"Путиндин сүйүктүү оюнчугу". Орусияда "тыңчыга" айланган окумуштуулар

Өткөн жылы Орусияда "мамлекетке чыккынчылык кылды" деп айыпталган үч окумуштууга өкүм чыгарылган. Дагы төрт сибирлик физиктин иши тергөөдө, бешинчисинин иши сотко жеткен жок, ал камакка алынгандан көп өтпөй каза болуп калган.

Ондогон жылдар бою өмүрүн орус илимине арнаган илимпоздор мамлекеттик сырды чет өлкөлөргө, негизинен Иран менен Кытайга ачыктаган деп айыпталган.

Кесиптештеринин ырасташынча, куугунтукталган илимпоздор кандайдыр бир «жашыруун маалыматтарды» алуу үчүн уруксаты да болгон эмес. Ал эми эл аралык изилдөөлөрдүн алкагында алар берген маалымат Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери катышкан комиссия тарабынан алдын ала үч жолу текшерилген.

Камактагылардын бардыгынын изилдөөлөрү текши үндөн ашкан ылдамдык темасы менен байланышкан. Укук коргоочулардын айтымында, илимпоздорду куугунтуктоо менен орус бийлиги Орусияда башка өлкөлөр көз арткан гиперүн (үндөн беш жана андан ашуун эсе ылдам) куралы бар экенин дүйнөгө далилдөөгө аракет кылууда.

"Атам эч кимге жалаа жапкан жок"

Декабрдын ортосунда Орусия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Христианович атындагы Теориялык жана колдонмо механика институтунун (ТКМИ) окумуштууларынын иши боюнча кармалган жаңы адам тууралуу маалым болду. ФСБ мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталган сибирлик беш окумуштууга Томск шаарынан алардын кесиптеши Владислав Галкинди кошту.

Бул томскилик илимпоздордун биринчи кармалышы эмес. Үч жыл мурун Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Бекемдик физикасы жана материал таануу институтунун (БФМИ) каптоо усулдары лабораториясынын мурдагы кызматкери, пенсиядагы Александр Луканинди үч жыл мурун кармашкан. Пенсияга чыккан окумуштууга кандай айып тагылганы айтылган жок, ишти купуя тергешти. 2022-жылы октябрда Томск облустук соту аны мамлекетке чыккынчылык кылган деген күнөө менен жети жарым жылга эркинен ажыратты (Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси).

Владислав Галкин

Галкин – физика-математика илимдеринин кандидаты, Томск политехникалык университетинин доценти жана Орусия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн ТКМИнин башкы илимий кызматкери Валерий Звегинцевдин туруктуу авторлошу. 2023-жылы май айында Орусия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Теориялык жана колдонмо механика институтунун «Жогорку аэрогазодинамика» лабораториясынын негиздөөчүсү Звегинцев «мамлекеттик чыккынчылык» тууралуу иш боюнча шектүү деп табылган. Эки илимпоздун тең адистиги – гиперүн технологиялары.

Эгерде Звегинцевдин камакка алынганы кесиптештеринин аны коргогон ачык катынан белгилүү болсо, ал эми Галкиндин кармалышы жөнүндө алгач анын атын атабастан кабарлашкан. Укук коргоочулар илимпоздордун соту улам барган сайын жабык болуп баратканын белгилешүүдө. Туугандары жана жактоочулары журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат. Кесиптештери көбүнчө атын атагысы келбеген шартта гана сүйлөп беришет.

Христианович атындагы институттагы башка кесиптештери менен бирге Владислав үндөн ашкан ылдамдык боюнча 2016-жылдан бери тынбай иштеди. Валерий Звегинцев менен да чогуу иштеди. Конструкцияларды өзгөртүү, аэродинамика түтүгүндөгү эсептөөлөр жана сынактан өткөрүү менен бирге үндөн ылдам учуучу аппараттар үчүн аба соргучтар менен алектенет. Бирок алардын баары экспертизадан кийин ачык жарыяланганын, а эксперттик комиссиянын жарымын ФСБнын кызматкерлери түзөрүн айтат Звегинцев менен Галкиндин кесиптеши.

