Рок-н-ролл менен кыргыз элдик кайрыктарда кандай окшоштук бар? Рок музыкасы адамды эмнеси менен өзүнө тартып турат? "Азаттык" бул агымга арбалган айрым музыканттар менен баарлашты.
"Рок деп жашап келем"
Чынтемир Акбарали уулу рок музыкасын алга сүрөп келаткан жаш музыканттардын бири.
Ал Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп жүргөндө достору менен The Dreamers аттуу топ түзгөн.
Он жыл ичинде чыгармачыл топ жети чыгарма жаратып, төрт видеоклип тарткан.
"15 жылдай мурда болсо керек, Бишкектеги "Цеппелин" барында рокту жакындан уккам. Музыканы энергетикасы үчүн жактырып калдым. Сахнадагы бардык аспаптардын үнү мени арбап, жандүйнөмдү ээледи. Ошондон баштап рок менен жашоону чечтим".
The Dreamers долбоору таанылып калган кезде Чынтемир Акбараали уулу музыка айдыңында мурдагыдай көрүнбөй калды. Рокко баш-оту менен киришип, сахна артында даярдык көрүп жүргөндөй элес калтырган. Көп өтпөй хоррор жанрындагы (коркунучтуу) “Албарсты” тасмасынын саундтреги - “Жок” ырын жазганы белгилүү болду.
Чынтемир чыгармачылыктагы достору менен “Нукура” деген рок-музыка долбоорун баштады. Анда аткарууга оор чыгармалар тандалып алынгандай.
Долбоордогу "Өгүз" ыры анын башынан эле металл-рок багытынын күйөрманы экенин эске салып турат.
“Өгүз” - нукура металл багытында, тагыраагы, этно-металл жанрындагы чыгарма. Анда хард-рок, металл-панктын таасири, элементтери бар.
Сюрреализм деп койсок да болот. Сюрреалисттик көз карашта жазылган. Чыгарма абстрактуу угулганы менен бир ойду баяндап берет. “Өгүздүн” музыкалык видеосун тартуу да оор болду. Көптөгөн досторубуз, өнөктөштөр көмөк көрсөттү.
Учурда калган чыгармаларды жарыялап, жаздыруу үчүн демөөрчү издеп жатабыз. Жалпы угармандарга көбүрөөк тыныгып калгандай болдум окшойт. Аракет кылып атып 2021-жылы кайрадан эки сингл жараттым. Анда 2020-жылдагы саясий окуялардан алган таасирлерим, сезимдерим кирди. Социалдык маселелерди көтөргөн ырлар болду".
Чынтемир заманбап кыргыз медиасын жеңил музыкага көбүрөөк ыктап кеткен деп эсептейт. Мындан улам рок багытына окшогон өзгөчө кайрыктар элге жетпей жатат деп ойлойт.
"Биздин телеканалдар, радиолор рок, жазз, альтернативдик багыттагы чыгармаларды аз чагылдырат. Музыкалык радиолордон таптакыр эле жаңырбайт. Дүйнөдө рок, рок-н-ролл токтоп калган жок, кайра жанданып, кайнап жатат. Акыркы жылдары рок кайрыктары трендге айланды. Рок фестивалдар уланып эле жатат. Биздин өлкөдө эле тыптынч. Жаңылыктарда бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Убагында дисктеримди көтөрүп алып бир топ радиолордун эшигин далай каккыладым. “Биздин формат эмес, макул угуп көрөбүз” деген шылтоолор менен эфирге кеткен жок. Биздин коом жеңил той музыкаларына жакын. Бирок ал музыкада социалдык темалар көтөрүлбөйт. Рок музыкасы Кыргызстанга чоң салым кошо турган убакыт келет деп ойлойм. Бир эле мисал, украиналык "Океан Ельзи" тобун карагыла. Аларды бир эле Украина эмес, бүтүндөй постсоветтик өлкөлөрдө жакшы таанышат. Жалаң өз эне тилинде ырдашат."
"Алгачкы гитарамды фанерадан жасагам"
Марат Бозганчиев кесиби боюнча дарыгер. Тынчтык корпусунда медициналык координатор болуп иштейт. Иш күнү аяктаган айрым кечтерде гитара чертет.
Бул жолу “Винтаж” барына келип, музыкант достору менен бирге кафенин конокторуна жумшак рок кайрыктарын тартуулады.
"Акыркы жылдары блюз-рокко ооп кеттим. Бул багыт өзүнүн туруктуу формасы, вокалы жана ыргактуу мелодиясы менен жагат. Бош убактымда көбүрөөк блюз-рок угуп калдым. Менимче, рокту тереңирээк карап көрүү керек. Рок менен кыргыз музыкасынын тамыры бирдей туюлат. Кыргыз күүсүн электрондук аспаптарда ойногондо рок музыкадан айырмасы жок болуп каларын байкадым. Комуз кайрыктарын гитарада ойноп көргөндө ритми да туура келип жатпайбы. Жакында эле “Кайрос” рок тобу менен “Ордо сахна” этно-фольклор тобу биргеликте “Үлкөр” музыкалык долбоорун сунушташты. Аябай сонун айкалышып калды".
Марат чарчап турса да күнүнө жок дегенде жарым саатын гитара черткенге бөлөт. Рок музыка менен алгач 1976-жылы өспүрүм кезинде таанышкан экен. Manfred Mann британ тобунун кайрыктарын азыркыга чейин угарын айтты.
"Анда гитара сатып алуу деген кайдан? Үйдөгү бар нерселерден өзүм гитара жасай баштадым. Муну көргөн чоң энемдин боору ооруган окшойт, ошол мезгилде Маданият министрлигинде иштеген алыс тууганыбызга айтып отуруп эски гитараны алдырып берген. Мен сүйүнүп акырындап үйрөнө баштадым. Ата-энем болсо гитара ойношума караманча каршы болушту. Мектептен кийин медициналык окуу жайга тапшырдым. Окууну бүткөндөн бери дарыгер болуп иштеп келем. Биринчи электр гитарамды Жапонияда атайын программа менен окуп жүргөн кезимде сатып алгам. Маркасы Ibanez болчу".
Кыргызча ырларга "тикенек" кошкон Денис
Музыкант Денис Колючий кыргыз эстрадасында көпчүлүк ырчылардын чыгармасына электр, соло же акустикалык гитаранын кайрыктарын кошуп ойноп жүрөт.
Гитараны колго алганда он жашта болчу. Рок кайрыктары кулакка тикенектей болуп угулгандыктан, аты-жөнүн каймана "Колючий" деген сөзгө алмаштырган.
Колючий эртеби-кечпи ар бир ырчы рок-н-роллго кызыгат деп үмүттөнөт.
"Кыргызстанды рок-н-ролл өлкөсү десем болот. Мисал катары алсак, Гүлзада Рыскулованы этно-поп ырчы дегенибиз менен акыркы ырларынын өзөгүн рок түзүп тургандай. Нурбек Сабитахуновдун акыркы альбому рок элементтери менен чыгарылды. Эртеби-кечпи ар бир ырчы гитара кайрыктарына, аны менен кошо рок музыкасына кайтат. Кыргызстанда рок агымынын келечеги алдыда деп ойлойм. Кыргызстандыктардын бетке айткан, ачык мүнөзү рок музыкасында да бар".
Гитаранын күүсүн кошуп, ыр жаздыргандар Денис Колючийди көп чакырат. Ал чыгармачылык чөйрөдөгүлөрдүн баары менен кызматташкысы келет. Айрыкча таланттуу, бирок элге анчейин тааныла элек жаштарга аяр мамиле жасап, колдоп келгенин мындайча түшүндүрдү:
"Жаңы чыгып жаткан жаш музыканттарга, жөн эле ырдап көргүсү келгендерге жардам бергим келет. Таанымал жылдызга караганда, Нарындан келип ырдагысы келген жаштарга кол сунуу мага маанилүүрөөк. Себеби алар - биздин келечек. Мен Кыргызстандын музыкасы үчүн күйөм".
Роктун башы Хейли
Советтик Кыргызстандагы “Назик”, “Наристе”, “Сезим” сыяктуу вокалдык аспаптык топтордун (В.И.А.) жандуу музыкасы, электргитара кайрыктарын эсепке албаганда чыныгы рок музыкасы Кыргызстанга 1990-жылдардын башында келе баштаган.
Ошол мезгилде орус рок агымынын таасири астында "Профессор Мориарти", "Рет-рок", Pishpek City сыяктуу бир катар командалар эл оозуна алынып, жада калса, ырлары телерадиодон жаңырып турган. Кийинчерээк, орус тилдүү рок топтордун катары кыйла калыңдаган. Алардын айрымдарын Бишкектеги “Цеппелин” жана “Леприкон” рок-барларында азыр да угууга болот.
Дүйнөдө жыл сайын 13-апрелде рок-н-ролл күнү (World Rock-n-roll Day) белгиленет. Бул күн 68 жыл мурда 1954-жылы америкалык музыкант Билл Хейли "Күнү-түнү рок" деген чыгармасын жарыялаганына байланыштуу тандалып алынган. Окуя ошол мезгилдеги жаңы музыкалык агым үчүн бурулуш болгон. Хейлинин чыгармалары тездик менен АКШдан сырткары аймактарга тарап аз убакытта болуп көрбөгөндөй күйөрман чогулткан.
Кийинчерээк Элвис Пресли менен британиялык “Битлз” тобу бул жанрды ого бетер көтөргөн.
1960-жылдардын аягы менен рок айдаңында Rolling Stones, 1970-жылдары Pink Floyd, Deep Purple, Led Zeppelin, Black Sabbath топторду суурулуп чыккан. Алар кадимки атактуу эстрадалык ырлардан баштап психоделикалык багыттагы чыгармаларды жараткан. Музыкалык сынчылар бул он жылдыкты рок маданиятынын "алтын доору" деп атап жүрөт.
Британиялык Pink Floyd рок-тобу 1994-жылдан бери биринчи жолу Hey Hey Rise Up аттуу ырын жазды. Топтун курамы синглди сатуудан түшкөн акчанын баары Украинага гуманитардык жардамга жумшаларын жарыялады.