“Өзүңүз баштаңыз!” Take the Lead! Америкалык кинорежиссёр Лиз Фридлендердин музыкалык драмасынын аты. Фильм оюндагысынан кайтпаган тентек өспүрүмдөргө танго үйрөтөм деп, машакаттуу ишке башын сайган бийчи-педагог Пьер Дюлэйн жөнүндө.
Көркөм фильмде атактуу актер Антонио Бандерас суйсалган сулуу Катя Виршлас менен танго бийлеп, “урунарга зоо, урушарга жоо таппай” отурган боз уландарды суктанткан сцена бар. Бийдин кумарынан уландардын ышкысы козголсо, бийчилердин сезимдери ширеңке жакса жалбырттап күйчүдөй болуп жылаңачтанып, көрүүчүнү да кошо толгонтуп, музыканын ыргагы менен кошо тербелишет.
Танго көргөн адамдын жанын балкытып, сезимин чагылгандай жарк эттире ойготуп, кумарын жандырган бий. Бирок, тангону бийлөө оңой өнөр эмес. Аргентинада жаралган бул бийди үйрөнүү талбаган эмгекти, өжөрлүктү, өнөгүңдү жана музыканын ритмин ар бир клеткаң менен сезе билгенди талап кылат.
Танго бийинин өзгөчөлүгү тууралуу бийчи-педагог Хавер Антар буларды айтты:
"Танго - бул эки кишинин денесинин биригиши. Алар бир жуп болуп, өз ой-мүдөөсүн кыймыл аркылуу билдирет. Бийлеп жатканда бири экинчисин жетектеп, алып жүрөт. Экинчи бийчи биринчисин ээрчийт. Тангону бийлөөнүн өз тартиби бар. Жетектөө же баш ийүү маанилүү эмес. Эң маанилүүсү - кыймылды тең бөлүшүү, өнөктү имере кучактай билүү. Танго ушунусу менен башка бийлерден айырмаланат".
44 жаштагы Хавер Антар Аргентинанын байтакты Буэнос-Айресте туулган. Тангону 21 жашынан бери бийлейт. Хавер мырза дүйнөдөгү белгилүү танго педагогу жана бийчи Густаво Навейранын шакирттеринин бири жана жолдоочусу. Соңку 15 жылда танго боюнча түрдүү эл аралык фестивалдарды өткөрүүгө кеңешчи катары да активдүү катышып жүрөт.
"Тангону өнөгүңүздү кучагыңыздан чыгарбай, көкүрөк тирешип бийлесеңиз болот. Же ортоңуздарды бир аз ачык коюп бийлей аласыз. Бийлеп жатып, абалыңызды өнөгүңүз менен алмашып алууңуз мүмкүн. Кандай бийлөө экөөңөрдүн ыктыярыңарда. Тангонун дагы бир өзгөчөлүгү: музыканын белгилүү бир ритминде. Башка бийлерде музыканын ритми кайталанса, тангодо ритм кайталанбайт. Тангону түрдүү жолдор менен бийлөө мүмкүн: сиз алдыга бир кадам же үч жолу жай же ылдам кадам таштасаңыз болот".
Танго эки жүрөктүн гармониясы
Хавер Антар учурда жары Патриция Поракова менен чогуу Прагадагы Tangonexion студиясын жетектейт. Студияда түрдүү курактагы адамдар танго бийлөөнү үйрөнүшөт. Түгөйлөр дүйнөлүк танго элитасына кирген маржандай бийчилерден. Патриция айым үчүн танго бир рухка жуурулган эки адамдын гармониясы:
"Танго бул жөн эле бий эмес, танго эки адамдын бий учурунда бир бүтүнгө биригиши. Ал үчүн эки бийчи ар бир кыймылын тең бөлүшүп, бири-бирине бап келип турушу шарт. Сиз бийден эки адамдын сүйүүсүн көрүп турам деп жатпайсызбы? Туура, бий сүйүүнүн бир бөлүгү болушу керек. Антени, адамдар танго бийлеп жатып, бири-бирине ачылып, сезимдерин эмоционалдык, балким руханий деңгээлде бөлүшө алат. Мен руханий сөзүн динге байланыштырып эмес, жан дүйнөгө байланыштырып айтуудамын. Тангонун башка бийлерден өзгөчөлүгү ушунда деп ойлойм. Биз танго бийлеп жатып, башка адамга өзүбүздүн жан дүйнөбүздү ачабыз, ал да күзгү сыңары сизге кучагын жаят".
33 жаштагы Патриция Поракова Барселонадагы атактуу Танго академиясын бүткөн. Чехиянын атактуу курорт-шаары Карловы Вары шаарында туулган.
Бүгүнкү муун бийлеген хип-хоп, тектоник, поппинг, electro же улуу курактагыларга белгилүү шейк, твист, рок-н-ролл, брейк-данстан айырмаланып, танго ар бир кыймылдын элементтерин тажабай кайталаганды, музыканын ыргагын жана өнөктү сезе билүүнү талап кылат. Анын себебин дасыккан бийчи-педагог Хавер Антар мындайча түшүндүрдү:
"Сиз тангону өнөгүңүзгө жакын туруп бийлегениңизге байланыштуу, бутуңуз үчүн жерде орун аз болот. Ошондуктан, бутту койгондун өзгөчө техникасын: кайсы учурда кыймылдаганды же кадамды токтото билгенди үйрөнүшүңүз абзел. Мындай комбинацияны үйрөнүү жеңил эмес. Ушундан улам танго популярдуу эмес жана эч качан башка бийлердей популярдуу болбойт. Тангонун музыкаcы да муңайымдуу, бийлегенге татаал. Ошон үчүн көп адамдарды ун элеген электей элеп коёт".
Бирок да, бийлеп жатып, жаңылып кетем деп коркуу чоң жаңылыштык. Жаңылбай эч нерсени жасоо мүмкүн эмес.
Тангодо жаңылуу болбойт
Сиз балким Мартин Брест тарткан “Аялдын жыты” деген көркөм фильмди көргөн чыгаарсыз. Фильмде баш каармандардын бири, көзү азиз подполковник Фрэнк Слэйддин ролун америкалык көйгашка актёр Ал Пачино ойнойт.
Слэйд мырза тал чыбыктай бийкеч Доннага: “Сиз танго бийлегенди үйрөнгүңүз келсе, бекер үйрөткөнгө даярмын”, - дейт эмеспи. Доннанын ролун жалбырактай дирилдеген сулуу Габриэл Анвар аткарат. “Мен коркуп жаткансыйм. Бийлеп жатып жаңылгандан корком”,- дейт олку -солку абалдагы бийкеч. Ошондо кексе подполковник "Тангодо жашоодогудай жаңылуу болбойт. Танго жөнөкөй, ошон үчүн керемет бий да. Эгер жаңылып кетсеңиз, көңүл бурбаңыз. Бий токтобош керек. Сиз бир бийлеп көрбөйсүзбү?” деп бийкечти бийге чакырат. “Мейли, бийлеп көрөйүн” дейт чырайлуу бийкеч.
Кооз залда муңайым ыргакта музыка жаңырып, анын ритми бирде шаркыратмадай шар, бирде назик, бирде кайгылуу муңканат.
Ресторандын залынынын узун - туурасын тактап алган көзү азиз Фрэнк Слэйд жүрөгү элеп-желеп болгон бийкечти бир жаңылдырбай жетектеп, тангону акыркы аккорд менен бүткөрөт.
Фрэнк Слэйддин сабагы жаш селки Донна үчүн мыкты өмүрлүк сабак болду.
Ал эми “Өзүңүз баштаңыз” "Take the Lead" көркөм фильминде өмүрү чагылдырылган бийчи Пьэр Дюлэйн 1994-жылы ачкан “Бий класстарында” жүз миңдеген мектеп окуучулары бийлегенди үйрөнүп, тангонун ажайып дүйнөсүнө аралашты. Азыр Нью-Йорктун 200дөн көп өкмөттүк мектебинде 12 миң өспүрүм танго бийинен сабак алышат.
"Take the Lead" көркөм фильминдеги бий.
Кошмо Штаттардагы жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү 600 мектептеги ушу типтеги бий класстарында 50 миңден ашуун бала танго бийлегенди үйрөнүүдө. Ушинтип алар өздөрүн толготкон ойлорду, сүйүүсүн жана арманын бийдин жардамы менен сиз жана мени менен бөлүшкөндү үйрөнүшүүдө. Ырас, алардын баары эле атактуу бийчи болбойт. Бирок, бийдин сыйкырдуу дүйнөсүнүн босогосун аттап кирери шексиз. Балким, сиз да тангону бийлеп көрөрсүз?!
Тангонун мекени барбы?
“Кумпарсита“ (La Cumparsita)1916-жылы сентябрда алгачкы жолу ойнолот. Ошондо бүгүн классикага айланган музыка менен ырдын автору - уругвайлык студент Матос Родригес болгону 19 жашта эле. Танго XIX кылымдын аягында Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестин эмигранттар жашаган жарды бөлүгүндө пайда болгон. Калкы эмигранттардын эсебинен дүркүрөп өсүп жаткан шаарда түрдүү элдердин бийи, музыкасы, маданияты бир казанда кайнап, орундалбаган арзуу-тилекти алмаштырчу жана элдин баарына кучак жайган танго жаралат. Ошон үчүн тангодон кусалыктын, жалгыздыктын, сүйгөнүнө жетпеген мажнундун муңун эшитүү мүмкүн. Анткени, тангону оболу жалаң эркектер бийлешкен.
Айтылганга караганда, аялдар бий эрөөлүнө чыккан 10-15 эркектин мыктысын тандашкан. Аялдар себеби мигранттар чөйрөсүндө берметтей болуп аз эле.
"Тангонун мекени Аргентина, - деп баштады тангонун таржымалын Хавьер Антар.- Тангого музыка сыяктуу эле түркүн элдердин бийлери таасир этти. Аргентиналыктар тангонy биздин бабаларыбыз ойлоп тапкан, алар бизге окшош эмес, таланттуу болушкан дешет. Бүгүн Африкада танго бизден чыккан, бизде танго, милонга, кандонбе бийлери бар деген сөздү көп угасыз. Аргентина жана Уругвайда танго акырындап өнүккөн. Ага Кубанын хабанера бийи да таасир эткен. Куба тангосунан Испаниянын фламенгосунун таасири байкалат. Ушинтип отуруп, аргентин тангосу өзүнүн табигый формасына ээ болот. Оболу танго төмөнкү катмардагылардын бийи эле. Лирикасы шумдуктуудай орой, романтикалык маанайы жок болгондуктан, аргентиналыктар арасында тангонун репутациясы жаман болгон. Бул абалды Европага барган бийичилер менен музыканттар өзгөртөт. Себеби, тангону Европанын ак сөөктөрү укмуштуудай жакшы кабыл алат. Биз, аргентиналыктар Европада бааланган нерсени баалап, урматтайбыз. Ошондон кийин Аргентинадагы бардык социалдык катмарлары тангону кабыл алат. Тангого композиторлор музыка жазышчу болот".
Тангонун Парижге жетиши
Хавьер Антар айткандай, 1912-жылы Буэнос-Айрестин бийчи-музыканттары Париж, Лондон, Берлин, Вена жана башка Европа шаарларын танго менен тааныштырат. Анын натыйжасында, Европада тангомания башталып, 1913-жыл дүйнөдө “Танго жылы” болот. Жыл этегинде танго Нью-Йоркко жана Финляндияга жетет.
“Өнөктөр чекесин тийгизип алып, колдору жана буттары эротикалык абалда кучакташкан бул жаңы бий элдин баарынын көңүлүн өзүнө бурдурду”, - деп жазат ошо жылы англиялык жазуучу-публицист Герберт Ж. Уэллс.
1913-1914- жылдары Европада танго бийин үйрөнүү боюнча көптөгөн китептер чыгат. Тангомания кийимдин бычымы менен стилин да өзгөртөт. Париждик аялдар танго бийлөө үчүн денесин какайтып кармаган корсеттерден баш тартат. Айымдардын жүзүн жапкан кушкуйруктар бийлегенде өнөгүнө тоскоол болбос үчүн шляпанын маңдайына тик сайылчу болот. Юбкалар алдынан ачылчу болот. Tango туфлиси, Tango чулки-байпагы, Tango шляпасы, Tango көйнөгү, Tango жагоосу, Tango жилет-чыптамасы модага кирет. Кызгылт сары түс тангонун символуна айланат.
Дагы бир тактоо. Танго 1912-жылга чейин Аргентинанын «ак сөөктөр» коомуна кеңири жайылган эмес деген натуура кеп. Себеби, 1902-жылдан тарта Буэнос-Айрестин Опера театрында бал өткөрүлө баштаганда, анын репертуарында танго да болгон. 1903-1910-жылдары Буэнос-Айресте миңден көп пластинка чыкса, анын 350сү тангого арналган. Тангонун ноталары көп сатылган. Бир пластинканын баасы 2, 5 песодон 5 песого чейин, нота барагы 1-3 песо, граммофондун баасы 150 пессодон 300 пессого чейин болгон. 1910-1920-жылдар арасында чыккан 5500 пластинканын теңи тангого арналган. Албетте, Аргентина ал кезде дүйнөдөгү жетинчи бакубат өлкөгө айланганы менен, граммофон көпчүлүк үчүн кол жеткис дөөлөт эле.
Бүгүн танго кеминде 15 стилде бийленет. Аргентиналыктар өздөрү тангону кандай бийлешет? Алардын бийи америкалык жана европалыктардын бийлөө ыкмасынан эмнеси менен айырмаланат? Бул суроого педагог-бийчи Патрисия Поракова мындай деди:
"Аргентиналыктар танго бийлегенде башка элдерден өнөгүн кучактоосу менен айырмаланышат. Алардын, деги эле, Түштүк америкалыктардын кучакташуусу коомго мүнөздүү көрүнүш. Биз бир жерге чогулганда кучакташабыз. Аргентин тангосунда да эң башкысы - кучакташуу. Себеби, алардын бийинде поза жок, бий учурундагы кучакташуу бар. Аларды кучактоосунан билесиз. Анткени, Европада эмне болсо, анын баарын Түндүк Америкада көрөсүз: бул бизге мүнөздүү индивидуализм. Биз тангону спорттогудай эле мелдешүү деп түшүнөбүз. Аргентинада андай эмес. Алар баштан-аяк бир гана өнөгү менен болот, бирок танго бийлегенде өнөктөрүн улам алмаштырып турат. Алсак, мен төрт ырды өз өнөгүм менен, төрт ырды башка бирөө менен бийлейм. Бийлегенине, мамилесине, кучактоо ыкмасына карап, өнөгүм немиспи же италиялыкпы, биле алам. Биз тангого кызыкдар адамдарды Аргентинага алып барабыз. Алар Аргентинада болгондон кийин өнөгүн жаңыча кучактап калышат. Эмне үчүн? Себеби, танго жалгыздыктан башталган бий. Тангонун негизи - жалгыздык. Бөтөн өлкөдө саяк жүргөн иммигранттар өз мекенине кайрылбашы ыктымал экенин билишет. Аргасыздан жергиликтүү маданиятка көнөт, ага өз маданиятын да кошот. Жалгыздык иммигранттарды тегерегиндегилер менен карым-катнаш түзүүгө түртөт".
Тангодон корккон "залкарлар"
Бийчилердин бирин бири жыландай арбаганы, кайбар кыймылдары, тангонун желдей тентек кыялы өздөрүн ыймандын сакчысы деп санаган өкүмдарлар менен диниятчыларга жакпайт.
1913-жылы Рим католик чиркөөсүнүн адыйы Папа Пий тангону бийлөө католиктер үчүн ыйманга жат жосун деп жарыялайт. Бирок бийди көргөн соң сөзүнөн кайтат. АКШ вице-президенти Томас Маршал болсо элдин тангого азгырылуусун чиркөөнүн алсыздыгы деп атап, динзарларды кыраакылыкка чакырат.
1914-жылы Орус империясынын агартуу министри Л. А. Кассо тангону “адепсиз” деп таап, окуу жайларда бийлөөгө жана студенттердин танго үйрөнүүсүнө тыюу салат.
Футурист акын В. Маяковский тангону “Согуш жана тынчтык” (1916) поэмасында буржуйлардын бийи деп мыскылдайт.
Совет өкмөтү, албетте, буржуазиялык бийди бийлетмек беле?! Ага карабай, тангонун музыкасы Советтер союзунун учу-кыйырына тарай берет.
Аргентинанын өзүндө 1930-жылдардын ортосунан 1955-жылкы аскерий төңкөрүшкө чейин тангонун алтын доору болот. Танго улуттук бийге айланат. Тангонун Аргентинада жайылышына Карлос Гарделдин, Европада жайылуусуна Астор Пьяццолланын ырлары чоң роль ойногон. Деген менен, 1950-жылдары поп-музыканын жапырыгы тангону классикалык бийге түртүп тынат. 1955-жылкы төңкөрүштө бийликке келип, 1983-жылга чейин отурган аскерий хунта Аргентинада танго бийлегенди тыят.
"1973-1986-жылдары да Аргентинада бийлик аскерий хунтанын колунда болгон, - деп улантты Хавьер Антар. - Аскерий өкмөт ар кандай маданий оюн-зоокторго каршы болгондуктан, танго бийлеген жайларды жабышкан. Аскерий бийликтегилер Түндүк Америкадан рок-н-роллду жана башка нерселерди алып келишкен. Ошентип ата-энемдин мууну учурунда танго өлдү десе болот. Ушинтип, менин танго бийлөөмө ата-энемдин жана аргентикалык экенимдин эч тиешеси жок. Ошон үчүн бүгүн мен курактагылардан ким танго бийлесе, алардын ата-энеси да танго бийлеген деген сөз натуура. Ата-энеси танго бийлеген үчүн балдары да танго бийлеп жатат деп айткан туура эмес. Андай адамдар өтө аз".
Танго бүгүн
1983-жылы аскерий хунта кулагандан кийин аргентин тангосу үчүн жаңы доор башталат. Клаудио Сеговии менен Гектор Ореццолли Астора Пьяцолланын музыкасына жазган “Аргентин тангосу” Парижде коюлган соң, спектаклдин жана тангонун дүйнөлүк сахнадагы бүтпөс сапары башталат. Бүгүн танго Европада канчалык популярдуу?
"Бүгүн танго Европада өткөн кылымдын 40-50-жылдарындагыдай популярдуу эмес", - деди Патрисия Поракова.
"Ооба, коом өсүүдө. Тангону түрдүү маданияттагы элдер сүйүшөт. Себеби, танго бул башка бирөөнүн санаасын, убайымын бөлүшүү. Тангодо кусалык, арман көп жана убайым-санаадан чыгуунун жолу көрсөтүлөт. Европа маданиятында аял менен эркектин ролундагы айырма жок сыяктуу. Тангодо аял жана эркектин айырмасы сакталып калган. Эркек өзүнүн эркектик энергиясын, аял өзүнүн аялдык энергиясын оргуштатып төгөт, бирок түгөтпөйт. Бул адамдарга, феминисттик маанайы күчтүү бүгүнкү коомго жагат деп ойлойм... Муну мен жаман дебейм. Коомдогу ушундай маанайды адамдар тангого алып келишет".
Хавьер Антардын байкашынча, тангону ар бир эл өз темпераментине, улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык бийлейт:
"Түркия менен Италиянын маданияты Аргентинадагыдай сылаңкороз - мачо мүнөз болгондуктан, алар тангонун көп элементтерин жеңил өздөштүрүшөт. Танго өзү да мачо мүнөздүү. Ырас, тангонун мүнөзү коом менен кошо өзгөрүүдө. Менин оюмча, дүйнөнүн төрт тарабында тең маданият көйрөң мүнөз эмеспи. Бирок, Италия менен Түркияда тангонун эстетикасы Аргентинадагыга жакын. Мен бул эки өлкөдөн өтө мыкты бийчилерди жолуктурдум. Ооба, бүгүн мыкты бийчилерди дүйнөнүн чар тарабынан кездештиресиң дечи. Бирок да Түркия менен Италияда мыкты бийчилер көп. Жапония да мачолордун өлкөсү. Жапондор эрежени аябай урматташат, тангонун да эрежеси көп. Аны тангодон сабак берип жүрүп билдим. Германия, Канада, АКШда сизге кызматкер катары мамиле кылышат: сабак үчүн акча төлөшөт, сен берилген суроолорго жооп беришиң абзел. Жапонияда сен устат же окутуучу эмессиң, андан да жогорусуң, алар окутуучуну аябай ызаатташат. Жапондор бийлеп жатканда, алар үчүн өзүн көркөм жана нарктуу көрсөтүү өтө маанилүү".
Бийге негизделеген маданият туризми
1977-жылдын 11-декабрынан тарта Аргентинада Улуттук танго күнү белгиленип келет. 11-декабрда тангонун популярдуулугуна өз музыкасы менен эбегейсиз салым кошкон Астор Пьяццолла туулган. Бул күн тангонун эл аралык күнү да. ЮНЕСКО уюму тангону дүйнөлүк көркөм мурас деп тааныган. Буэнос-Айрестин эл аралык аэропортуна Астор Пьяццолланын аты берилген.
Танго Буэнос-Айрестин өзгөрүлмө саясий ландшафтында өзгөчө орунду ээлейт. 1990-жылдардын аягында шаардык бийлик тангого негизделген маданий туризм жана маданият өнөр жайын өнүктүрүүгө же тангону кирешенин булагына айлантууга белсене киришип, бүгүн анын үзүрүн көрүүдө. Бүгүн Буэнос-Айрес тангонун дүйнөлүк Меккеси десек болот. Жыл сайын Дүйнөлүк танго фестивалын жана дүйнөлүк танго чемпионатын көргөнү кеминде 600 миң киши келет. Буэнос-Айрес жалпы кирешесинин 10% маданий туризмден алат.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.