Париж-2024: Сейитбек уулу менен Жамал Харвинин беттеши

Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Ал Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышып жатат.

Эки мушкердин беттеши үч раундга созулду. 

Калыстардын чечими менен Мунарбек 3:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. 

21 жаштагы Жамал Харви бокстон дүйнөнүн, АКШнын чемпиону жана Панамерика оюндарынын чемпиону. Париж Олимпиадасында Харви алгачкы беттешинде бразилиялык Луис Габриэл Оливейраны уткан. 

Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарынын жарым финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болуп калды. Бул Кыргызстандын эсебинде бир медал бар экенин түшүндүрөт. 

Соцтармактарда Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиада оюндарына шакиртин коштоп барбай калганы кызуу талкууланууда. 

Кыргыз мушкерин беттештерге бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен өзбекстандык машыктыруучу секундант катары коштоп чыгууда. 

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандан сегиз жылдан кийин Париж Олимпадасына жолдомо уткан жалгыз мушкер. Акыркы жолу кыргыз мушкерлери Олимпиада оюндарына 2016-жылы катышкан эле.

Эми Мунарбек Сейитбек уулу 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.