10-декабрда аялдарга каршы зомбулук менен күрөшүүнүн эл аралык өнөктүгү аяктады. Италияда быйыл бул иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулуп, кыз-келиндердин укуктарын коргоо зарылдыгы актуалдуу темага айланды.
18-ноябрда 22 жаштагы студент Жулия Чеккеттиндин 26 жерден бычак сайылган сөөгү табылган. Аны өлтүрүүгө мурдагы сүйлөшкөн жигити шектелүүдө. Трагедия Италияны силкинтип, нес кылды.
Мына-мына университетти бүтүрүп, биомедицина адистиги боюнча диплом алам деп турган кыз 11-ноябрда Венециянын четиндеги соода борборунда мурдагы жигити менен жолугушуудан кийин дайынсыз жоголгон.
Кылмышка шектүү 21 жаштагы Филиппо Туретта Германияга качып, ал жакта колго түшүрүлгөндөн кийин мекенине депортацияланган. Ал күнөөсүн моюнга алганын Италиянын маалымат каражаттары жазышты. Бул үрөй учурган окуя жана кыз-келиндердин укуктарын коргоо чаралары тууралуу италиялык журналист Лидия Баратта менен маектештик.
- Лидия, расмий статистикага караганда, ар үч күн аралыгында эле Италияда орточо эсеп менен бир аял эркектин колунан ажал табат экен. Албетте, бул коркунучтуу сандар. Дайыма эле мынчалык катуу реакция болот деп айтуу кыйын го. Эмне себептен дал ушул Жулиянын трагедиясы нааразылыктын, каршылыктын чоң толкунун жаратты?
- Жулия фемициддин (аялзатын жек көрүүгө байланышкан кылмыштын) жыл башынан берки 106-курмандыгы болуп калды. Тилекке каршы, ал жакын адамынын колунан каза тапкан акыркы кыз эмес. Канчалаган кыз-келиндер жакын адамынын ур-токмогуна кабылып, үй-бүлөлүк зомбулуктан улам өлүмгө дуушар болгону ачыкка чыкпай каларын да унутпайлы. Жулиянын окуясы коомдук пикирге катуу таасир этти, чоң реакция жаратты. Менимче, буга эки себеп бар.
Биринчиден, Жулия жана кылмышка шектүү мурдагы сүйлөшкөн жигити Филиппо Туретта катардагы жаштар болчу, адаттан тыш эч нерсе байкалган эмес. Университетте окуп жүрүштү. Кыздын окууну аяктап, диплом алууга жакындаганы окуяга түрткү берген болушу мүмкүн. Себеби, жигит Жулия андан биринчи болуп диплом алабы деп кызганыптыр.
Экинчиден, менимче, маркумдун эжеси Элена Чеккеттиндин сөзү чоң таасир этти. Адатта журналисттерге, телеканалдарга сүйлөгөндө киши колдуу болгондордун жакындары кайгыга батып, камера алдында өзүн жоготуп коёт эмеспи. Көбүнөн айырмаланып, Элена өзүн кармап, сабырдуу турду, ошол эле маалда ачуу чындыкты айтты.
Ал Филиппо Туретта жырткыч эмес, кадимкидей жигит деп, бирок аны “патриархаттын уулу” деп мүнөздөдү. Ушул аныктаманы Италиянын жалпы коому илип кетти, дал ушул сөздү көп кайталап жатат. Билим берүү министри мектеп окуучуларын Жулияны бир мүнөт унчукпай туруп эскерүү сунушуна Элена, тескерисинче, ызы-чуу салып эскерүүгө чакырды.
Бул үнүбүз катуу чыксын, ушундай трагедия болуп жатса акырын отуруп калууну каалабайбыз деген ишарат болду. Маркумдун атасы кызы окуган университетке барып жасаган кайрылуусунда: "Жулияны тымтырс болуп же добушубузду катуу чыгарып эскеребизби, демонстрацияларга чыгабызбы, эң негизгиси ушул кайгылуу окуядан сабак алып, күнүмдүк турмушта чара көрө баштайлы, ушул “патриархалдык маданиятты” жоёлу", - деп айтты.
Быйыл Италияда 25-ноябрда – аялдарга каршы зомбулукту токтотуу күнүндө өткөн митинг-демонстрацияларда эркектердин өзгөчө көп катышканына күбө болдук.
Сөзүмдү социал-демократтар партиясынан сенатор Филиппо Сенсинин айткандары менен жыйынтыктасам. Депутат: "Мен өлтүрбөсөм да, бир эркек, арабыздагы бирөө аялды өлтүрдү. Мен зордуктабасам да, арабыздагы бир эркек зордуктады. Керек учурда үн катпадым”, - деди. Ал ушул сөздөрү менен кадыресе деп кабыл алынган жүрүм-турум канчалык жаңылыш экенин көрсөткөн талкууга жем таштагандай. Ошондой кадыресе көрүнгөн жүрүм-турум акыр-аягында Жулиянын өлүмүнө жеткиргендей мыкаачылыкка себеп болот.
Дагы караңыз "Педофилдин жүзүн жабышат". Сойкуканадагы рейдден чыккан суроо- Лидия, сиздин пикириңизде, эмне үчүн кыз-келиндердин көбү зомбулукка кабылганда полицияга кайрылбайт?
- Италияда күйөөсүнүн үстүнөн арызданып, даттанган аялдар кайра эле ур-токмокко кабылган учурлар да бар. Мындай система сөзсүз жакшырат деп ишенем. Өткөн жумада мамлекеттик полиция Жулия Чеккеттиндин киши колдуу болгону тууралуу кабарды таратканда, маалыматтын астындагы комментарийлерде кыздар күч органдарына кайрылганда аларга адегенде олуттуу көңүл бурбай коюшкан окуяларын айтып беришти. Мындай көрүнүш өзгөрүшү керек.
Аялдарга каршы зомбулук менен күрөшүү чараларынын алкагында сунуш кылынган мыйзам долбоору бир добуштан кабыл алынды. Документте зөөкүр эркектердин үстүнөн ошол эле электрондук билерик тагып көзөмөлдү күчөтүү, жабырлануучудан оолак кармоо каралууда. Зордук-зомбулук катталган, резонанс жараткан окуялар болгондо жаңы мыйзамдарды кабыл алуу демилгеси көтөрүлөт. Менимче, балким, бар жоболордун аткарылышын жакшыраак көзөмөлдөө, натыйжалуу ишке ашыруу туура болмок. Албетте, мындай кылмыштарды алдын алуу чаралары абдан маанилүү. Бирок андай чараларга бөлүнгөн акча азайтылыптыр. Болгондо да аял жетектеген өкмөттүн тушунда кыскартылып отурат.
- Лидия, италиялык эксперттер кандай ойлорду айтууда? Ошол чаралар жетиштүүбү? Себеби, ошондой окуядан кийин коом козголуп, анан тынчып калганын да көрүп келатпайбызбы?
- Ооба, мен жана айткандай, ушундай кылмыш катталган сайын өзгөчө Жазык кодексине жаңы ченемдерди киргизүү, жазалоону күчөтүү демилгелери көтөрүлөт. Иш жүзүндө Италияда аялдарды чоң муштум эркектерден коргогон мыйзамдар жетиштүү эле. Бирок биз көргөндөй, балким, кеп маданиятта. Биз жанатан бери талкуулап келаткан окуянын каармандарынын жосундары ошол мыйзамдарга, жоболорго сыйбайт.
Мисалы, бул күндөрү көптөгөн материалдар, журналисттик изилдөөлөр, интервьюлар чыгып жатат. Айрым маалыматтарда Италияда 29 жашка чейинки жаштардын 16 пайызы сүйлөшкөн кызынын же жубайынын чөнтөк телефонун, социалдык тармактардагы баракчаларын текшерип турганы демейки эле көрүнүш экенин айтышкан. Айтайын дегеним, маданий деңгээлде маселе бар.
Дагы караңыз "Аялдар. Жашоо. Эркиндик". Наргиз күрөштү түрмөдө улантуудаПарламенттеги көпчүлүк, билим берүү министри Жузеппе Валдитара мамиле түзүүгө үйрөтүү деген долбоорду сунуш кылды. Атап айтканда, 14-18 жаштагы өспүрүмдөргө 30 саат ошондой сабак өтүү каралууда. Бирок ал факультативдик сабак болмокчу, башкача айтканда, каалагандар гана ал дарсты угат.
Айрымдар аны үстүрт чара, өкмөттүн популисттик кадамы, мына Жулиянын өлүмүнөн кийин бир нерсе кылуудабыз деп эл көзүнө гана чукул кабыл алынган чечим деп сыпатташууда. Балким, мындан да терең, жакшылап таразаланган, көбүрөөк инвестиция жумшалган чаралар керек. Мектептерде сексуалдык тарбия сабагын киргизүү сунуш кылынып, бирок мыйзам чыгаруучулар мунасага келе алган жок. Ооба, Кылмыш-жазык кодексине тиешелүү ченемдерди киргизүү зарылдыгын эч ким тана албайт, бирок алар бул өңдүү трагедияларды алдын алууга жетишсиз.