Орусияда ондогон уюмдар жана жөн гана катардагы жарандар, жалпысынан 570тей адам “чет элдик агент” деп таанылган.
Алгач чет жактан каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген гана бейөкмөт уюмдарды бутага алган бул мыйзам карапайым жарандарга чейин кантип жетти?
“Эркиндик үнү” подкастында ушул суроого жооп издедик.
Орусиянын президенти Владимир Путин 11-мартта “чет элдик агенттердин” ресурстарында, тактап айтканда алардын cоциалдык тармактардагы каналдарына, блогдоруна, баракчаларына жарнама жайгаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду.
Ошондой эле “чет элдик агенттердин” өзүлөрүн маалымат каражаттарында жана Интернетте жарнамалоого болбойт.
“Чет элдик агенттин” каналына жарнама жайгаштыргандар эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Роскомнадзордун маалыматына ылайык, “чет элдик агенттер” 2023-жылы жарнамадан 130 миллион рубль табышкан.
“Эми албетте, жарнама аркылуу акча тапкан кайсы гана блогер болбосун саясий темалардан оолактап, бийликке жакпаган темалардан качып, Орусиянын бийлиги же Украинадагы согуш тууралуу айтпаганга аракет кылат”,- дейт The Republic басылмасынын баш редактору Дмитрий Колезев.
Учурда Ютубдагы каналдарына миллиондогон адамдар катталган Юрий Дудь, Алексей Пивоваров, Екатерина Гордеева, Илья Варламов, Ирина Шихман сыяктуу журналисттер жана блогерлердин баары Орусияда “чет элдик агенттер” болуп эсептелет. Cоңку мыйзам алардын баарынын кирешесине сокку урду.
“Редакция” долбоорунун негиздөөчүсү жана журналист Алексей Пивоваров мындан улам командасынын көп мүчөсүн таркатууга аргасыз болду.
“Анткени мен аларга айлык төлөй албайм”,- деп жазды Пивоваров Телеграмга.
Журналист ошондой эле “Пивоваров Редакция” Телеграм каналынын юридикалык укуктарын аны соңку кездери жүргүзүп келген редакторлорго өткөрүп берерин, каналдын аталышы жана логотиби өзгөрөрүн кошумчалады.
"Жашырбайм, бул мен үчүн өтө оор өзгөрүүлөр. Бирок долбоор жакшы колдорго өтүп жатканына ишенем”,– деди журналист.
Алексей Пивоваров "Редакция" Ютуб-каналын 2019-жылы негиздеген. Каналга төрт миллиондон көп киши катталган. Ал эми "Пивоваров Редакция" Телеграм каналынын бир миллиондон көп катталуучусу бар.
Орусиянын Юстиция министрлиги Пивоваровду “чет элдик агенттердин” тизмесине 2022-жылы киргизген.
Блогер Илья Варламов элден жардам сураса, Юрий Дудь Орусияга байланбаган ишканаларды кызматташууга чакырды.
“Орусияда бийликтегилер “чет элдик агент” деп атагандарга жарнама жайгаштырууга тыюу салды. Бул деген Орусияда калган компаниялар каалашса дагы бизге кардар боло алышпайт дегенди билдирет. Жагымсыз жана ыңгайсыз, бирок кайгырууга азырынча эрте. Керемет, бирок кеңкелес мамлекет Орусия менен юридикалык байланыштары жок дүйнөдө бизнестер көп. Орусия өз жарандарынын дагы бир категориясын басымрлап жатат. Чет элдик агенттерге жарнамалоону тыюу салуу бул Баш мыйзамга каршы келген басмырлоо”, - деди Дудь Телеграм каналы аркылуу.
Дудду Орусиянын Юстиция министрлиги 2022-жылдын апрель айында чет элдик агент деп тааныган. Журналист бул чечимге каршы сотко кайрылган, оң жооп ала алган эмес.
Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин журналист Катерина Гордеева өзүнүн “Скажи Гордеева” долбоорунун убактылуу токтогонун жарыялады. Кийин ал акча топтоп жатканын жана долбоор өз ишин улантарын билдирди.
Орусияда "чет элдик агенттердин тизмесине" кимдер кирет жана бул мыйзам качан, эмне себептен пайда болгон?
Баары 2012-жылы башталган. Ошол жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында таза шайлоону жана өлкөдө өзгөрүүлөрдү талап кылган чоң митинг өткөн.
Демонстрация президент Владимир Путиндин кезектеги инаугурациясын утурлай уюштурулган. Анткен менен митинг баштала электе эле катышуучулар менен полициянын ортосунда кагылышуулар тутанып, 500дөй киши кармалып, отуздан көбүнө кылмыш иши козголгон.
Дагы караңыз
"Болотная иши": күч менен басылган толкунБийлик нааразылык акцияларын чет элдин таасирине байланыштырып, бир айдын ичинде бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алынган.
Алгач “чет элдик агент” деп чет өлкөлөрдөн, эл аралык уюмдардан, чет элдик уюмдардан жана адамдардан каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген бейөкмөт уюмдар жарыяланган.
Андай бейөкмөт уюмдар өз алдынча Юстиция министрлигине катталып, киреше-чыгашасы тууралуу кеңири отчетторду берип, Интернеттеги жана маалымат каражаттарындагы макала-материалдарын “чет элдик агент функциясын аткарган бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланган” деп жазыш керек эле.
Мындан баш тарткандарга 300 миң рубль айып пул салынып, эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул кадам укук коргоо уюмдарынын нааразылыгын жараткан.
