Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:30

Качкын болуштун тагдыры


Токой. Иллюстрациялык сүрөт.
Токой. Иллюстрациялык сүрөт.

Молдали Койсон уулунун тагдыр жолу бир чети кызык, экинчи жагынан татаал болгон. Кызыгы - ал өз учурундагы залкарлар менен үзөңгүлөш, жакын дос-курбу катары жүрсө, татаалдыгы - совет бийлиги кезинде жашырын жүрүүгө мажбур болушунда.

Токтогулдун досу

Молдали Койсон уулу же көпчүлүк элге Молдали болуш катары таанылган улуу инсан Сузактын мурдагы Көгарт болуштугуна караштуу Актоок айылында төрөлгөн. Анын кайсы жылы бу жарыкчылыкка келгени туурасында так маалымат жок. Айрым урпактарынын айтуусунда, улуу акын Токтогул менен жашташ болгон экен. Ыр-күүгө жакын, куйма кулак болуштун Токтогул менен жакын достук мамилеси бар экенин аны билип, көрүп калган замандаштарынын эскермелеринен да байкоого болот. Кыязы, Молдали болуш улуу акын менен жашташ болгон окшобойбу, ошон үчүн ага “сен” деп кайрылган. Анан да Кетмен-Төбөдөн Көгарт тарапка өткөндө Токтогул акындын болуш досуна сөзсүз жолугуп кеткенине караганда, экөөнүн мамиле-катышы жакын болгон шекилдүү.

Кыргыз эл жазуучусу, ыраматылык Шабданбай Абдыраманов «Тарыхтын ак тактары» деген китебинде Молдали, Чыйбыл болуштардын Токтогул менен мамиле-катыштарына кенен токтолгон. Жазуучу айылдаш абасы Батыркул балбандын айткандарын эскерип, Молдали болуштун кандай адам болгонун, көркөм сөзгө жакындыгын бир топ ынанымдуу мисалдар менен бекемдеп берген. Батыркул аба жаш кезинде кыргыздын оң-солуна белгилүү кадимки Сарык балбанды эр эңиште жеңип алганда улуу Токтогул аны мактап ырдаган экен.

Батыркул да жөн эмес,

Алп турбайбы башкача.

Сөөгү чулу, сом темир,

Маңдайы жарык кашкача.

Атка минсе калдайып,

Курманбек баатыр өзүндөй.

Көздөрү сырдуу чекчейип,

Алгыр бүркүт көзүндөй.

Батыкем каардуу жан экен,

Билектери устундай.

Батыркулдун Сарык балбан менен күрөшкө чыгайын деген ниети деле жок экен. Тек дымактуу болуш агасынын сөзүнөн чыга албай чоң таймашка чыгышка мажбур болуптур. “Ал менден он жаштай улуу неме эле, бирок отуздун ортосуна эми барган кара сакал жан экендигине карабай, аксакал-көксакалдарынын бардыгынан сөзмөрдүгү, иш билгилиги, акылмандыгы менен бийлик тизгинин алып, эл башкарып калган. Кийин 15 жылдай ыстарчы, ал турсун болуш да болуп кеткен. Санжыраны “санжаптап” өргөн, ыр-күүлөрдү аки-чүкүсүнө чейин билген, өзгөчө бир туулган жан эмеспи Молдали…”- деп сый-урмат менен аны сыпаттап отурбайбы.

Жаш балбаны утуп, мөрөйү үстөм чыккан болуш улуу акынды конокко чакырган. “Кечке жуук Молдали Токтогулду өз үйүнө конокко алып келди. Молдали санжыраны, комуз күүлөрүн укмуш билген, бир укканын түк унутпаган куйма кулак адам болчу дебедимби. Ошон үчүн кечке жуук Токонун ырларын, комуз күүлөрүн башкалардан жакшы түшүнүп, аны менен ага-инидей жуурулушуп кетти”,- деп Батыркул абасы эскергенин Шабданбай Абдыраманов өз китебинде келтирген.

Молдали болуштун сөзгө жакындыгы аны кийин совет бийлиги тушундагы катаал жазадан куткарып калганын Шабданбай Абдыраманов “Тарыхтын ак тактарында” минтип белгилеген:

“Токтогул акындын Чыйбыл болушка жана элге кайрылган ырын куйма кулак Молдали чыпчыргасын коротпой жат билген. Бирок Молдалинин тагдыры да большевиктердин бийлиги доорунда аябай татаалдашып кеткен: падышачылыктын болушу жана ыстарчысы болуп жүргөндүктөн, 1929-жылкы ВКП(б)нын февраль Пленумунда “Кулактарды тап катары жоюу” деген каардуу токтомуна чалдыгып, алыскы Украинага, Оролго же Сибирге айдалуу коркунучу туулган. Ошондо биердин айрым акыл-эстүү “чоңдору”уюштуруп, Молдалидей акыл-эстүү адамын сактап калууну максат кылышат. Аны “качып кетти” деп билдиришип, алыскы капчыгайларга көчүрүп ташташат. Тамак-ашы менен камсыз кылышып, айрым туугандарынан жанына кошуп беришет. Андай адамдарынын бири Ойдуңкул деген адам эле. Анын Жалал аттуу уулу болгон. Ал комузду боздотуп чертип, шаңшып ырдаган жигит экен. Ар убак ак жоолук менен тамак жагын жаап, төбөсүнө байланып жүрчү. Көрсө бир оорудан кийин жаагынан сөөк түшүп, мойну бырык-тырык болуп бүткөн экен, ошонусун бекитип жүргөнү го”.

Токтогулдун 80 жылдыгына карата анын чыгармаларын жыйноо максатында Көгартка келген айтылуу кыргыз жазуучусу Узакбай Абдукаимов жергиликтүү таланттардын бир тобунан кызыктуу материалдарды жаздырып кеткен экен. “Бирок алар кийин Токтогулдун китептеринде жарыяланган жок”, дейт Шабданбай Абдыраманов.

Ысмайылдын таарынычы

Токтогулду өзгөчө кадырлап-барктаган Молдали болуштун тагдыры колхоздоштуруу башталып, байларды тап катары жоюу кезинде чынында эле татаалдашып, туугандарынын кеңеши менен бир топ жыл бою тоо арасында жашырынып жашоого аргасыз болот. Молдали болуштун небереси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Керим Бараталиев чоң атасынын сөөгүн кыш суугунда тоодон алып келишип өз айылында жерге беришкенин эстеп калган.

- Ушу 1914 - 15-жылдары орустар биздин жерге көп келишкен экен. Чыйбылды болсо Сибирге айдап жиберишкен. Аны менен Токтогул да кошо айдалган. Акындын 2-томунда Эшмамбет менен айтышында: “Көрүп жүрдүм өлгөнчө, Көгарттан чыккан Чыйбылды, Күмүш боолуу туйгунду” деп эскерген. Чыйбыл болуш куугунтукталып айдалып кеткенде менин чоң атам Молдали болуш болуп калат. 13 жыл ал ошол Чыйбылдын кол алдында ыстарчы болуп иштеген.

Болуштун турган жери Октябрьск айылы болуп, чоң атам Көгарт дарыясын кечип, колу тийгенде айылга каттап турган экен. Ошо иштеп жүргөндө Токтогул менен жакшы мамиледе болуп, улуу акын биздин үйдө конокто болгон.

Шабданбай эскерип аткан Батыркул чалды мен да көрүп калдым, бою узун балбан киши болчу. Молдали чоң атам да бою узун, сулуу, сөзмөр, ар кандай ишти тез чечкен чечкиндүү киши болгонун эл арасында айтып калышат. Кийин совет бийлиги келгенде болуш болбой калып, анын таасири бизге тийди. Кедейлер бийликке келгенден кийин чоң атам жөн-жай турмушка өткөн.

Чоң атам - жети бир туугандын улуусу, абаларымдын эң кичүүсү Ысмайыл дегени кабарсыз кеткен. Анын дарек-дайыны кийин билинди. А көрсө чоң атамдын токолу сулуу аял болгон экен. Аны кыз кезинде Ысмайыл жактырып, экөө ынак болушкан окшойт. Агасы сүйгөн кызын алып алганда иниси каршы чыгып, таарынып Базар-Коргон жакка кетип, дайынсыз болуп кеткен. Анын неберелери, чеберелери бар, азыр жашап жүрүшөт.

Куугунтукка түшкөнү совет бийлигинин тушунда болбодубу. Отряддарды жазгырып тоого качып кеткен, Кара-Жыгач деген жер бар, ошол жерге. Атам ал кезде 8 – 9дагы бала болгон экен, атам Баратали. Ошо Кара-Жыгачта токойдо жашырынып жашаптыр.

Чоң атамдан сүрөт, качан туулгандыгы тууралуу маалыматтар сакталбай калды. Мен кичине кезимде ошо Кара-Жыгачтан чоң атамдын сөөгүн жүктөп келишип, сай боюна боз үй тигип, кышында көмүшкөнү, апам мени көтөрүп жүргөнү эсимде. Ошондо төрт жашта болчумун.

Чоң атамдын эки аялы болгон. Байбичеси, анан экинчи аялы Шабданбайдын атасы Абдыраман абабыздын сулуу эжеси болгон экен, Артыкбү деген. Бир туугандары молдо Жээналы, Сатыбалды.

Молдали болуш бир топ жылдар Көгарт болуштугун башкарып келген Чыйбыл болуштун он колу, ыстарчы болуп иштеген. Чыйбыл болуштун атасы Абдылла бий Көгарт менен Тогуз-Торого кадыры сиңген бий болгон. Чыйбыл болуш орус бийлигинин тушунда ат жалын тартып минип, эл башкарып, кийин 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнүн катышуучусу катары Сибирге айдалып, андан кайтпай калган.

Анын ордуна келген Молдали болуштун бийлиги аябай оор учурга туш келген. Жеринен ажырап, баш көтөргөн жергиликтүү элге баш-көз болчулардын асчусун асып, калганын алыскы Сибирге сүргүнгө айдап, катаал жазанын ызгаары элдин эсинен кете элек, жоолошкон тараптар демин ичине катып, ортодо белгисиздик өкүм сүрүп турганда ким эле жоопкерчилигин моюнга алып, эл милдетин аткарууга киришсин?!

Тагдырдын тамашасы: жергиликтүү элди адам катары көрбөгөн орус акимчилиги менен улутташтарынын кызыкчылыгын унутпай, эки тараптын максат-мүдөөсүн кайсы бир деңгээлде таба алган болуш жаңы заманда качкын болуп, жашырынып жашоого аргасыз болгон.

Совет бийлиги бекем орун-очок алгандан кийин таап келген жаңылыгы – жыл санап күчөй берчү тап күрөшү миллиондордун өмүрүнө балта чапты. Эл арасында кадыры, аздыр-көптүр сиңирген эмгеги бар экен, тоолуктар арасынан чыккан аткаминерин большевиктик азап-тозоктун чеңгелине салып бербей, жашырып калышкан.

Ким билет, тоо-токойдо жашырынып жүргөнү билинип, артынан түшсө коопсуздук кызматы ыр-күүгө жакын болушту оңой эле тапмак. Бирок да элдин жардамы менен куугун-сүргүндүн деми басылгыча жашырын жүрүүгө, карыганда тоо арасында баш калкалоого аргасыз болуп, өмүрүнүн соңку жылдары чынында эле оор болгон. Молдали болуштун башына түшкөн азаптарын белгилүү педагог Талипбай Салиев да угуп калган.

- Молдали болуш аз убакыт эле бийлик башында турган, кийин шайланбай калган экен. Кыйынчылык маалында Кара-Жыгачта жашырынып жашаган, сөөгү айылда коюлган, - дейт ал.

Молдали болуштун урпактары ушу тапта Сузак районунун Кыз-Көл, Ак-Талаа, Ак-Тоок айылдарында жашайт. Уулу Баратали аксакал колхоздун жумуштарын аткарып, күлүк ат таптаганын, карылыкка моюн бербей улак тартып жүргөнүн бала кезимде мен деле көрүп калдым.

Ал эми неберелери негизинен билим берүү тармагында иштеп келатышат. Чоң атасынын жолун жолдоп, алардын баары көркөм өнөргө жакын, комуз чертип, ыр ырдап, акындыкты барктаган инсандар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG