55 жаштагы кыргызстандык белгилүү боксёр Назаров менен спорттук карьерасы, саясатка барган себеби жана азыркы саясий-коомдук абалга көз карашы жөнүндө кыскача маектештик.
Күндөлүгүн китепке айланткан спортчу
- Орзубек мырза, "спортто жүрүп, жашоомдогу орчундуу учурларды күндөлүккө түшүргөм" дедиңиз эле. Ошол күндөлүктүн негизинде китеп жазылдыбы?
- Бул китеп жеңиш жана жеңилүү жөнүндө. Адам дайыма эле жеңиштин үстүндө жүрбөйт да, утулганды да билиши керек. Китепти окуган адам спорттук карьерам баралына келип турган жылдарга мени менен бирге саякаттайт. Спорттон сырткары жашоомду да жаздым. Кыскасы, китеп жаштарга жана менин муунумдагыларга кызыктуу десем болот. Анткени, 90-жылдардагы кыйын кезең, менин сапарларым, курама командадагы жашоом жазылды.
Китепти аябай жеңил, күндөлүк сыяктуу жаздым. Баштан өткөнүмдү окурманга баяндап берем. Жашоом тууралуу ой бөлүшөм бирок, акыл үйрөтпөйм. Китеп өзүм жөнүндө, кызыктуу же кызыктуу эмес экенине окурмандар баа берет. Балким менин кемчиликтеримден сабак алат.
- Демек, мотивациялык же дем берүүчү маанайда жазылган десек болобу?
- Ооба, мотивация берүүчү китеп. Ойдон чыгарылбаган, мактануу үчүн апыртылган эмес, мекенчилдик сезим жөнүндө жазылган. Менин жан дүйнөм каалаган мекенчилдик десем туура болот.
- Китеп жөнүндө окуп чыккандан кийин дагы баарлашарбыз. Азыр сиздин чоң спорттон кийинки жашооңуз тууралуу кеп кылсак. Учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Спорттук карьерам аяктагандан кийин саясатта, мамлекеттик кызматта жүрдүм. Азыр бизнестемин. Калган убактымды бокс менен машыгып, залда өткөрөм. Залда беш машыктыруучу бар. Ал жактагы балдар, машыктыруучулар менен баарлашкандан рахат алам.
- Сиздин чоң спортогу жолуңуз 90-жылдарга, кыйчалыш учурга туш болду. Ал кезде өлкө спорт эмес, башкасына да көңүл бурбай калган. Рингде бышып турган кезиңиз жакшы мезгилге дал келбей калганына өкүнөсүзбү?
- Тарыхты кайра жазчудай болуп 90-жылдарга кайрылбай эле коелу. Мен башкаларга караганда так ошол 1989-жылы “темир көшөгө” ачылган учурда рингге чыгарган тагдырыма алкыш айтам. Менден бир жыл мурун бүткөн балдар жакырчылыктын азабын жакшы эле тартышты. Анткени алар бокстон башканы билишчү эмес.
Советтер союзу кулаган кезде 10 жылдай чет өлкөдө жашадым. Өзүм сүйгөн спорттун арты менен айлык алып, мелдештерге катышып киреше таптым. Ооба, балким айрым нерселер жасалбай калды. Жакшы мезгилге туш болгондо балким көп акча тапмакмын же таптакыр куржалак жүрмөкмүн. Ошол учурда ошондой шартта болгонума кудайга шүгүр.
Спорттон саясатка сапар
- Саясатта көпкө кармалган жоксуз да. Дегеле, саясатка кантип келип калдыңыз эле?
- Саясат кызыктуу иш, кийин ага дагы кайтып барышым мүмкүн. Мени бул чөйрөгө маркум Медет Чоканович Садыркулов алып келген.
- Маркум Медет Садыркулов менен жакшы тааныш белеңиз?
- Медет Садыркулов кезегинде Кыргызстандын бокс федерациясын башкарган. Ошол жактан таанышканбыз. 1998-жылы Франциядан Кыргызстанга кайтып келдим. Мени аба майдандан эч ким тосуп алган эмес. Акаевге дагы, башкасына дагы керегим жок экенин сезип, бийликке катуу таарынып жүрдүм. Гезиттерге курган маектеримде бийликти катыра сындачумун.
1998-99-жылдары Медет Чоканович өзүнө чакыртып калды. Ал абдан акылдуу, билимдүү, эстүү киши болчу. Ошентип, ал киши мени саясатка алып келген. Ал негиздеген, жалаң интеллигенциядан куралган «Моя страна» партиясына кошулуп, көп нерсени үйрөндүм. 10 жыл сыртта болгондуктан саясатка келип Кыргызстандын кандай өнүгүп жатканын ичинен көрдүм. Андан кийин өлкө экономикасын көрүү үчүн салык полициясында иштедим. 2006-жылы шаардагы спорт комитетин жетектеп, анан “Ак-Жол” партиясынан депутат болдум. Ал ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин партиясы эле.
- Саясатка барганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Парламентте Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана гендердик теңчилик комитетин жетектедим. Жаштар жана гендердик саясат боюнча демилгелеген мыйзамдар азыр да иштеп жатат. Андан кийин жаңы бийлик келди, каралоо башталды. Ошондо сүйүктүү ишим, коомчулуктагы милдеттерим, бизнесим менен кеткеним эле оң экенин түшүндүм.
Жумшак айтканда, бүгүнкү күнгө чейин мурдагы дагы, азыркы дагы мамлекет башчылары менен Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча көз караштарыбыз дал келбейт. Балким, бир күнү тажрыйбам жана билимим менен мамлекетке кайрадан керек болом. Мен эконимикага, бажы укуктарына же медицинага кийлигишпейм. Спортту кантип өнүктүрүштү жакшы билем. Азыр жаш балдар менен иштеп, коомчулукта өз миссиямды аткарып жатам. Миссиям - бул журналисттер менен маек куруу, китеп окуу жана жазуу, турмуштук кадамдарымды окурмандарга бөлүшүп, кимдир бирөөлөрдү жаман иштерден сактоо.
“Иш кылганды билбегендер акыл үйрөтүп калды”
- Кыргызстан күздөн бери эле бир топ саясий окуяларды баштан кечирди. Байкоочу катары эмне деп айтат элеңиз?
- Ар ким өз ишин кылыш керек! Медик медицина, саясатчы саясат, дыйкан дыйканчылык менен алектениши керек. Сен дыйкан же коммерсант болсоң саясатка аралашпа! Жөнөкөй курулушчу болсоң депутат болуп эмне кыласың? Биринчи жер титирөөдө кулап калбагандай кооз үйлөрдү сал. Дыйкан жерден мыкты түшүм алганды билиши шарт.
Азыр баары саясатка аралашып кетти. Баары эле акыл үйрөтүп, баары эле президент болгусу келет. Эмне кылышты баары айтат, бирок кантип жасашты эч ким билбейт. Андыктан ар бир кыргызстандык өзү мыкты үйрөнгөн ишти кылганы оң. Эч нерсе кылганды билбесең, жок дегенде башкаларга зыяныңды тийгизбе.
Спорт бир көзүмдү алды...
- Эми өлкөдөгү спортчулардын абалы жөнүндө сүйлөшөлү. Бизде чоң спорттон кийин бизнеске же саясатка кетишет. Ошол эле учурда криминалга кетип калгандар да бар.
- Жашоодо ар кандай болот. Милицияга, коопсуздук кызматына, бизнеске же башка чөйрөгө кетип калгандар бар. Өкмөт баары бир социалдык камсыздоо кылышы керек деп эсептейм.
Арыздангым келбейт, менде баары жакшы. Мен жарым жашоомду спортко арнадым. Бирок мамлекет мага эч нерсе берген жок. Спорттун айынан майып болуп калдым. Бир көзүм жок, экинчи топтогу майыпмын.
Макул, менин жашоомдо баары жетиштүү экен. Бирок спорттон башка колунан башка иш келбегендерге мамлекет жардам бериши керек да. Убагында өлкөнүн желегин көтөрүү үчүн гана аракет кыласың. Кесип үйрөнүп же билим ала турган куракта залда убакыт өткөрөсүң. Спорттон кеткенден кийин сенин эч кимге керегиң жок болуп калат. Анан тилекке каршы кылмыштуу жолду тандап кеткендер болот.
- Бокс акыркы учурда популярдуулугун жоготууда. Анын ордуна эрежесиз эр уруш келди. Эмнеге мындай болуп калды?
- Элге дайыма нан жана оюн-зоок керек. Эрежесиз мушташтарда ал бар. Бокс - бул классикалык спорт. Бирок, убагында кикбокс дагы популярдуу болчу. Азыр анын заманы өттү. ММА, UFCнин дагы доору бүтөт. Спорттун өсүшү жана басаңдашы болот. Бокс дагы ошондой мезгилди башынан кечирүүдө. Бирок, мушкерлердин гонорарлары дүйнөдө эң кымбат бойдон калууда. Орто жерде профессионалдык эмес бокстун ыкмаларын өзгөртүп, эксперимент кылып көрүштү. Бул дагы бокстун өсүшүнө терс таасир этти. Азыр эми жолго коюлуп жатат. Үч жолку олимпиадада бокстун эрежесин өзгөртүп, аксатып салышты.
- Борбор Азияда боксту Өзбекстан өнүктүрүп, алдыга кетти. Кыргызстандагы абал жакшы эместей туюлат.
- Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык Жантөрө Ташиев үчүнчү орунду ээледи. Мындай ийгилик көптөн бери боло элек эле. Бул бизге ишеним тартуулайт. Аренада бир жылдызча пайда болгондо, анын аркасынан ээрчигендер да болот.
Азыр курама командадагы ардегерлер өзүнүн спорттогу акыркы жылдарын баштан кечирүүдө. Кийинки олимпиадада жаңы муун келет. Кыргыздар оптимист эл болгон. Баары жакшы болот деген ишеничтемин.
Дагы караңыз Бокс: Курама командага умтулган мушкерлер (сүрөт баян)(Макалага Орзубек Назаровдун китебиндеги жана социалдык тармактагы сүрөттөрү пайдаланды)