Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Поммершайм: АКШ Кыргызстан менен жаңы макулдашууга кол коюуга даяр


Жон Поммершайм.
Жон Поммершайм.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу жаңы макулдашууга кол коюуга даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм “Азаттыкка” курган маегинде айтты.

“Эки тарап АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык тууралуу жаңы макулдашууга кол коюу маселесин буга чейин да талкуулаган. Кыргызстан келишимге кол коюуга качан даяр болсо, АКШ ошол учурда кол коёт. Бирок жаңы келишим жок болгону менен ал кызматташтыкка эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Биз Кыргызстан менен өтө тыгыз кызматташтыгыбыз бар деп эсептейбиз. Аны дагы да алдыга жылдырганга кызыкдарбыз. Келишимге кол коюлса, дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мен дагы бир жолу кайталап кетейин келишимдин кабыл алынбай жатышы кызматташтыкка кедергисин тийгизбейт”, - деди Поммершайм.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Бирок азырынча ага кол коюла элек.

Былтыр АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” билдирген.

“Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”, - деп айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG