АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Ал Кыргызстан менен АКШнын алакасы боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
- Поммершайм мырза, Кыргызстанга жасаган сапарыңыздын башкы максаты эмне жана кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнөн кимдер менен жолуктуңуз?
- Бакыт, саламатсызбы. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп бергениңизге рахмат. Бул АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары катары Кыргызстанга жасаган биринчи сапарым. Мен азыр Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкка жооптуумун.
Сапарымдын башкы максаты - С5+1 форматында өткөн саммит боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жана АКШ-Кыргызстан мамилесине байланыштуу маселелерди талкуулоо. Алдыда саясий, маданий, билим берүү жана башка тармактар боюнча сүйлөшүүлөр пландалган.
Өкмөттө, анын ичинен Тышкы иштер министрлигинде жана парламентте бир нече жолугушуулар болот. Андан тышкары Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча пикирин билүү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү менен да кезигишем. Башта айткандай, бул менин Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапарым. Бирок буга чейин турист катары үй-бүлөм менен келип, Караколдо болгом. Кыргызстанга кайра келип жатканыма кубанычтамын. Мен өкмөттөр аралык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жасалып жаткан иштерди талкуулоо үчүн келдим.
- Сиз белгилегендей, өткөн айда Нью-Йоркто биринчи жолу С5+1 форматында АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин саммити өтүп, сүйлөшүүлөр болду. Жо Байден аны “тарыхый саммит” деп атады. Бул жыйындан кийин АКШ менен Борбор Азиянын анын ичинде Кыргызстандын мамилелеринде кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот?
- Биз президент Садыр Жапаровдун С5+1 форматында өткөн саммитке келип катышканына кубанычтабыз. Сиз берген суроодо айтылгандай, бул чын эле тарыхый окуя болду. Мен С5+1 саммитти 2015-жылы Казакстанда негизделип жатканда ал жерде болгом. Сегиз жылдан кийин Борбор Азия мамлекеттеринин беш президенти тең биринчи жолу президент Жо Байден менен бир үстөлгө отуруп, АКШ менен бул аймактын кызматташтыгы тууралуу сүйлөштү.
Саммит терроризмге каршы күрөш, экономикалык багытта – энергетика, жашыл энергетика, аймактан өндүрүлгөн электр жарыгын дүйнөлүк рынокко алып чыгуу темаларын талкуулаганга шарт түздү. Борбор Азияны жаштардын аймагы деп койсо да болот. Алар жакшы жумуш издеп, жаркын келечекке умтулат. Жалпылап айтканда, экономиканы көтөрүү боюнча ар кайсы тармактарда кызматташканга мүмкүнчүлүк бар.
"АКШ - Борбор Азия" форматында гана эмес, эки тараптуу алака менен да көп иштерди жасаса болот. Анын ичинен Кыргызстанда англис тилин окутуу, ишкерлердин дүйнөлүк базарга чыгуусуна шарт түзүү программалары бар. Саммитте ушул маселелер талкууланды. Мен ар бир тармак боюнча мамилени дагы кантип чыңдоо керектиги тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөм. АКШ менен Кыргызстандын дипломатиялык алакасы башталганына 30 жылдан ашты. Эми алдыдагы 30 жылда биздин алака-катыш кандай болорун ойлонушубуз керек.
Дагы караңыз Поммершайм: АКШ Кыргызстан менен жаңы макулдашууга кол коюуга даяр- Сиз “Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолугуп, өлкөдөгү абал боюнча баарлашам” деп айттыңыз. Борбор Азия өлкөлөрүндө сөз эркиндиги кысылып, жарандык коомго басым болуп жатканы жана адам укуктары бузулганы тууралуу маселе көтөрүлүп келет. АКШ Кыргызстанда да ушундай эле көйгөйлөр бар экенин айтып, тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда ушул маселелер көтөрүлөбү?
- Албетте, жолугушууларда бул темалар көтөрүлөт. Кыргызстан үчүн акыркы 30 жылда демократиялык жетишкендиктерди сактап калуу өтө маанилүү. Кыргызстандагы күчтүү жарандык коом кыргыз коомчулугу үчүн чоң роль ойнойт. Кыргызстанда элдин оюн эркин билдирүү, тынч жыйындарга чогулуу укугу сакталышы керек. Ошондой эле парламент көз карандысыз болуп, мыйзамдарды өз алдынча кабыл алууга шарт түзүлүшү маанилүү. Бул коомго пайда гана алып келет. АКШ муну дүйнөгө ачык эле билдирип келет. Биз бул темалар боюнча Кыргызстан менен да пикир алышып турабыз. Жазында эки тараптуу консультациялык жолугушуу болгон. Анда да ушул маселелер көтөрүлгөн. АКШ ушу тапта Кыргызстанда каралып жаткан “чет элдик агент” жөнүндө мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирет. Бул карапайым элдин маалымат жана кызмат алуу укугун чектейт. Документ айрыкча аймактардагы адамдарга зыянын тийгизет. Себеби азыр өкмөттүк эмес уюмдар жер-жерлерде саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда. Мен элчиликтеги кесиптештерим менен кургак учукка, ВИЧке каршы долбоорлор боюнча сүйлөштүм. Биз бул долбоорлор боюнча кыргыз өкмөтү менен бирге иштеп жатабыз. Аларды ишке ашырууда Кыргызстанда күчтүү жарандык коом да чоң роль ойнойт. Кыргызстанда жарандык коомдун активдүүлүгү бизди кубандырат. Кыргызстандыктар ушул жетишкендикти сактап калып, анын артка кетишине каршы турушу керек деп эсептейм. Себеби кыргыз эли бул долбоорлордун көп пайдасын көрүүдө.
- Кыргызстан менен АКШ ортосундагы мамиледе эң маанилүү маселелердин бири - эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу жаңы келишим. Буга чейин расмий жактар бул келишим дээрлик даяр экенин билдиргени менен, кол коюла элек. Келишимге качан кол коюлушу мүмкүн жана бул эмнеге кечеңдеп жатат?
- Эки тарап АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тууралуу жаңы келишимге кол коюу маселесин буга чейин да талкуулаган. Кыргызстан келишимге кол коюуга качан даяр болсо, АКШ ошол учурда кол коёт. АКШ келишимге кол койгонго даяр. Бирок жаңы келишим жок болгону менен, ал кызматташтыкка эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Биз Кыргызстан менен өтө тыгыз кызматташтыгыбыз бар деп эсептейбиз. Биз аны дагы да алдыга жылдырганга кызыкдарбыз. Ал эми келишимге кол коюлса, дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мен дагы бир жолу кайталап кетейин, келишимдин кабыл алынбай жатышы кызматташтыкка кедергисин тийгизбейт.
- Дагы бир жагдай - Орусиянын Украинадагы согушунан улам Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан да көмөктөшүп жатышы мүмкүн деген маалыматтар чыккан. Бул жаатта АКШнын чочулоосун кыргыз бийлиги эске алдыбы?
- Бул өтө маанилүү суроо. Биз Орусияга салынган санкциялардын бардык мамлекеттерде так аткарылышын көзөмөлдөп турабыз. Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу башка өлкөлөр санкцияларды кыйгап өтүп орус армиясына жардам беришине тоскоол болушубуз керек. Биз колдо бар маалыматтарды Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен, анын ичинен Кыргызстан менен да бөлүшүп турабыз. Бул маселе боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен сүйлөшүүдө жакшы жыйынтыктар бар. Ушул жылы Кыргызстанга АКШнын Каржы министрлигинен жана Коммерциялык департаменттен эки делегация келип, санкциялар тууралуу маселени талкуулап кетишти. Кыргызстандын кызмат адамдары ишканалардын Орусияга салынган санкцияларды так сактоосу үчүн кошумча чараларды көрүп жатканы колдоого аларлык.
Дагы караңыз Кытай, корей автоунааларынын Кыргызстан аркылуу импорту арбыды- АКШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин мындан аркы мамилеси кандай уланат?
- Мен башта айтып өткөндөй, биз Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты жакшырткыбыз келет. АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилесинде көп мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз. 30 жылдан ашык убакыт кызматташуу мезгили артта калды. Эми алдыда дагы 30 жыл кандай иштеше турганыбызды талкуулашыбыз зарыл. Биз дагы да алдыга жылып, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз шарт. Ошондуктан биз жаштарга кантип англис тилин окута алабыз, экономикалык байланышты кантип жакшыртабыз деген маселени карап жатабыз. Коопсуздук жаатында ар кандай коркунучтарды алдын алуу боюнча да маселелер бар. Мен бул темалардын баары маанилүү деп эсептейм. Биз кызматташтыкты утур-утур жакшыртып, кыргыз өкмөтү менен иштеп, Кыргызстанга дагы көбүрөөк инвестиция салууга кызыкдарбыз.