Үч өлкөгө санкция киргизе турган мыйзам долбоору АКШнын Өкүлдөр палатасында чоң колдоого ээ болду. Демократтар менен республикачылар алдын ала макулдашып алгандыктан санкцияларды 419 эл өкүлү колдоп, үчөө гана каршы болду.
Демилгечилер кошумча санкцияларга Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтиришти. Натыйжада жаңы санкциялар Орусиянын жогорку расмийлеринен тарта энергетикалык ири компанияларын да бутага алат.
Түндүк Корея болсо тыюу салынган ракеталык жана өзөктүк сыноолору үчүн кошумча санкцияларга туш болууда. Мыйзам долбооруна ылайык, Түндүк Кореянын жана ага ыктаган өлкөлөрдүн кемелери Американын сууларына кире алышпайт. Бул мамлекеттин жарандарынын эмгеги менен жасалган товарлар да АКШга киргизилбейт.
Ошондой эле баллистикалык ракета программасына тиешеси бар ирандык расмийлер кара тизмеге киргизилет. Алсак, Иран армиясындагы таасирдүү "Революция сакчылар кеңешинин корпусунун" макамы террордук уюмдукуна тете болот. Ага кошумча Иранга каршы курал эмбаргосу жарыяланат.
Эң башкысы АКШ президенти Дональд Трамптын жогорудагы жана буга чейинки санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу укугу чектелет. Калифорниялык конгрессмен Хаокин Кастро санкциялардын зарылчылыгын минтип түшүндүрдү:
- Бул мыйзам Түндүк Корея, Иран жана Орусиянын өкмөттөрүн туруктуулукка шек келтирген аракеттерине жооптуу кылуу үчүн буга чейинки санкцияларды бекемдейт. Орусия тууралуу бөлүм өзгөчө керек. Орусия Украинага басып кирүү менен жана Американын, Европанын шайлоолоруна кийлигишүү менен эл аралык мыйзамдарды одоно бузду. Бул санкциялар АКШ тарап президент Путин менен анын жардамчыларынын жооптуу деп эсептерин далилдеп турат. Мындан тышкары Конгресс президент Трамп баш тартса да, чечкиндүү кадамдарга барарын көрсөтөт.
Мыйзам долбооруна ылайык, эгер АКШ президенти кайсы бир санкцияны токтотом же өзгөртөм десе, Конгресске өз чечимин негиздеп бериши керек.
Өкүлдөр палатасы колдогон мыйзам долбоору Сенат жактыргандан кийин президент Дональд Трампка кол коюуга жөнөтүлөт. Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс президент аталган үч өлкөгө карата кошумча санкциялардан баш тартууну көздөбөсүн, мыйзамдын акыркы долбоорун карап көрөрүн айтты.
Кантсе да конгрессмендердин жаңы санкциялары президент Трамптын Орусия менен алаканы оңдоо аракетине залакасын тийгизет деген пикирлер да жок эмес. Орус расмийлери дароо эле Өкүлдөр палатасынын чечимин кескин сындап чыгышты. Алардын бири - Федерация кеңешинин Маалыматтык саясат комитетинин башчысы Алексей Пушков:
- Бул - Дональд Трампты кыйын кырдаалга кептөөнү, анын Орусия менен мамилени оңдоо ниетине бөгөт коюуну, Путин менен Трамп Гамбургда жетишкен келишимдерди жокко чыгарууну көздөгөн аракет. Башкача айтканда, бул - Москва менен мамиленин ого бетер начарлашына алып келген олуттуу кадам.
Орусияны улай Ирандын бийлиги да жаңы санкцияларды касташууга жол ачкан кадам деп мүнөздөп, расмий Тегеран буга жооп кайтарарын ишара кылды. Европа Биримдиги санкциялар орус тарап менен биргелешкен "Түндүк Агым - 2" сыяктуу ири энергетикалык долбоорлорго залакасын тийгизбейби деген кабатырлануусун билдирди.
Орусия 2014-жылы Крымды Украинадан аннексиялагандан көп өтпөй АКШ расмий Москвага санкцияларды киргизген. Орус тарап АКШнын былтыркы шайлоосуна кийлигишти деген маалыматтардан кийин Америкада Кремлге кошумча санкцияларды жарыялоо демилгеси көптөн бери көтөрүлүп келген. Мурдагы президент Барак Обама декабрь айында Мэриленд жана Нью-Йорк штаттарындагы 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган.
Дональд Трамптын президенттик кызматы Орусиянын АКШ шайлоосундагы ыктымал ролу тууралуу иликтөөлөр менен коштолуп келет. Учурда АКШда бул маселе боюнча беш иликтөө жүрүп жатат.
Ансыз да Орусияга жан тартты деп сынга кабылган президент Трамп соңку мыйзамга вето коеру же койбой турганы азырынча белгисиз. Бирок президент каршылыгын билдирсе да Конгрессте анын ветосун ашып өтүү мүмкүнчүлүгү бар.