Украинадагы акыркы кырдаал

Мариуполдун көчөлөрүнүн биринде кудайга сыйынып жаткан аял. 24-февраль, 2022-жыл. 

Мариуполго кирип бара жаткан танктар. 24-февраль, 2022-жыл. 

Киевден чыгып бара жаткан автоунаалар. 24-февралдын таңы. Украинадагы соңку кырдаалдан улам жолдо машиналардын узун тыгыны пайда болду.

Үйүн таштап кетип бара жаткан Мариупол шаарынын тургуну. 24-февраль, 2022-жыл.

Киевдеги Днепр дарыясына жакын аймактагы аткылоодон чыккан жалын. 24-февраль, 2022-жыл. 

 

Күйүүчү май куюш үчүн кезек күткөн автоунаалар. Киев шаары, 24-февраль, 2022-жыл.

24-февралдын таңындагы Киевдин көрүнүшү.

Мариупол шаарынын аэропортунун жанындагы аскердик базадан чыгып жаткан түтүн. 24-февраль, 2022-жыл. 

Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдиргенден кийин метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл. 

Метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл. 

Украинадан чыгып кетүүнү каалаган жарандар Киев аэропортунун жанында турушат. 24-февраль, 2022-жыл. 

Өлкөнүн аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.

Метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл. 

Киев шаарынын көчөлөрүнүн биринде турган жарандар. 24-февралдын таңы.

Украинанын армиясынын жоокерлери. Мариупол шаары. 24-февраль, 2022-жыл.

Донецк шаарынын көчөлөрүндөгү жикчилдердин аскер техникалары. 24-февраль, 2022-жыл.

Украиналык жоокерлер. Мариупол шаары. 24-февраль, 2022-жыл. Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.​

Мариупол шаарынын аэропортунун жанындагы аскердик базадан чыгып жаткан түтүн. 24-февраль, 2022-жыл. 

Чугуев аскердик аэропортунан чыгып жаткан кара түтүн. 24-февраль, 2022-жыл.

Киевдин борборундагы Эркиндик аянтынан өтүп бараткан аскер техникалары. Шаарда сирена жаңырды.

Мариуполдук Александр Бажанов Украина менен Польшанын чек арасында баратат.

Украинанын Чугуев шаарындагы көп кабаттуу имарат бомбалоодон кийин. Владимир Путин Донбасста аскердик операция жүргүзүү боюнча чечим кабыл алганын 24-февралда таңга маал билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.