан бир аз гана озуп келди.

Коронавирус алааматынын жана саясатчыларга ишеним

дин аздыгынын айынан шайлоочулардын болгону 40 пайыздайы гана добуш бериши ыктымал деген жоромолдор бар.

Жекшембиде добуш берген соң, өкмөт башчы Орбан бардык шайлоочуларды “өзөккү мааниге ээ” шайлоого катышып берүүгө үндөдү. Эрежелерди сактаган учурда эч бир шайлоочу шайлоо тилкесинде COVID-19 илдетине чалдыкпай турганын Орбан кошумчалады.

Ал эми Румыниянын азыркы президенти, Орбандын партиялашы Клаус Йоханнис Бухаресттин чет жакасында добуш берип жатып: “Бул – румындардын көйгөйлөрүн жакшыраак чече ала турган жана Румыния үчүн жакшыраак мыйзамдарды кабыл алууга кудуреттүү болгон мыктыраак парламентти шайлоонун тарыхый күнү”, – деп баса белгиледи.

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис добуш берүүдө. 2020-жылдын 6-декабры.
Румыниянын президенти Клаус Йоханнис добуш берүүдө. 2020-жылдын 6-декабры.

Евробиримдиктеги эң жакын мүчө өлкөлөрдөн болгон Румыния саламаттык сактоо системасынын начардыгына, мыкты дарыгерлердин өлкөдөн кетип калганына жана жемкорлукка карабастан, быйыл жаз айларында коронавирустун алдын алуу жагынан мыкты көрсөткүчкө жетишкен. Өкмөт эки айлык карантинди чукул киргизүүгө, обочолонуу режимин сактоого жетишкен. Бул ийгилиги үчүн өкмөт алкоого татыган.

Бирок күз айларында коронавирустун жаңы толкунунун эпкини күчтүү болду. 6-декабрдын таңына карата Румынияда бул илдетке 508,345 киши кабылды (алардын 399,207 кишиси айыкты), бул илдеттен жалпы өлгөндөрдүн саны 12,186 кишини түздү.

Оппозиция экинчи ирет катаал карантин жарыялабастан, илдеттин тез жайылышына жол койду деп өкмөттү айыптап чыкты.

Орбандын өкмөтү болсо сентябрдагы жергиликтүү шайлоолор дурус эле өткөнүн белгилеп, өз турумдарын жактоодо.

Бийликтеги Улуттук либералдык партиянын лидерлери мурдагы коммунисттик партиянын мураскору болгон Социал-демократиялык партия парламентте кайрадан көпчүлүк добушка ээ болсо, анда эски жемкорлук аракеттер күчөйт, ошондуктан жекшембидеги шайлоого жандуу катышыңыздар деп шайлоочуларды үндөп келди.

Румындар коррупцияга каршы митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

Шаарларда салыштырма аз добуш алышы ыктымал болсо да, Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү айрым элет жерлеринде жергиликтүү жаңы байларга таянып, өз турумун бекемдеп келди.

Румыниянын азыркы өкмөтү жалпысынан Евробиримдикке берилген бойдон кала берип келет, анын АКШ менен алакалары да жакшы.

Орбан менен Йоханнис бул президенттик-парламенттик өлкөдө жаңы реформаларды ырааттуу улантабыз деп убада беришүүдө. Бирок алардын атаандашы – социал-демократтар өлкөнүн бардык жактарында партиялык уюмдардын тармагын эски доордон бери үзүрдүү сактап калган кубаттуу атаандаш бойдон кала берүүдө.

Социал-демократтардын 53 жаштагы жаңы лидери Марчел Чолаку (Marcel Ciolacu) эски жетекчиликтин таасиринен оолактап, жаңы багытты табууга умтулуп келет. Ал “Румыния үчүн чыныгы вирус – бул улуттук либерал партия”, – деп билдирди жана бул партиянын өкмөтүн "иштин көзүн билбейт", деп жакында айыптады.

6-декабрдагы шайлоодо 19 миллиондой шайлоочу Румыниянын 136 сенаторун жана 329 депутатын шайлоого тийиш. Шайлоо тилкелери жекшембиде кечки саат 9:00да (Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00де) аяктайт.

Батыш Европа өлкөлөрүндө жүргөн 4 миллиондой мигрант румындар да добуш беришет. Алар салттык түрдө социал-демократтарга каршы добуш берип келишкен.

XS
SM
MD
LG