Орусияга санкциялар, доллардын өсүшүнүн Кыргызстанга таасири

Украинадагы согуштун таасири Кыргызстанга кыйыр түрдө сезилүүдө. 28-февралда валюта базарында олку-солкулук уланып, Бишкекте АКШ долларынын курсу кескин көбөйүп, 97 сомго чейин жетти. Улуттук банк каржылык абалды туруктуу кармоого аракет көрүлөрүн билдирүүдө.

Москвадагы базардын Кыргызстанга таасири

Украинадагы согуш жана Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга санкцияларынын улам орус рублинин куну болуп көрбөгөндөй түшкөн учурда Кыргызстандын валюта базарындагы олку-солку абал жаралды. 28-февралда өлкөдө АКШ долларынын куну дагы көтөрүлүп, орус рубли арзандады. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 97 сомго чейин көтөрүлсө, рубль 70 тыйындан 1 сомго чейинки курсту түздү.

Түштөн кийин бул курс 95 сомго чейин төмөндөдү. Өлкөдөгү коммерциялык банктарда да дал ушундай эле курс менен сатыкка чыкты.

Учурда акча алмаштыруучу жайларда валюта курсунун көрсөткүчтөрү тез-тезден өзгөрүп жатат. Аталган жайларга доллар сатып алууну каалагандар күндөгүдөн көп болууда.

Валюта базарындагы мындай олку-солкулуктун себеби Украинадагы согуштун таасири катары түшүндүрдүлүп жатат. Бул Орусия Киевге кол салган күнү да сезилип, 1 доллар 85 сомдон 90 сомго чейин жогорулаган эле.

Акча алмаштыруучу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов бул жааттагы абалды болжолдоо кыйын экенин, Украинадагы кырдаалга жараша өзгөрүп жатканын кыскача айтты:

"Азыр эч нерсе деп айта албайбыз. Баары украин-орус тараптардын сүйлөшүүсү эмне менен аякташына жараша болот го. Ошону күтүп жатабыз",-деди.

Кыргызстандын Улуттук банкы деле соңку абалды Украинадагы абал менен түшүндүрүүдө. Бирок аталган мекеме акыркы жагдайда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, валюта базарындагы абалды туруктуу деп сыпаттап жатат. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева атайын брифинг өткөрүп, абалды түшүндүрдү.

Аида Карабаева

"Улуттук банк зарыл болгон учурда акча-кредиттик саясаттын алкагында ички валюта рыногун турукташтыруу үчүн керектүү чараларды көрүүгө даяр. Учурда биздин банктын резервдеринин көлөмү 2 миллиард 768 миллион долларды түзөт. Бул өлкөнүн алты айлык импортунун көлөмүн жабууга жетет. Улуттук банк валюта рыногу талап кылса, керектүү өлчөмдө интервенция кылууга даяр".

Карабаева кошумчалагандай, Улуттук банк жыл башынан бери сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн үч жолу интервенция жасап, 169 млн. долларды каржы базарына чыгарган. Акыркы жолу 24-февралда 14 млн. доллар сатты.

Рублдин түшүшү, мигранттын санаасы

Улуттук банктын мындай сооротуусуна карабай, соңку кырдаал Орусияда эмгектенип жүргөн бир миллиондон ашык кыргызстандык мигранттарды өзгөчө тынчсыздандырууда. Алар рублдин кунунун түшүшү, соңку санкциялардан улам киреше азайат деп бушайман болууда. Алардын бири Марат Мукарамов мигранттардын санаасын төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Азырынча сезиле элек. Бирок, мындан ары рублдин түшүшү бизге сезилет го деп турабыз. Биз иштеген жерде менеджерлерибиз акчаңарды банктан чыгарып алгыла деп оозеки айтышты. Мындан сырткары Украина менен иштеген ишканалар ишин токтотууда. Мисалы, ушундай бир компанияда иштеген 100 кыргызстандык акыркы бир күндө эле жумушсуз калды".

Кыргыз экономикасынын үчтөн бир бөлүгүн Орусиядагы мигранттар которгон каражат толтурат. Улуттук банктын маалыматы боюнча 2021-жылы 2 миллиард 700 миллион долларды түзгөн эле.

Дагы караңыз Харьковдо соккудан ондон ашык адам жаракат алды

Жапаров акчаны алтынга салууга чакырды

Доллардын көтөрүлүшү жана соңку жагдайдан улам Кыргызстандагы азык-түлүк, курулуш материалдары, күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экени болжолдонууда.

Муну президент Садыр Жапаров да белгилеп, оор учурлар күтүп турганын билдирди. Ал социалдык тармактагы баракчаларында жарыялаган билдирүүсүндө, өлкөдө ун жана дан азыктарына баа кымбаттап, улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Президент мындай шартта өкмөт бардык аракетти көрүп жатканын белгилеп, кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырды.

Cадыр Жапаров

"Биздин ишкерлерге өзүнчө кайрылгым келет, бизге азыр өндүрүштүк ишканаларды түзүү керек. Албетте, сооданы активдүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бирок өзүбүздүн продукцияларыбызды экспортко көбүрөөк чыгарышыбыз керек. Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Алтын эч качан кунун жоготпойт".

Президент Жапаров мындай оор кырдаалда жарандарга жардам көрсөтүү максатында жакынкы апталарда "Мекен чакырыгы" деп аталган программа ишке кирерин жарыялады.

Дагы караңыз SWIFT системасынан чыгаруу: Орусияны эмне күтөт?

“Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы да ишке кирет. Бул жүз миңдеген жарандарыбыздын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт. Калктын аялуу катмары: жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат. 1-апрелден баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөт",-деди президент.

Президент айтып жаткан антикризистик чараларга эмнелер кириши мүмкүн?

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” маегинде эң алгач азык-түлүк жана күйүүчү-майга бааны туруктуу кармоого аракет көрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, эң алгач болуп базардагы чайкоочулук маанайды азайтып, айрым тармактарга колдоо көрсөтүлөт.

Данияр Амангелдиев

“Ыкчам планды иштеп чыгып жатабыз, эгер баа кескин көтөрүлсө, жумшартып кеткенге аракет кылабыз. Биринчи эки-үч күндүк планда чайкоочулук маанайды азайтып, товар ташыгандарга компенсация кылып бергенге даярбыз. Азыр мунай ташуучулар менен иштеп жатабыз. Келишимдеринин аткарылышын карайбыз, эгер каражаты жетишсиз болсо, кыска мөөнөттүү насыяларды берип, таңкыстык кылбоого аракет кылабыз”.

Амангелдиев базар баасы мамлекеттик көзөмөлдөөгө кирбей турганын белгиледи.

Экономика жаатындагы эксперт Темирбек Ажыкулов Украинадагы согуш канчалык узарып, Орусияга санкциялар күчөгөн сайын анын кесепети дагы катуу сезилерин билдирүүдө. Анын айтымында, учурда өкмөт бааны туруктуу кармоо сыяктуу кыска мөөнөттүү чаралар менен катар узак мөөнөттүү программаларга өзгөчө көңүл буруу керек.

"Доллардын курсунун өсүшү бул биринчи эле көрсөткүч болду. Мындан ары дагы сезиле берет. Маселен, продукциянын кымбатташына жол ачылып жатат. Мигранттарды эске алганга рублдин түшүп кеткени бизге абдан көп таасир этет. Мындан сырткары бизге сырттан көп нерсе импорттолот. Анын баары доллар менен. Кыска мөөнөттө бир топ эле кыйналабыз. Бирок ушул кырдаалдан пайдаланып узак мөөнөттө ЕАЭБдин ичинде болгон үчүн Кытай же башка өлкөлөр менен иштешип, аны Орусияга сатууга мүмкүнчүлүк алсак да болот".

Дагы караңыз "Киев-Москва чырында Түркия ортомчу позицияны карманат"

Орусиянын SWIFTтен ажыратылышы Кыргызстанга таасир этпейби?

Санкциялар демекчи, Батыш мамлекеттеринин Орусияны SWIFT системасынан ажыратышы Кыргызстанда өзгөчө талкууланып, анын таасири кандай болот деп тынчсыздандырып жатат. Улуттук банк бул жаатта атайын билдирүү таратып, Кыргызстанга кесепети тийбейт деп билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Орусиянын SWIFT системасынын ажыратылышы ал өлкөдөгү мигранттардын Кыргызстанга акча которуусуна эч кандай таасири тийбейт деп билдирди.

АКШ, Евробиримдик жана алардын өнөктөштөрү Орусиянын Украинага согуш ачканы үчүн санкцияларды катаалдатып, айрым орус банктарын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүргөн.

SWIFT же Дүйнөдөгү банктар аралык каржы байланыш коому - бул эл аралык акча которууну тез жүргүзүлүшүн камсыздаган коопсуз кат алмашуу системасы. Ал ошондой эле эл аралык соода жүгүртүүнүн үзгүлтүккө учурабашын камсыздайт. Бул системага кирген банктар бири-бирине которулган акчалар тууралуу SWIFT аркылуу кат алмашып турат.

Дагы караңыз Борбор Азиядан колдоо күткөн Орусия