Ал кезде Путин мындайча түшүндүргөн:
“Бул талап саясий ишмердүүлүк менен гана алектенип, чет жактан каржыланган уюмдарга эле тийиштүү. Менимче, Орусия АКШда 1938-жылы кабыл алынып, ушул күнгө чейин иштеп жаткан мыйзамга окшош мыйзам кабыл алса керек. Эмне себептен алар мындай жол менен чет жактын таасиринен коргоп, бул мыйзамды ондогон жылдардан бери колдоно алат. А биз Орусияда мындай кыла албайбыз?”
Дагы караңыз "Чет элдик өкүл” мыйзамы менен АКШнын FARA мыйзамынын айырмасы эмнеде?
Ошентип, Орусияда алгачкы “чет элдик агенттер” 2013-жылы пайда болгон.
2014-жылы Орусиянын Юстиция министрлиги өз алдынча уюмдарды жана адамдарды чет элдик агент деп жарыялоо укугуна ээ болот. Бир нече жуманын ичинде беш бейөкмөт уюм, анын арасында “Мемориал” борбору, “Агора” ассоциациясы жана “Коомдук вердикт” фонду “кара тизмеге” кирген.
2017-жылы Путин “чет элдик агент” деп маалымат каражаттарын жарыялоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол коет. Документ он күндүн ичинде иштелип чыгып, жактырылган.
Буга АКШнын Юстиция министрлиги RT Америка телеканалын Кошмо Штаттардын аймагында чет элдик агент катары каттоодон өтүүнү талап кылышы түрткү болгон.
Бир нече жума өтпөй реестерге тогуз маалымат каражаты кирет. Анын ичинде “Америка добушу”, “Свобода” радиосунун бир нече долбоору бар эле.
2019-жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Юстиция министрлигине "чет элдик агент" деп таанылган медианын макала-баяндарын жайылткан же аларды жаратууга катышкан адамдардын баарына бул макамды ыйгаруу уруксаты берилди.
Мындан улам “чет элдик агент” деп таанылган маалымат каражаттарында иштеген журналисттерге эле эмес, мындай медианын материалдарын бөлүшкөн социалдык тармактардын колдонуучуларынын баарына коркунуч жаралган.
2020-жылдын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин чет жакта каржыланып, Орусияда саясий ишмердүүлүк менен алектенген жай тургундарды жана катталбаган кыймылдарды “чет элдик агент” деп таанууга уруксат берди.
2021-жылы реестр кескин кеңейип, Орусиядагы бир катар белгилүү маалымат каражаттары, анын ичинде “Медуза” агенттиги, “Дождь” телеканалы жана башка журналисттер чет элдик агент деп жарыяланган.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кеңири масштабдуу согуш ачканы өлкө ичиндеги репрессивдүү мыйзамдар дагы катаалдашып, "кара" тизме өтө тездик менен узара баштады.
Ага коомдук ишмерлер, оппозициячыл активисттер, блогерлер, анын ичинде Юрий Дудь, Екатерина Шульман, Максим Кац, Илья Яшин, Ирина Шахман жана башкалар кирген. Андан тышкары рэпер Моргенштерн, Оксимирон жана Noize MC кирген.
2022-жылдын жайында "чет элдик агенттердин" саны ушунчалык көп болгондуктан, Юстиция министрлиги кандай принцип менен кайсы бир адамдарды "чет элдик агент" деп атары такыр түшүнүксүз болуп калды. Азыр чет элдик агент болуш үчүн чет жактан гана каржыланбастан, жөн гана чет элдин таасирине туш болгон жетиштүү.
Согушка каршы пикирин ачык билдиргендер дагы ушундай эле макамга ээ болот.
“Чет элдик агенттер” чейрек сайын эсептериндеги акча жүгүртүү тууралуу отчет берип, социалдык тармактарга жайгаштырган ар бир постунун алдына “чет элдик агент экенин” баса белгилеп туруш керек. Мындай кылбагандарга айып пул салынып, ал тургай эркинен да ажыратылышы мүмкүн.
2022-жылдын соңунан бери “чет элдик агенттерге” мамлекеттик билим берүү жайларында сабак берүүгө, коомдук иш-чараларды уюштурууга, келишим аркылуу армияда кызмат өтөөгө жана шайлоо комиссиясына мүчө болууга тыюу салынган.
КМШ өлкөлөрүндөгү окшош мыйзамдар
Орусиядагы “чет элдик агент” боюнча мыйзамга окшош мыйзамдар айрым мурдагы советтик республикаларда сунушталып, талкуу жаратып келет. Кыргызстанда да “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өтүп, президентке кол коюуга жөнөтүлдү.
“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.
Ага ылайык, “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп чет өлкөдөн каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген бейөкмөт уюмдар катталат. Каттоодон өтпөгөндөрдүн ишмердиги алты айга чейин токтотулат. Ошондой эле алардан кошумча каржы отчёттор талап кылынат.
Өлкө ичинде да, сыртында да бул долбоор жарандык коомду чектейт деген тынчсыздануу бар.
Дагы караңыз "Чет элдик өкүл": ишенимге доо кетирип, ишкерликти аксаткан мыйзамМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-мартта онлайн брифингде "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпайт деп билдирди. Байсалов мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке какты.
Президент Садыр Жапаров бул документ "бейөкмөт эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылууну жана тартипке келтирүүнү" максат кыларын айткан.
КМШ аймагында ушундай эле мыйзам долбоору өткөн жылы Грузияда сунушталып, жарандык коомдун нааразылык акцияларынан кийин артка кайтарылган.