“Торпогу жок кишилер топ башчысы болуптур”

Сибирь - абактагылардын көбүнүн акыркы жайы болгон жер.

Эржигит Сыдык уулу репрессия күчөп турган кезде камакка алынып, Сибирге айдалып, андан кайтпай калган. Айыбы - билимдүү болгону, жаңы бийликтеги сабатсыздарды ачык сындап койгондугу.

Азилдин арты абак экен

Октябрь революциясына чейин билим алып, мурдагы бийликтин тушунда иштеп калган сабаттуулардын көбү 30-жылдардагы репрессиялардын курмандыгы болушкан.

Эржигит Сыдык уулунун тагдыры да чоң борбор Москвадан чечилип, ал жактан келген камак планына кирип, “эл душманы” деп куугунтукка алынып, Сибирге айдалган. Кышы оголе узун, жайы кыска, аяк-башы билинбеген ошол опсуз кенен чөөт-саздары, адыр-тоолору, токою сталиндик заманда миллиондордун акыркы жайы, белгисиз мүрзөсү болуп калды.

Камалгандардын аты-жөнү, кайсы жерге жашырылганы да белгисиз, азыноолак артында калган документтердин көбү кийин табылбай калбадыбы. Анткени Сталин өлгөндөн кийин кыйласы ачылып калган кылмыштарын жашыруу үчүн “эл душмандарын” эсепсиз кыргандар айгак болчу кагаздарды жигин билгизбей жок кылышкан.

Бу балакеттүү репрессияда канчасы атылып, канчасы абак-сүргүндөрдө набыт болгону тууралуу так маалымат азыр да жок.

Мамлекеттин өз калкына жасаган опсуз зулумдугу деле ошентип тарых бүктөмүндө калып, эстен чыгып баратат. Адам баласынын аза боюн тик тургузчу аёосуз кыргындар деле убакыт өткөн сайын унутула берет экен.

Репрессиянын аябай күчөгөн учурунан бери деле мына сексен жыл өтүп кетти. Бирок урук-туугандарынын, жакындарынын арасында каар замандын курмандыгына чалынып кеткен кайрандардын аты аталып, эскерилип жүрө берет. Элдин улуулугу менен бийиктиги ошондо.

Дагы караңыз Качкын болуштун тагдыры

Эржигит Сыдык уулу тууралуу маалыматты бизге белгилүү журналист Абдимухтар Абилов айтып берди. Ал аны жакындарынан угуп, шарты келсе жарыя кылуу оюнда жүргөн экен.

Анын айтуусунда, таятасы эртелеп билим алып, ал кездеги таасирдүү дегидей иштердин бирине илешип, совет бийлигине чейин эле белгилүү кишилердин бири болуптур. Кийин жаңы бийлик келгенде ага ачык каршы чыкпай, бирок да ага абдан берилип кетпей, башкалардын катарында жөн-жай турмуш кечирип калган экен.

Жаңы заман жалаң кедей-кембагалдардын гана таламын талашары, анын ишин жүргүзчү аткаминерлер да ошондой социалдык катмардан алынып, өз учурунун кыйла сабаттуу деген адамы болуп калган Эржигит Сыдык уулуна кызыл өңгөчүнө күч келтирген ошол жаңы чыкма активдердин жасаган-эткендери жакпай калган окшойт.

Сөзмөр, анан да куюлуштура ыр жамай койчу казынын мурдагы катчысы ошол кокуйгүн чала сабаттарды шылдыңдап койчу экен.

Жергиликтүү бийликке илешип калгандарга мурдагы бийлик “куйругунун” мындай шылдыңы жакпай, алар тийиштүү жерлерге тийиштүү кагаздарын жөнөтүшүп, акыры жаңы бийликке ачыктан ачык сын айткан “аппазисияны” жок кылууга жетишет. Болбосо Эржигит Сыдык уулу жаңы бийликке каршы чыккан эмес экен. Болгону ал кишинин куулук-шумдугу жок ачыктыгы, акты ак, караны кара деп тартынбай ачык айтышы тагдырын татаалданткан шекилдүү.

Аны Абдимухтар Абиловдун өзүнөн уксак.

- Менин таятам Сыдык уулу Эржигит ХХ кылымдын башында Ноокат районунун Кашкалдак айылында жашаган, - деп түшүндүрдү ал. - Таятамдын атасы Сыдык казы деген болгон. Таятам арабча кат тааныган билимдүү киши, революцияга чейин, андан кийин колхоздоштурууга чейин казынын катчысы болуп иштептир. Анан совет бийлиги бекем орношуп, колхоздоштурууну баштайт. Менин таятам жаңы бийликти көп жактыра берген эмес окшойт. Оюндагысын ачык айткан ал киши колхоз активдерин кээде шылдыңдап койчу экен. “Торпогу жок кишилер топ башчысы болуптур, Эчкиси жок кишилер эл башчысы болуптур” деп ырга кошуп, мазактап койгон окшойт. Мунусу колхоз активдерине жакпай, акырын тыңчылык кылып, жогору жактагыларга айтып койгон го? Райондон кишилер келип, колуна кишен салып таятамды белгисиз жакка алып кетишкен экен. Таенем үч кызы, анан эки жаштагы кичинекей уулу менен калыптыр. Ал байкуштардын үйүн тартып алышып, жашай турган жери жок талаада калышыптыр. Таенем байкуш чиедей балдары менен бир тууганына барат да. Ал да жаш аялмет неме экен, батышпай кыйналып, азап-тозокту аябай көрүшүптүр. Бирок менин таенем кайраттуу киши болгон көрүнөт, колхозчуларга нан жаба турган киши табылбай турганда ал киши "мен жаап берем" деп ошол ишке кириптир. Отунун жарып, нанын жаап кыйынчылык менен балдарын чоңойткон экен. Анын айтымында, таятамдан бир каты келиптир, "Орусиянын бир жеринде кетип баратабыз" деген. Ошону менен дайынсыз жок болуптур.

Таятам казынын катчысы – бийлик адамы, облустук даражадагы кызматкер болгон. Ыр жамактап ийчү жайы бар экен. Анан мурдагы кедей-кембагалдар актив болуп чыга келгенде ошолорду сындап, ырга кошуп ырдай берген тура. Болгон күнөөсү эле ушул. Абдан чынчыл, анан жанагинтип куйкум тил жамакчы болуп атпайбы. Бирөөлөр туура эмес сүйлөсө тартынбай бетине айтып салчу экен, "бул айтканың туура эмес". Атасы казы болгондон кийин көбүнчө диний нерсеге көңүл бурулган. Сыдык казынын Эржигиттен башка балдары да билимдүү, арабча жакшы билген, мусулманчылыктын эрежелерин бекем сактаган адамдардан болушкан. Бирок таятамдын жамакчылыгынан эл арасында сакталып калбаптыр. Таятамдын Апаз деген жээни жамактатып ыр ырдап, кошуп ийчү. Таятамдан ошол кишиге өткөн окшойт. Апаз төкмө кенже эпосторду айткан, Ноокаттын Караташ айылынан чыккан белгилүү таланттардын бири эле. Ал киши “мен тагамдан үйрөнгөм” деп айтып калчу.

Таятам тууралуу буга чейин кеп деле болгон жок. Неберелери КГБнын архивдеринен издетип көрүштү, бирок эч нерсе таба алышпады. Жалгыз катынан башка дареги жок дайынсыз жок болду.

Азыноолак малы, жакшы үйү болсо эле бай

Эржигит Сыдык уулунун тагдыры ошентип кайгылуу аяктаган. Анын кайсы жерде, качан набыт болгонун жакындары деле билишпейт. Сибирде кетип атканын билдирген кабарынан кийин анын дарек-дайынын билген деле киши жок, "тирүү болсо кабарын билдирет эле" деген жакындарынын боолгосу менен убакыт өткөрүп келишти.

Дагы караңыз Керим Кенебаевдин өкүттүү тагдыры

Антип кеткен боюнча ың-жыңсыз белгисиздердин катарына кошулгандар аябай эле көп. Ноокаттын ушул эле Кашкалдак айылынан Абдимухтар Абиловдун дагы бир жакын адамы камалган бойдон дайынсыз жок болгон. Эмнеликтен эсил кайрандардын көбүнүн аты аталбай, унутта калып келишинин себеби деле жөнөкөй - “эл душманы” айыбы көпчүлүктүн үшүн ушунчалык алган экен, аны айтуудан чочулаган, оозго алуудан корккондордун көбү бу жарыкчылыкты таштап кетишти.

Коркуу симптому ушуга чейин элдин эси-көөнүнөн кете элек. Болбосо хрущевдук заманда айыпсыз атылып, жок болуп кеткендердин дарек-дайыны ачыкка чыгып калат эле. Катылган кандуу кылмыштын ачылышына ал кезде каршы чыкчулар, колу канга малынып калгандар көп болчу. “Кайра куруунун” тушунда катылган сырлардын кыйласы айтылды, ал аягына чыкканча социализм тарыхый аренадан кулап түшүп, “кечээ көргөн бүгүн жок” заман келбедиби. Ноокаттын тескейиндеги тоого ыктап жайгашкан чакан Кашкалдак айылынан эле канча азаматтар айыпка жыгылып, жок болуп кетишти. Алардын бири тууралуу Абдимухтар Абилов кеп салып бергени бар.

- Таятамдан башка, чоң атамын Чоробай уулу Маматкасым деген бир тууганы болгон. Ал киши дин жагынан чоң билимдүү адам болгон экен. Бала кезинде Бухарага алынып кетип, ал жакта он жыл окуп келген. Ислам боюнча Ноокаттагы билимдүү адамдардын бири болгон. Бир убак казы да болгон экен. Репрессия күчөгөн маалда ал киши да камакка алынып, түрмөдө ооруп ошол жакта каза болгон. Бу казыларды бай деп айтыш деле кыйын. Илгеркилердин азыноолак малы, жакшы үйү болсо эле бай деп эсептей беришкен. Айылдагылар эмгиче "тигил атылып кеткен, түрмөгө түшүп кеткен" деп айтып калышат. Көп айтышат, бирок аларды эстеген киши аз.

Эл арасында 30-жылдардын калабасына туш келип, күнөөсүз күнөөлүү болуп, азапка башы малынгандар тууралуу маалыматтар толтура. Мезгил деген аёо билбес күч алдында баары унутулуп, билген-уккандар катары суюлуп баратат. Өкүнткөн нерсе ушул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.