Валерий Звегинцев, ОИА СБнын Теориялык жана колдонмо механика институтунун «Жогорку ылдамдыктагы аэрогазодинамика» лабораториясынын негиздөөчүсү

79 жаштагы Валерий Звегинцев ушул эле берене менен 2023-жылы апрелде камакка алынган. Башка өлкөлөргө жашыруун маалыматтарды берген деген кине тагышып, аны мамлекеттик чыккынчылыкка айыпташкан. Кытай менен Иранды ачык айтышкан. Ал «үндөн ашкан ылдамдык менен иштеген окумуштуулардан» «новосибирлик» жана «москвалык» иштер боюнча үй камагына чыгарылган жалгыз киши. Эреже катары, калгандарынын тергөө учурундагы бөгөт чарасы катары «Лефортово» СИЗОсуна камоо каралган.

"Чаранын мындай жеңилдетилиши жаш курагына жана ден соолугуна байланыштуу", – деп түшүндүрдү мамлекеттик чыккынчылык жана тыңчылык иштери боюнча адистешкен юристтер жана журналисттердин «Первый отдел» биримдигинин юристи Евгений Смирнов.

Александр Шиплюк

2022-жылы августта Звегинцев камакка алынганга чейин Александр Шиплюк кармалган. 2006-жылы ал Звегинцев негиздеген ошол эле «Жогорку ылдамдыктагы аэрогазодинамика» лабораториясынын башчысы болгон.

Бир жылга жетпеген убакыттын ичинде аталган институттан үч окумуштууну (!) мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпташты.

Төртүнчүсүнө айып тагууга үлгүрүшкөн жок – 76 жаштагы физика-математика илимдеринин доктору Дмитрий Колкер рактын акыркы стадиясында экенине карабай камакка алынган. 2022-жылы 30-июнда сот мындай чечимди Колкердин дарылануусуна эч кандай тиешеси жок терапевт Александр Романенконун маалымкатынын негизинде чыгарган (маалыматта Романенко уйку безин простата бези менен чаташтырган жана окумуштуу канааттандырарлык абалда, ошол себептүү тергөө амалдарына катыша алат деп көрсөткөн).

Колкердин жактоочулары сотко аны дарылаган догдурлардын так диагнозун көрсөткөн документтерин алып келгенине карабастан, судья Ирина Алиева этибарга алган эмес. Лефортового камагандан эки күн өткөндөн кийин, 2-июлга караган түнү ооруканада каза болгон.

Окумуштууну бул жакка өлөрдөн эки саат мурун алып келишкен болчу. Аны менен коштошуу зыйнаты 19-июль күнү эртең менен Новосибирск шаарында өттү.

Дмитрий Колкер

Дмитрий Колкердин негизги иштеген жери НМУ болчу, мындан тышкары ал ОИА СБ НМТУга караштуу Лазердик физика институтунда кошумча иштеген. Анын кесиптештери жана жакындары Дмитрий Колкер «чынчыл адам болгондугун» айтышат жана «мамлекеттик сырды атайылап ашкерелеп, өлкөгө зыян келтириши мүмкүн эмес эле» дешет.

Кошумчалай кетсек, Колкердин кесиптештери анын жарыяланган бардык макалалары атайын текшерүүдөн өткөнүн айтышат.

"Чет өлкөгө кандай материалдарды жөнөтсө боло турганын чечүүчү комиссия институттун кызматкерлеринен турат. Колкерди текшергендей эксперттик комиссия биздин институтта да бар. Мындан тышкары, аптасына бир жолу чогула турган эксперттик кеңеш бар. Жыйындарда жарыялана турган материалдарды аларга беришет. Алар материалдарды карап чыгып, жашыруун маалымат бар-жогун чечишет. Эгерде алар жаңылыштык кетирсе, бул комиссиянын корутундусу туура эмес деп айткан дагы башка эксперт болот. Андай учурда тергөө органдары тарабынан териштирүү иштери жүрөт", – деп түшүндүрдү ОИА СБнын институттарынын биринин атын атагысы келбеген окумуштуусу: "Менин түшүнүшүмчө, институттагы экспертиза баштапкы болуп саналат. Албетте, эч ким [илимпоздордон] [тыюу салынган маалыматты] жарыялоого аракет кылбайт, анткени бул мүмкүн эмес. Комиссия карап чыккан соң, жарыялоого тыюу салган нерсе дээрлик болбойт".

ОИА СБнын Теориялык жана колдонмо механика институтунун камакка алынган окумуштуулары Анатолий Маслов, Александр Шиплюк, Валерий Звегинцев

Колкердин камаларына эки күн калганда – 2022-жылы 28-июнда – ФСБ институттун башкы илимий кызматкери, 76 жаштагы Александр Масловду камакка алган. Ал 20 жылдан ашык институттун жетекчисинин аэродинамикалык багытты көзөмөлдөгөн илимий иштер боюнча орун басары болгон. Колкердин кесиптештери сыяктуу эле, анын уулдары да атасынын күнөөлүү эмес экенине ишенишет жана, «эгерде кесепеттери ушунчалык коркунучтуу болбосо, мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыптоо күлкү келерлик» дешет.

"Сот жабык эшик артында өтүп жатат. Баары купуяланган, ошондуктан иш кандай жүрүп жатканын так билбейбиз, – деди илимпоздун уулу Николай Маслов редакцияга. – Ден соолук абалы туруктуу, бирок жакшы деп айтканга болбойт. Анын көптөгөн оорулары бар, биз бардык дары-дармектерди алып келгенибиз менен, ага керектүү дарылоонун бир бөлүгүн жүргүзүүдөн баш тартышты – зарыл эмес дешет. Олуттуу ыңгайсыздыкты жараткан көйгөйлөр да бар, бирок алар өтө жай чечилет. Дары-дармектерди берүү макулдукту талап кылгандыктан жана аны менен убагында байланыша албагандыктан, биз тез жооп кыла албайбыз жана дары-дармектери түгөнүп калбаса экен деп дайыма кооптонобуз. А бул ал үчүн өтө опурталдуу".

Туугандары окумуштуунун өмүрүнө керектүү дары-дармектердин баарын сатып келишкен, бирок аларды дайындаган догдурдун кагазына карабай, Масловго дарыларды берип коюудан баш тартышкан:

"Бул негизи көп күч-аракетти талап кылбайт, болгону жарым жылда бир жолу бир ийне сайып коюу керек, – дейт Николай Маслов. – Алар жөн гана кыйналганга мажбурлап жатышат. Тамак-аш маселеси да бар. Албетте, биз кийирип турган азык-түлүктөр аз да болсо жардам берет, бирок мында ойдогудай тамактануу дегеле мүмкүн эмес, анткени киргизиле турган тамак-ашка чектөөлөр бар. Демек, бул жагынан да баары жакшы деп айтканга болбойт. Ал темир тор артында бир жарым жылдан бери отурат, ошондуктан психологиялык абалы да олку-солку болуп турат. Мындайда жаш жигит деле туруштук бере албайт, бирок ал аягына чейин күрөшкүсү, чыккынчы эмес экендигин далилдегиси келет. Атамдын камалышы өлкөнүн кызыкчылыгын же адилеттүүлүктү коргоого эч кандай тиешеси жок экенине жүз пайыз ишенем. Камакка алынган институттун башка кызматкерлери тууралуу да ушундай эле пикирдемин".

Новосибирскиде камакка алынган окумуштуулар – көп жылдар бою жана ар кайсы мезгилде илимий макалаларын ачык маалымат базаларына жарыялап келген авторлор. Алардын эмгектерин таап, окуп көрүүгө болот.

Жазында институттун кызматкерлери ачык кат жарыялап, анда абактагыларга авторлош болгон бардык окумуштууларды да камакка алуу коркунучу бар экенин билдиришкен. Ошол эле катта камакка алынгандардын кесиптештери бул иштерди жасалма жана далилсиз деп эсептей тургандыгын ачык айтышкан.

"Өзүмдүн да, досторумдун да алдында акмын"

2023-жылдын октябрында Москва шаардык соту Москванын жанындагы Жуковский атындагы Борбордук аэрогидродинамика институтунун (БАГИ) учактардын жана ракеталардын аэродинамикасы бөлүмүн жетектеген 66 жаштагы окумуштуу Анатолий Губановду 12 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Окумуштуу мамлекетке чыккынчылык кылган деп табылган (Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси). Анын адистиги дагы гиперүн, «айыбы» – документтерин жөнөтүүдө үч жолу эксперттик комиссия, анын ичинде ФСБ кызматкерлери тарабынан тыкыр текшерилген эл аралык долбоорго катышканы.

Мамлекеттик айыптоо Губановду 13 жылга эркинен ажыратууну суранган. Үч (!) жылдан бери СИЗОдо отурган (2020-жылдын декабрынан бери) окумуштуу акыры күнөөсүн мойнуна алууга макул болуп, төмөнкү босогодон жеңилирээк жаза берүүнү сурангандыгына карабай, анын мөөнөтүн бир гана жылга кыскартышты.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, 2018-жылы Губанов кол алдындагы Валерий Голубкинди HEXAFLY-INT эл аралык долбоорунун алкагында гиперүн жүргүнчү учагын жасоого чакырган. Окумуштуулар тергөө мамлекеттик сырды тапкан иштер боюнча отчётторду Нидерландыдан келген кесиптештерине берип турган.

«Первый отделдин» укук коргоочулары документтер жөнөтүлгөнгө чейин үч жолу текшерилип, алардан эч кандай мамлекеттик сыр табылбаганын «Сибирь.Реалиидин» редакциясына нече жолу билдиришти.

Губановдун кол алдында иштеген белгилүү физик-теоретик, МФТИнин теориялык жана колдонмо аэрогидромеханика кафедрасынын профессору, Борбордук аэрогидродинамика институтунун (БАГИ) техника илимдеринин доктору жана гиперүн тармагындагы эң белгилүү адистердин бири 71 жаштагы Валерий Голубкинди Губанов 2021-жылы апрелде камакка алынгандан төрт ай өткөндөн кийин мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпташкан. 2023-жылы июнь айында ал мамлекетке чыккынчылык тууралуу берене боюнча күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн тартипте 12 жылга соттолду. Окумуштуу күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартты.

Валерий Голубкин

"Бүгүн жолдошум менен видео байланыш аркылуу сүйлөштүк, бирок абдан начар угулду. Жумасына бир жолу ушундай телефон чалганга уруксат беришет. Бирок тез-тез үзгүлтүккө учурагандыктан, эсен-соолук сурашканга гана үлгүрөбүз. Көп нерсе жөнүндө да сүйлөшө албайсыз, анткени алар тыңшап турушат", – дейт аялы Светлана Голубкина: "Бир да жолу кездешкенге бара элекмин. Бир айдан кийин барам, ошондо чоо-жайын анык билем. Балдар дейсизби? Алар да көргүлөрү келет. Бирок болгону бир жылда үч ирет гана жолугуштурушат. Анткени бул күчөтүлгөн тартиптеги колония эмеспи!"

Валерий Голубкин ноябрдын орто ченинде Карелиянын күчөтүлгөн тартиптеги №9 колониясына жеткирилген. 71 жаштагы окумуштууну жылытылбаган вагондо алып кетишкен:

"Азырынча мен анын абалы жөнүндө жактоочунун сөзүнөн, өзүнүн каттарынан гана бир аз билем, бирок ал жерде «ашыкча» нерселердин баары өчүрүлөт, эч кандай даттануу жазылбайт. Ошондуктан мен анын жылытылбаган вагондо жүргөндөн кийин ооруп калганын жактоочудан билдим. Ал жакка баратканда биз аны менен эки жума кабарлаша албай абдан тынчсыздандык. Азыр ал жакшы болуп калды. Ал жерде [колонияда] ага эч ким тийбейт окшойт, бирок баары бир түрмөнүн «түшүнүгү» менен жашаш керек. Кыязы, ага эч ким тийишпейт деле. Ал жерде ал эң улуусу, балким ошондон уламдыр", – дейт Светлана: "Бирок сүйлөшкөнүбүздө анын психологиялык абалы мага жаккан жок – бир нерсени туура эмес кылып коёмбу дегендей баарынан корко берчү болуптур. Кандайдыр бир мыйзамды бузбасам экен, ШИЗОго (айып изоляторуна) түшүп калбасам экен деп чочулайт окшойт. Оңго бассаң өзүң өлөсүң, солго бассаң атың өлөт дегендей эле жашоо".

Азыр Голубкиндердин үй-бүлөсү Орусиянын Жогорку сотуна өкүмгө каршы кассациялык арыз даярдап жатышат. Аялынын айтымында, окумуштууну камалганы кыжаалат кылбайт – ал өзүнүн күнөөлүү эмес экенин билет:

"Ал үчүн эч кимге чыккынчылык кылбаганы, өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экендиги маанилүү. Өзүнүн да, досторунун да алдында ак экендиги ал үчүн эң башкы нерсе, – дейт окумуштуунун жубайы. – Акыркы камоолор, томскилик илимпоздун камакка алынышы тууралуу, албетте, уктум. Күйөөмдүн жолу аны менен кесилишкен эмес, бирок ал башкалар менен чогуу иштеген. Ошондуктан андагы камалган кишилер күнөөлүү эмес деп так айта алам. Анда эмне үчүн камап жана соттоп жатышат? Менимче, Орусияда бул багытты жок кылуу кимдир бирөө үчүн пайдалуу. Кармалгандардын баары бир тема менен байланышкан, аны жок кылышат".

Укук коргоочулар иштерди «гиперүн» темасы менен байланыштырышат, бирок аларды башка себеп менен козгоп жатышат дешет.

Евгений Смирнов

"Бул гиперүн курал – бир гана Орусияда бар деп бир канча жолу айткан Путиндин сүйүктүү оюнчугу. Бул жерде анын бир нече жыл мурун көрсөткөн бет ачарын эстесек болот. Окумуштууларга каршы козголгон бардык иштерде алар максат эмес, жөн гана коштоочу курмандыктар болуп саналат", – дейт «Первый отделдин» юристи Евгений Смирнов: "Мындай иштерди козгоонун жол-жобосу өтө жөнөкөй – ФСБнын оперативдүү кызматкерлери гиперүн изилдөөлөрү менен кандайдыр бир байланышы бар илимий мекемеге барып, эл аралык жыйындарга же программаларга катышкан илимпоздорду издей башташат. Бир нече курмандыктарды таап, конференциянын же эл аралык иштин жүрүшүндө окумуштуу жашыруун маалыматты НАТО өлкөлөрү үчүн курал жасоодо колдоно ала турган чет элдик кесиптештерине берген делген маалымкаттарды даярдашат. ФСБ жашыруун делген маалымат жөнөтүлгөнгө чейин жарымы коопсуздук кызматкерлеринен турган тийиштүү комиссиялардын баарынан текшерилип өткөнүн жана эч ким эч кандай сыр табылбаганын эске албайт. Алар ошондой эле жашыруун делген маалыматтардын баары көп жылдар мурун ачык жарыяланганын да уруп ойнобойт. Максат – дүйнөнүн бардык чалгын кызматтары орус изилдөөлөрүнө аңчылык кылып жатканын көрсөтүү. Атайын кызматтын кишилери жазыксыз адамдарды камап, ал максатты өз билгениндей орундап жатышат".

Жактоочу келерки жылы да адистиги гиперүн менен байланышкан дагы бир нече бейкүнөө окумуштуу соттолушу мүмкүн экенин айтат:

"Өткөн жыл илимпоздорду репрессиялоонун аягы тыйылбай тургандыгын көрсөттү, бул 2024-жылы да эки-беш илимпоз камалат дегенди билдирет, – дейт Смирнов. – Кармалган илимпоздордун көбү жетимиштин тегерегиндеги улгайган адамдар. Жаза 7–10 жылдан (күнөөсүн мойнуна алып, кесиптештерине жалаа жапкандарга) 12–15 жылга чейин (коркутуп-үркүтүүлөргө карабай, жалаа жабуудан баш тарткандарга) дайындалат".