Aлсыз эркектер көбөйүүдө

Экологиялык абалдын начарлоосу, турмуш-шарттын катаалдыгы жана кыргыз эркектеринин ден соолугуна болгон кайдыгерлиги улут генофондуна чоң коркунуч жаратууда.
Адистердин айтымында, азыр өлкөдѳ 2 жарым миллиондой эркек болсо алардын теңинен көбүнүн бөйрөгү, жыныстык органдары соо эмес. Акыркы мезгилде тукумсуздук да арышын арбын таштады.

Тилек болгону 24 жашта. Күлгүндөй курагында бир бөйрөгүн алдырып, ооруканада жатат:

- Бөйрөгүмдү алдырдым. Таш пайда болуп, көбөйө берип акыры жараксыз болуп калыптыр. Анан алдырууга туура келди. Азыр минтип ооруканада жатам. Чыкканда айтат го эми оор жумуш кылба деп. Биринчи операциям Жалал-Абадда болгон. Ошондо туура эмес операция кылып коюшуптур. Азыр экинчиси жасалды.

Кыргыз эркектеринин жалпы саламаттыгы азыр чеке жылытпайт. Айрыкча ишке жарамдуу жаш жигиттердин бөйрөгүнө, эрендик бездерине суук тийип, же оор жумуш кылгандыктан бөйрөктөрү түшүп кетүүдѳ. Туура эмес тамактанып, же сергек жашабай бөйрөгү менен табарсыгына таш толуп калгандар четтен чыгат. Элүүдөн ашкан баткендик Эгемберди да бөйрөгү ооруп дарыланууда:

- Баткенден келдим, катуу ооруп жаткам. Бөйрөгүңдө туз бар дешти. Баса албай келген элем. Сакайып калдым. Табарсыкка да суук тийиптир. Эми жакшы. Жаштарга жылуу кийингиле дейм, баары суук тийгенден болот экен. Оор жумуш деле кылчу эмесмин. Экинчи топтогу майыпмын.

Бөйрөк жана жыныстык органдары ооруган кыргыз эркектери 3 куракка бөлүнөт. Биринчиси - өспүрүм балдар, экинчиси - 20 жаштан 50 жашка чейинки ишке жарамдуулар жана 50 жаштан кийинкилер. Мындай топтун азыркы учурда эң эле көп жабыр тарткандары - 20 жаштан 50гө чейинкилер болууда. "Республикалык урология илимий борборуна дартын аныктатып же дарыланууга келгендердин аягы эч суюлбайт",- дейт аталган борбордун Андрология бөлүмүнүн башчысы, профессор Жаныбек Мамбетов:

- Акыркы 10 жыл ичинде бир топ байкоолорду жүргүздүк. Жыл сайын эркектердин жумалыгын өткөрөбүз. Анализ кылабыз. Азыр эркектердин оорусу улам көбөйүп баратат. Мунун көп эле себептери бар. Биздин Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашкан, суубуздагы минералдык заттар ашыкча. Күндүн ультрафиолет нурунун көп тийиши, тоолуу аймакта кычкылтектин азайышы да таасир берет. Азыр абада да радиация көбөйүп кетти. Ушундан улам бөйрөктө, табарсык менен туташкан тамырларда ташы көптөр арбыды. Айта кетчү нерсе бөйрөктүн, табарсыктын, эрендик бездердин рак оорусу да күчөдү.

Кыргыз эркектеринин арасында тукумсуздук да кеңири кулач жайды. Мунун төркүнү туура эмес тамактануу, саламаттыкка кайдыгер мамиле жасоо, энергетикалык, алкоголдук ичимдиктер, башаламан жыныстык катнаш болууда.

Жыйырма жыл мурда жылына бир же эки жолу тукумсуздук боюнча операция жасаса, Жаныбек Мамбетов азыр аптасына жок дегенде 2 кишиден бул илдетти аныктайт:

- Мен өзүм Союз убагында тарбияланган адисмин да. Ошол убакта жылына бир же эки эле кишиде тукумсуздук кездешсе, азыр кудай сактасын, аптасына жок эле дегенде бир операция жасайбыз. Ушунун баары эле кыргыздын жарандары болуп жатпайбы. Көбү ар кандай жаман иштерди кылган, режим сактаган эмес. Спортко катышкан, намазга жыгылгандар арасында да деле ооругандар бар. Алар эмнеден улам деп өздөрү да таң калышат. Текшере келгенде эле себеби башка болуп чыгат. Бузулган экология жана тыштан алынып келинген тамак-аш да ден соолукту талкалап жатат.

Жасалма уруктандыруу жолго коюлбады...

Жубайлар балалуу болбосо дароо эле дароо аялзатын айыптап, ажырашып улам башкасын ала берген адат бизде өнүккөн. Акыркы мезгилде тукумсуздуктун себеби жеке эле аялдарда эмес, эркектерде да болуп, бул көрсөткүч теңме-тең абалда. Кыргызстанда жасалма уруктандыруу жаатында олуттуу иштер жүрбөй жатканына профессор Мамбетовдун зээни кейийт:

- Тукумсуздук көбөйгөндөн улам Урология борбору, мен өзүм канча ирет бийликке кат жаздым. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечели дедим. Макул дешип, репродукция деген мыйзам кабыл алышты. Кээ бир чала сабат депутаттар Казакстан менен Орусиянын мыйзамын көчүрүп өткөрүштү. Муну биздин менталитетке ылайыкташ керек эле да. Балалуу болуш үчүн жасалма уруктандыруу борборун куруш керек эле. Мындай борбор бардык өлкөлөрдө бар. Артта калды деген Тажикстанда деле турат. Бизде эле жок экен. Бакиевдин убагында деле көрүнгөн жерге жаздык, ошону менен эч нерсе аткарылбай калды.

Эркектердин тукумсуздугунан улам Кыргызстанда жүздөгөн үй-бүлөлөр ажырашууда. Канчалаган жаш жубайлар адистерге ыйлап келгени менен керектүү лабораториялар, техникалык каражаттар, эркектин бел суусун топтоочу контейнер жок болгондуктан тагдырлар талкаланып жатат. Колунда барлар чет мамлекеттерге барып жасалма уруктандыруудан өтүп келишет. Бирок мындайлар өтө сейрек. Бул ишке баш-аягы 5-10 миң доллар керектелет.

Өлкө таянычы болгон эркектерибиздин саламаттыгы барган сайын начарлоодо. Башаламан жыныстык катнашка баргандар ар кыл жугуштуу ооруларды жуктуруп, өзү гана эмес жубайы жана балдарынын келечегине да балта чаап жатышат. Буга оор жумуш, ден соолукка кайдыгер кароо кошул-ташыл болуп, ишке жарамдуу жигиттер жаштайынан майыпка айланууда. Мунун алдын албаса улут тагдыры опурталдуу дешет адистер.