Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Трамп-Орусия байланышын атайын прокурор иликтейт


Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк (оңдо) президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү былтыркы өнөктүк учурунда сүйлөшкөн орусиялык расмий өкүлдөрдүн бири катары аталып жүрөт. Сүрөт АКШ президенти Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жана элчи Сергей Кисляк менен 10-майда Ак үйдө жолуккан учурда тартылган.
Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк (оңдо) президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү былтыркы өнөктүк учурунда сүйлөшкөн орусиялык расмий өкүлдөрдүн бири катары аталып жүрөт. Сүрөт АКШ президенти Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жана элчи Сергей Кисляк менен 10-майда Ак үйдө жолуккан учурда тартылган.

АКШда президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн атайын прокурор дайындалып, бул милдет ФБРдин мурдагы директору Роберт Мюллерге жүктөлдү.

Юстиция министрлигинин жогорудагы жарыясы президент Трамптын Орусиянын тышкы иштер министри менен сүйлөшүүсүнүн мазмуну жана ФБРдин жакында кызматтан алынган башчысына жасаган өтүнчү боюнча америкалык медиада жарыяланган соңку маалыматтар АКШда талкуу жана суроо жараткан учурга туш келди.

Юстиция министрлигинин талаштуу маселени иликтөө үчүн атайын прокурор дайындоо чечимин Конгресстеги демократтар да, республикачылар да кубаттады.

Өзгөчө Конгресстеги демократтар Орусиянын былтыркы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Трамптын пайдасы үчүн, ал эми анын атаандашы Хиллари Клинтонго каршы жасалды делген аракеттери боюнча көз карандысыз иликтөө талап кылып жатышкан эле.

- Мен буга кубанычтамын, бул туура багыттагы жакшы башталыш. Азыркы администрация менен жаңы президент апта сайын улам бир жаңы кризисти баштан кечирүүдө. Эми бул иш жасалганына кубанычтамын,- деди Мичиган штатынан демократ-конгрессмен Жон Коньерс.

АКШнын юстиция министринин жана башкы прокурорунун орун басары Род Розенштейн атайын прокурорду дайындоо боюнча чечимди "кылмыш жасалды жана соттук териштирүү кепилденет" деген ишенимден улам эмес, "Американын коомчулугу иликтөөнүн жыйынтыгына толук ишенүүсү үчүн" деп түшүндүрдү.

"Коомдун кызыкчылыгы менден бул иликтөөнү кадимки системадан көз карандысыз турган адамдын башкаруусуна берүүнү талап кылды",- деди Розенштейн өз билдирүүсүндө.

Атайын прокурордун макамы

Кошмо Штаттардагы салт жана эрежелер боюнча атайын прокурор көз карандысыз болуп саналат.

Ал иликтөөнү өзү тандаган команданын жардамы менен жүргүзүүгө, ошондой эле багыты боюнча Юстиция министрлиги, Ак үй менен кеңешпей коюуга укуктуу.

Мындан сырткары атайын прокурор иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлүгү аныкталган адамды соттук тартипте жоопко да тарта алат.

Орусия маселесинде Ак үй ФБР былтыр баштаган иликтөө боюнча Юстиция министрлигине таасир көргөзүүсү мүмкүн деген шек саноолор президент Трамп мындан бир апта мурда ФБРдин директору Жеймс Комини кызматтан алгандан кийин күчөгөн.

Жеймс Коми жана Майкл Флин
Жеймс Коми жана Майкл Флин

Кошумча суроолор Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин Комиден анын Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусияга байланыштары боюнча иликтөөнү токтотууну сураганы тууралуу маалыматтар 16-майда америкалык медиага чыккандан соң жаралды.

Америкалык медиа Коми Трамптын өтүнүчүн жана аны менен башка сүйлөшүүлөрүнүн мазмунун тизмектеп, жазып койгону да айтылууда.

Атүгүл Конгресстин бир нече лидерлери Трамптын Флинн боюнча иликтөөнү токтотуу өтүнүчү АКШ мыйзамдары боюнча сот адилеттигине тоскоолдук же кылмыш катары бааланып калышы мүмкүндүгүн да эскертишүүдө.

17-майдын кечинде Конгресстин кеминде үч комитети Коминин кагаздарын көрүүнү талап кылып, ал Трамп менен сүйлөшүүлөрү боюнча көрсөтмө беришин көздөп жатышканын билдиришти.

Роберт Мюллер
Роберт Мюллер

Атайын прокурордун дайындалышын кубатташкан конгресс лидерлери бул иш ФБРди 2001-2013-жылдары, республикалык да, демократиялык да администрациялардын тушунда башкарган Роберт Мюллерге жүктөлгөнүнүн тууралыгына көңүл бурушууда. Ушундай эле ойду айрым талдоочулар да айтып жатышат:

- Менимче бул жердеги азыркы мунаса тандоо туура жасалгандыгында. ФБРдин республикалык да, демократиялык да администрацияларынын тушунда иштеген мурдагы директору деталдарга өзгөчө басым жасаган, абдан кылдат иштеген мыкты иликтөөчү катары белгилүү. Ал бул иликтөөгө көз карандысыз добуш кошо алары азыртан эле көрүнүп турат. Бизге азыр дал ушул нерсе керек, - деди Рейтер агенттиги менен маегинде Лойола университетинин укук профессору Жесика Левинсон.

Трамптын реакциясы

Ак үй мурдараак Трамп ФБРдин кызматтан алынган директору менен өзүнүн мурдагы кеңешчисинин иши боюнча сүйлөшкөнүн четке каккан эле.

Атайын прокурор дайындалгандан кийин президент Трамп дагы билдирүү жасап, анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай "күмөндүү байланыш" болгон эмес деп кайрадан ырастады.

Ага чейин Трамп тарыхта медиа ага жасагандай "жаман жана адилетсиз мамиле кылган саясатчы болбогонуна" да даттанган эле.

Президент бейшемби күнү да Твиттердеги баракчасында анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн атайын прокурор дайындалганына байланыштуу ал "АКШ тарыхында саясатчыга карата эң ири куугунтукка (охота на ведьм)" кириптер болуп жатканын жазды.

Трамп атаандашы Хиллари Клинтон менен мурдагы президент Барак Обаманын "мыйзамсыз аракеттерин" иликтөө үчүн атайын прокурор эч убакта дайындалбаганын белгиледи. Бирок ал өзү атаган "мыйзамсыз аракеттер" кайсылар экенин чечмелеген жок.

Атайын прокурордун иликтөөсү канчага созулары азырынча белгисиз.

Быйыл жыл башында АКШнын чалгын мекемелери Орусия АКШнын былтыркы президенттик шайлоосуна кийлигишкен деп бүтүм чыгарып, ФБРдин иликтөөсү мына ошол тыянакка негизделген болчу.

Орусия өз тарабынан мындай ырастоолорду четке кагып келген.

Бул аралыкта Рейтер агенттиги 18-майда азыр кызматтагы жана мурдагы америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап, Трамптын шайлоо штабынын кеңешчилери былтыркы өнөктүктүн акыркы жети айында Орусиянын расмий жана Кремлге тиешеси бар башка адамдары менен телефон сүйлөшүү жана электрондук кат алмашуу аркылуу кеминде 18 ирет байланышта болгонун жазып чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG