Пакистан: диниятчы өкмөткө сес көрсөттү

Мухаммад Тахир-ул-Кадринин колдоочулары жүруш жасады

Пакистанда чет өлкөдөн кайтып келген таасирдүү диниятчы анын миңдеген колдоочулары өкмөттү бир заматта кетире алаарын эскертти.
Бийликтер Мухаммад Тахир-ул-Кадрини шайлоону үзгүлтүккө учураткысы келет деп айыптоодо.

Мохаммад Тахир-ул-Кадири жана анын миңдеген колдоочулары Пакистандын баш калаасы Исламабадга 14-январда киришкен. Кадири өкмөттү «саясий жетекчиликти камсыздай алган жок» деп ырастап, Пакистандын анти-террордук өнөктүгүн «ичи көңдөй иш-чара» деп четке кагууда.

Сопу диниятчынын чакырыгы менен анын колдоочулары парламенттин айланасындагы тосмолорду бузуп, имаратты көздөй кирип келишти.

Кадири саясий жана социалдык системадан коррупция мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууну талап кылып, өкмөттү элдин коопсуздугун камсыздай алган жок деп айыптады:

Мухаммад Тахир-ул-Кадри

Саясий жетекчилик коррупциялашкан болсо, парламент таптакыр шал болуп калса, терроризм менен кантип күрөшөбүз? Улам тамыр жайып жаткан радикализм, экстремизм, терроризм дегенди биздин өлкөдөн кантип жок кылабыз? Тегин жерден өз өлкөбүз да, биз турган аймак да, дүйнө да коркунучка туш келип жаткан жок.

Кадри анын колдоочулары кааласа, өкмөттү бир заматта кулата алаарын белгилеп, бирок чогулгандарды тополоң-тозго жол бербөөгө чакырды.

"Демократия кербени" деп аталган жүрүштү уюштурган Кадири өкмөттүн отставкасын талап кылды:

– Мен силерге отставкага кеткенге эртең мененге чейин убакыт берем. Өзүңөр кетип калгыла, болбосо эл бул ишти өз колуна калат.

"Биздин урматтуу көз карандысыз акыйкаттык органдары жакшы эле иштеп жатат, бирок өкмөт алардын өкүмүн аткарууга даяр эмес" деп кошумчалады Кадири.

Ража Первез Ашраф

Диниятчы баштаган жүрүштүн алдында Исламабадда миңдеген атайын аскер, тартип коргоочулар жайгаштырылды. Өкмөт Пакистанга өткөн айда Канададан кайтып келген Кадирини ушул жазга пландалган шайлоону үзгүлтүккө учураткысы келет деп айыптоодо.

Экономикасы солгундап кеткен Пакистанда кийинки кездери талип, "ал-каидачыларга" байланышкан террордук чабуулдар, шийи мусулмандарына кол салуулар көбөдү. Кадири Пакистандын маалымат каражаттарына өткөн аптада «терроризм, радикализм, экстремизм жана коррупция менен күрөш аркылуу» өлкөдө тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууну максат кылаарын айткан эле.

Диниятчы чогулгандарды эртең да жүрүшүн улантууга чакырды. Ал "Кудай буйруса эртең буга зарылчылык болбойт" деген ишенимин кошумчалады.

Ал арада Пакистандын Жогорку Соту энергетика долбоорлоруна байланышкан коррупциялык иш боюнча өкмөт башчысын камакка алууга өкүм чыгарды. Сот Ража Первез Ашрафты, ага кошуп дагы 15 кишинин камакка алууга 24 саат мөөнөт берди.

Өкмөт башчылыгына келгенге чейин Ашраф Суу жана энергетика министрлигин башкарып турган. Ал "2010-жылы электр генераторлору боюнча долбоорду жактырганда пара алган" деген кинени четке каккан. Ашрафтын кеңешчиси Фавад Чодхри соттун өкүмүн Конституцияга каршы деп сынга алды.