Сиз булак Жерди тешип, көзү ачылган учурду; Жер жарылып, аскар тоо кандай көчкөнүн; Жанар тоо балбылдап жанып, өпкөдөй былкылдаган суюк масса жерди кантип каптаганын; жылгаалардан жарыша кыян жүргөнүн көрдүңүз беле? Эгер көрбөсөңүз, мунун баарын көз алдыңызга элестеткенге улуу немис композитору, виртоуз-органчы Иоганн Себастян (орусча - Себастьян) Бахтын орган аспабында эң көп ойнолгон "Токката жана Фуга де-минордо" (Toccata and Fugue in D Minor) чыгармасы дем берет, укканды шыктандырат.
"Токката жана Фуга де-минордо"
"Токката жана Фуга ре-минордо" аткарылгандагы органдын керемет үнүн желим пластинкадан эмес, Бах заманындагыдай жагдайда - чиркөөдө угуу үчүн - совет заманында чоңойгон менин муунумдагы музыка сүйүүчүлөр Литванын борборундагы Rīgas Doms жамы чиркөөсүнө (кафедралдык соборуна) барчубуз. "Кудайдын үйү" деп аталган бул чиркөөдө "Токката жана Фуга ре-минордо" чыгармасынын артынан Бахтын дагы бир залкар чыгармасы - "Пассакалия жана Фуга до-минордо" (Passacaglia c-moll BWV 582) эмгеги ойнолчу.
Иоганн Себастян Бах 1685-жылы 21-март күнү бүгүнкү Германиянын жашыл жүрөгү катары белгилүү Түрин жериндеги Эйзенах шаарында туулган.
Ал кезде бүгүнкү Германия 300 чакан ээликке (бектикке) бөлүнүп, Ыйык Рим империясына баш ийген. А бектиктер болсо Рим Папасы дайындаган герцогдор менен епископтор тарабынан башкарылган.
Улуу композитордун өмүрү бүгүнкү чен менен алганда кыска болгон: ал Лейпцигде 1750-жылы 28-июлда 65 жашында дүйнө салган. Бирок анын мурасы - өз доорундагы бардык музыка жанрларына таандык 1000ден ашуун чыгармасы.
Бах опера гана жазган эмес. Иоганн Себастян Бах тууралуу аңгемесин чехиялык педагог-музыкант Вера Стракова "Бахтын чыгармалары, адистер тарабынан, музыка өнөрүнүн барокко жанрын жалпылап, туу чокусуна чыгаруу катары түшүндүрүлөт; анын чыгармаларында полифония жетер чегине жеткирилген", - деп баштады:
- Дүйнөдө Бах музыканын атасы деп таанылган. Анын заманында Гендел жана Люлли сыяктуу үлкөн композиторлор болгон. Бирок алардын бири дагы музыканын өнүгүүсүнө Бахтай чоң салым кошпогон.
Бах жашаган XVII кылымда музыка жалаң чиркөөлөрдө аткарылган. Ал мезгилде дүниябий музыка жок болгондуктан, эл музыканы чиркөөдө уккан.
Бах - динзар протестант жана чиркөө үчүн музыка жазган. Ал чиркөө үчүн жазылчу музыканын деңгээлин абсолюттук бийиктикке чыгарат. Бүгүнкү тил менен айтканда, Бахты өз доорунун поп жылдызы же XX кылымдын Майкл Жексонундай рок жылдызы деп айтаар элем. Себеби, Иоганн Себастян Бах өз учуру үчүн таптакыр жаңы музыканы жаратат.
Бирок ал тирүү кезинде эле анын полифониялык чыгармалары картайды, модадан чыкты деп сөз боло баштаган. Анткени XVIII кылымда дүниябий музыка жарала баштаган.
Бахтардын тукуму XVI кылымдын башынан тартып эле музыканттар катары немис жеринде белгилүү болгон.
Анын атасы Иоганн Амброзиус 6000 калктуу Эйзенахтагы чиркөөдө музыкалык оюн-зоокторду уюштуруучу капелмейстр болуп иштеген.
Ал кезде музыка чиркөөдө аткарылыгандыктан, диний жетекчилик жергиликтүү аристократтар менен чогуу музыканттарды каржылап турушкан.
Иоганн Себастян Бахтын тушунда эле Бах деген тегаты бар аттуу-баштуу 50дөн ашык музыкант тууганы жашаган.
Ал ата-энесинен сөөгү ката элек жаш курагында ажырап, органчы улуу агасынын колунда тарбияланат. 1703-жылы үч жылдык музыкалык мектепти бүткөндөн кийин жаш Бах Веймардын герцогу Иоганн Эрнсттин сарайында музыкант кызматына алынат.
Жарым жылга айланбай Бахтын теңдешсиз аткаруучулук таланты тууралуу эл ичинде кеп тарайт. Буга байланыштуу бир уламышты угуп койсок артык болбос.
- Бах кембагал мугалимдей кийинип алып, коңшу кыштакка барып, бей-бечара кейиптенип, чиркөөнүн кастелянынан органда ойноо үчүн уруксат алчу экен. Ал кезде мугалим азыркыдай сыйда кийинген эмес.
Анан Бахтын ойногонун уккан адамдар органдын арбагандай кубаттуу ыргактарынан коркуп качышчу экен. Себеби шайтан өзү келип, органда ойноп жатат деп ойлошкон. Анткени карапайым киши органда мынчалык жакшы ойной албайт деп угармандар ойлошкон.
“Жакшы күүлөнгөн клавир" - музыканттардын алиппеси
Бахтын дагы бир уникалдуу чыгармасы “Жакшы күүлөнгөн клавир" (немисче Das wohltemperierte Klavier) түрмөгү.
Бул түрмөк клавирлүү (клавишалуу) аспаптарды үйрөнүүчүлөр жана аткаруучулардын жаншерик алиппеси саналат.
Улуу немис акыны, ойчул-философ Иоганн Волфганг Гёте 1827-жылы 21-июнда “Жакшы күүлөнгөн клавирди” алгач эшитип, минтип жазат:
“Менде азыр түбөлүктүү Гармония өзү менен өзү сүйлөшкөндөй сезим жаралды. Эгемдин көкүрөгүндө дүйнөнү жараткандан оболу, балким, дал ушундай сезим болгондур. Менин уйгу-туйгу болгон жаным ушунчалык толкундады деңиз, мага не кулагым, не көзүм, не башка сезүүчү органдарым жоктой туюлду. Алардын кереги да жок болчу”.
- Бахтын уникалдуулугу - анын музыкасы көп кырдуу экенинде. Ал музыканын тарыхында биринчи жолу бардык тоналдуулуктарды камтыган “Жакшы күүлөнгөн клавир" (немисче Das wohltemperierte Klavier) ” түрмөгүн жаратты. Бул жыйнак эчендеген жолу кайра басылды жана дүйнөнүн бардык музыкалык окуу жайларында ойнолот.
Аны ойногондо фортепианонун бардык 24 тоналдуулугу бирдей пайдаланылат. Фортепианодо 7 клавишасы бар: ДО РЕ МИ ФА СОЛ ЛЯ СИ. Ар бир клавишада гамманы мажордуу же минордуу кылып ойноо мүмкүн. Ар бир кара клавишада диез жана бемоль бар. А жалпысынан кара клавишалар 10 тоналдуу, ак клавишалар 14 тоналдуу, бардыгы 24 тоналдуу.
Бахтын мезгилинде, мисалы, фа мажор абдан кызыктуу тоналдуу деп эсептелген. Се би моль, фа минор кулакка жагымсыз, ойногонго болбойт делип, композиторлор кээ бир тоналдуулукта музыка жаратышкан эмес.
Мындай көз карашка Бах макул болбой, “Жакшы күүлөнгөн клавир” жыйнагын жазат. Андагы 24 чыгарманын сапаты өтө бийик. Музыканын бийик чокусу. Бул - Бахтын музыкага кошкон баа жеткис эмгеги. Токато жана фуга жөнүндө сөз жок.
И.С.Бахтын “Жакшы күүлөнгөн клавир” жыйнагын угуп отурсаңыз, андан Бетховендин атактуу “Ай сонатасынын”, Фредерик Шопендин “Жамгыр валсынын”, Шарл Франсуа Гунонун “Аве Мариясынын” жана башка көптөгөн сизге тааныш классикалык музыкалык чыгармалардын башатын табасыз.
Мисалы, француз композитору Шарл Гунонун “Аве Мария” пьесасы да Бахтын прелюдиясынын негизинде жазылган. Мен өзүм “Аве Мария” дубасын теги италиялык меццо-сопрано Чечилио Бартолио, чехиялык примадонна Люция Биланын жана лирикалык сопрано үндүү америкалык дива Леонтина Прайстын аткаруусунда укканды жакшы көрөм. Прайс Нью-Йорктогу атактуу Метрополитен операсынын прима ырчылыгына жеткен биринчи ынды кара америкалык.
Бетховен: “Аны Бах дебей, деңиз деп аташ керек”
Литва совет акыны Эдуардас Межелайтистин “Жерге таянып Күндү эки колум менен кармап турам” деген саптары бар.
Анын сыңарындай, жаш муун үчүн улуу муундагы композиторлор көп машакат жараткан көөнө чыгармалар жаш муун үчүн кадимий көркөм мурас. Мын ошол мурастын арасында, дагы бир көйкашка немис композитору Роберт Шуман айткандай, “Бир гана соолбос булак бар - ал Иоганн Себастян Бах!”
- Бетховен жана Моцарт Бахтын музыкасы менен тарбияланган. Моцарт бала чагынан тартып эле Бахтын музыкасын өтө көп ойногон жана бардык чыгармаларын көчүртүп алып, жанында аздектеп алып жүргөн. Немис жазуучусу Иоганн Рохлицтин жазганына караганда, Моцарт Лейпцигде Бахтын өзү мурда укпаган мотеттерин угуп жатып: “Бул кайра эле жаңы бир нерсени үйрөнчү нерсе турбайбы!” - деп кыйкырып жиберген экен.
Бетховен Бахты абдан баалаган. Бах немис тилинде булак дегенди билдирет. Ошого Бетховен: “Аны Бах дебей, деңиз деп аташ керек” деп айтканы маалым. Себеби "бах" деген немис тилинде "булак" деген сөз.
Убагы келсе, булактын да көзү соолуйт. Деңиз көшүлүп уктаса да соолбойт.
Иоганн Себастьян Бах 1765-жылы о дүйнө кеткенден кийинки жарым кылымда улуу композитордун бир да эмгеги жарыяланбайт; чыгармалары эскирди делип, чанда бир ойнолуп, ысымы унутулуп калат. Бирок Бахтын аңызга айланган жана мухиттей чалкыган көркөм дүйнөсүнүн ачкычын издеген инсандар бирин-серин болсо да бар эле.
- 1929-жылы Менделсон-Бартолди “Матвейге куштарланууну” аткарган соң, Бах кайра популярдуу болуп, бүгүнгө күнгө чейин даңкы өчпөй келатат. Француз кинодокументалистери XX кылымдын атактуу пианисттеринин бири Святослав Рихтерден кайсы композиторду сүйөрүн сураганда: “Бахты гигиена үчүн ойноо керек. Ал мээңди жакшы тазалайт”, - деп жооп берген.
“Матвейге куштарлануу” диний ораториясын Феликс Менделсон-Бартолди аткаргандан кийин Бах европалык музыка сүйүүчүлөрүнө кайра ачылат.
Мына ошондон бери Иоганн Себастян Бахтын эмгектери улуу сапарын түрдүү интерпретацияда улантууда. Алардын кызыктууларынын бири теги тай болгон британ скрипачы Ванесса-Мэйдин аткаруусундагы "Токката жана фуга ре-минордо" да бар. Же буга макул эмессизби?