Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:36

Бокс: Головкиндин биринчи утулушу


Геннадий Головкин жеңилген соң рингден кетип калды.
Геннадий Головкин жеңилген соң рингден кетип калды.

16-сентябрда кесипкөй боксчу Геннадий Головкин кезектеги мушташын мексикалык Сауль “Канело” Альварес менен өткөрүп, упайлар боюнча казакстандык мушкер утулуп калды.

Анткен менен дүйнө жүзүндөгү спорт басылмалар Сауль Альварестин жеңишинен күмөн санап, калыстар бир беткей болуп калганын жазышса, ошол эле учурда "Головкин чындап эле жеңилди" деген пикирлер да аз эмес.

Биринчи мушташ

Геннадий Головкиндин күйөрмандары Казакстанда гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда да бар. Ал профессионалдык боксто 38 жолу рингге чыкса, анын биринде да утулган эмес. Болгондо да ошол 38 мушташтын 34үн нокаут менен аяктаган. Ошентсе да Головкинде бир тең чыгуу бар. Ал бир жыл мурун дал ушу мексикалык Сауль Альварес менен 12 раунд бокстошуп, натыйжада калыстар "экөө бирдей уруш көрсөттү" деген жыйынтыкка келген.

Головкин - Альварес. 2017-жыл
Головкин - Альварес. 2017-жыл

Мына ошондо калыстардын чечими боюнча талаш пикирлер чыгып, Головкиндин жеңишин экиге бөлүп салганы тууралуу талкуу күчөгөн. Ал эми эки боксчу ошол замат кайрадан беттеш өткөрүүгө макулдугун беришкен эле.

Экинчи беттеш

Промоутерлердин аракети менен атагы чыккан эки боксчунун беттеши бир жылдан кийин 16-сентябрга туш келди.

Бокс сүйүүчүлөрү кызыгуу менен күткөн бул кармашка өзгөчө мексикалык "Канелого" жоопкерчилик эки эсе жүктөлгөндөй. Анткени бул күнү Мексикада эгемендүүлүк майрамы белгиленип жаткан. Ал утулса, бүтүндөй Мексиканын майрамдык маанайы бузулмак, ал эми утса 127 миллион калкы бар Мексикада майрам андан ары уланмак.

Альварес жана Головкиндин тиктешүү учуру.
Альварес жана Головкиндин тиктешүү учуру.

Головкиндин атаандашы да оңой эмес. Сауль “Канело” Альварес профессионалдык рингде 52 беттеш өткөрсө, анын ичинен бир эле жолу утулган. Болгондо да ал беш жыл мурда легендарлуу Флойд Мейвезерге жеңилип берген. Ал маалда Сауль Альварес 23 жашта болчу. Андан бери мексикалык мушкер болгон атаандаштарынын таш талканын чыгарып келатат.

Мына ошондуктан эки жеңилбес мушкердин урушу эң кымбат бокс таймаштардын катарын толуктады.

Головкинге жеңилүү оор болду

Албетте Геннадий Головкин өзүнүн салмагы боюнча дүйнөдө биринчи орунда тургандыктан аны жеңген атаандаш чемпион аталмак. Кечээ беттештин жүрүшүндө биринчи беттешке караганда рингдин ортосун мексикалыкка алдырып жиберди. Ал алгачкы раунддарда "Канелого" упайларын да берип салды.

Бирок беттештин акыркы раунддарында Головкин активдүү болгону менен башында чачып салган упайларды чогулта алган жок. Натыйжада калыстар 114-114, 115-113, 115-113 упай менен "Канелону" жеңүүчү деп табышты.

Сауль Альварестин жеңиш учуру.
Сауль Альварестин жеңиш учуру.

Бокс боюнча спорт чебери Святослав Шталь өзүнүн видеоблогунда Геннадий Головкиндин жеңилүүсүн мындайча түшүндүрдү:

- Гена картая баштаптыр. 36 жашка чыкты. Ал бүгүнкү беттешти утса да, кийинкиси өтө кыйын болмок. Себеби жаш курагы роль ойноп жатат. Эгерде бул бокс беш жыл мурун болгондо, Гена толугу менен башка мушташты көрсөтмөк. Мен Альварес арканга жармашып алып, качып мушташат го деп ойлогом, бирок ал чындыгында жакшы бокстошуп, жеңишти татыктуу алды.

Анткен менен дүйнөдө “Головкин жеңиш керек болчу, калыстар мексикалыкка тартып койду” деген талаш күчөдү. Кыргызстандын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылхан Бекболотов да ушундай эле пикирде.

- Экөөнүн техникалык, тактикалык параметрлери бирдей эле. Калыстар экөөнө кайрадан эле тең-тең жыйынтыкты бериши керек болчу. Мен эки боксчунун бири артыкчылыкка ээ болгонун көрө алган жокмун. Бир раундда бири утса, кийинкисинде атаандашы кубалап келатты. Менимче калыстар бир тараптуу болуп койду окшойт.

Головкин: Үчүнчү беттеш сөзсүз болот

Геннадий Головкин калыстардын чечиминен соң комментарий бербестен рингди таштап кете берди. Бирок эс алуудан соң маалымат жыйында Альварести өч алуучу беттешке чакырды.

- Канелону куттуктайм, бирок мен бүгүн андан кем болгон жокмун. Эми албетте атаандашымды реваншка чакырам. Алгач шарттарды тактайбыз. Эгерде Альварес ага макул болсо, мен да даярмын.

Геннадий Головкин.
Геннадий Головкин.

Генадий Головкиндин болгон үч чемпиондук курун чогултуп кеткен Сауль Альварес азырынча эс аларын айтты. Эгерде коомчулук талап кылса, үчүнчү беттештен качпай турганын кошумчалап, атаандашына ийгилик гана каалады.

Головкин жеңилүү ызасын тарткандан бери дүйнөдөгү тарапташтары “Гена, биз сени мененбиз” деген флешмоб акцияны өткөрүүдө. Головкиндин мекени болгон Казакстандагы күйөрмандары да абдан колдоо көрсөтүп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG