Шайлоо 2020: саясий күчтөргө эскертүү

Кыргызстан.

Парламентте сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөргө ультиматум жолу менен жеке максаттарды ишке ашырууга болбосун эскертти.

Мыйзам боюнча жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште антын кабыл алган адатта Cооронбай Жээнбеков кыска гана каалоо менен чектелчү.

Бул жолу президент депутаттардын алдында кенен сөз сүйлөп, аткарылып жаткан иштер, өлкөдөгү кырдаалга токтолду.

Билдирүүнүн негизги бөлүгү буга чейин жарыяланган долбоорлор, санариптештирүү, сот реформасы, экономикалык кырдаалга арналды. Бул маселелер боюнча Жээнбековдун буга чейинки билдирүүлөрүнөн көп деле айырмаланган жок. Ал эми парламенттик шайлоо жана саясий абал боюнча билдирүүсү кызыгуу жаратты. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда өлкөдө тынчтыкты бузууга аракет кылгандарга карата мыйзамдуу чара көрүлөрүн эскертти.

«Шайлоого ким кандай катышса, өз эрки. Бирок шайлоодон кийинки турмушту, өлкөнүн келечегин унутпайлы. Шайлоону мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей, инвестициялык климатка залал келтирбей, өткөрүүгө милдеттүүбүз. Мамлекеттеги тынчтык, жарандарыбыздын коопсуздугу баарынан кымбат экенин эстен чыгарбайлы. Коомубуздун ачыктыгын пайдаланып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын жалпы коомго таңуулагысы келгендер да жок эмес. Тигил же бул маселени кысым көрсөтүү, ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар да бар. Дагы бир жолу баса белгилеп, айтып коеюн - бардык маселе укуктук талаасында чечилет. Коомубуздагы тынчтыкты бузууга батынгандардын аракети мыйзам алкагында сөзсүз өз баасын алат».

Президенттин бул сөзү алдыдагы шайлоого байланыштуу болсо да, "ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар” деп конкреттүү кимге багытталды деген суроо жаралууда. Анткени бул кайрылуу өлкөдө саясий күчтөр жанданып, коомдо бир катар маселелер талкууланып жаткан мезгилге туш келди.

Мисалы, жергиликтүү шайлоолорго даярдык баштаган саясий партиялар курултай өткөрүүгө камынып жатса, Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккан жана Бишкектин четиндеги жаңы конушта жер тилкесине байланыштуу митингдер өттү.

Буга кошумча камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруу талабы менен тарапкерлери кийинки апталарда нааразылык акцияларын өткөрөрүн жарыялаган.

Жапаровду колдоо кыймылынын башчысы, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев президенттин билдирүүсү дал ушул соңку нааразылыктардын алдын алуу максатын көздөйт деп эсептейт:

Каныбек Осмоналиев

«Биринчиден, президент өтө чукул кайрылуу жасагандай таасир калтырды. Албетте, бул анын конституциялык укугу. Ал эми шайлоо жылында мыйзам бузбагыла деген бардык эле президентке мүнөздүү нерсе. Бирок ушуну улам-улам кайталап, басым жасаган өздөрү күнөөсүн сезгендей сезим калтырды. Мисалы, ошол эле Садыр Жапаровдун маселеси. Ага мунапыс берүү же ырайым берүүнү жөн эле чечип койсо болот эле. Ушул маселеден улам нааразы болгондор Кыргызстандын бардык райондорунан талап коюп жатат. Көбүнчөсү жаштар. Мен ушул нерсеге ишарат кылып,эскерткендей кабыл алдым».

Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо боюнча Бишкекте акция 2-мартта өткөрүүгө даярдык көрүлүүп жатканын ырастады. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Жээнбековдун билдирүүсү өз убагында жана туура болду деген пикирде.

«Өлкө башчысы катары шайлоо эле эмес бардык тармактар боюнча өз көз карашын билдирди. Санариптештирүүдөн баштап, учурдагы бардык көйгөйлөргө токтолду. Муну кайрылуу каалоо катары кабыл алсак болот. Эми аны сөзсүз парламент кабыл алат. Президенттин оюн уктук, бул деле парламент жана эл үчүн багыт болду десем болот».

Ал эми экс-премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, өлкөдө өкмөттүн бир катар долбоорлору ишке ашпай, нааразылык күчөп жаткан чакта президент дагы конкреттүү кадамдарды айтышы керек болчу:

Темир Сариев

«Эми шайлоолордон алдында саясатчылардын арасында популизм күчөйт. Президент мындан да катуу айтышы керек болчу. Жергиликтүү шайлоолор өткөн жатат. Мына ушул өнөктүктө болуп жаткан терс көрүнүштөргө кескин түрдө сын айтып, Башкы прокуратура менен өкмөткө тиешелүү жоопкерчилигин көрсөтүш керек эле. Анткени, Ош, Токмокто болуп жаткан жарандарды каттоого алуу жөн маселе эмес. Жергиликтүү бийликтердин мыйзамсыз аракеттерге барбагандай болуш керек. Эгер жергиликтүү шайлоолор таза эмес өтсө, бул парламенттик шайлоого да терс таасирин тийгизет».

Быйыл 12-апрелге белгиленген, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Ош, Каракол, Токмок шаарларына аймактардан келип каттоого тургандар кескин көбөйгөн.

Жарандык активисттер, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар муну саясатка байланыштырып, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого камынган айрым партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыгышкан. Ошол эле учурда Темир Сариев бийликти сындаган күчтөрдү президент каршылаш катары кабыл алып, күчүн көрсөтпөй алардын кеңештерине кулак салышы керектигин кошумчалады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​