Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Чет элдик өкүл": ишенимге доо кетирип, ишкерликти аксаткан мыйзам


Германиянын эл аралык кызматташтык уюмунун (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit​ - GIZ) колдоосу менен Жалал-Абадда кооператив түзүлүп, кыям чыгаруучу цех ачылган. Сүрөттө цехтин кызматкерлери.
Германиянын эл аралык кызматташтык уюмунун (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit​ - GIZ) колдоосу менен Жалал-Абадда кооператив түзүлүп, кыям чыгаруучу цех ачылган. Сүрөттө цехтин кызматкерлери.

Жогорку Кеңеш кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна камтамачылыгын билдирип, бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликке кайрылуу жолдошту. Алар президент Жапаровду бул мыйзамга вето коюуга чакырууда.

Мыйзамда камтылган талаптар эл аралык нормаларга жана адам укугуна каршы келери, бул документ ишке кирсе анын кесепети өлкө экономикасына, ишкердикке жана катардагы жарандарга да тиери жазылган. Мыйзам күчүнө кирсе экономикалык кесепеттери кандай болот жана ал кайсыл тармактарга тийет?

Жергиликтүү, эл аралык уюмдардын билдирүүсү

15-мартта “Тилектештик” тармагынын мүчөлөрү болгон жети уюм бул мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамына үндөш экени айтылып, президентти бул документке вето коюуга чакырышкан.

Кайрылуу жолдогон уюмдардын бири – “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук бирикмесинин жетекчиси Төлөкан Исмаилова бул мыйзам күчүнө кирсе, Кыргызстан экономикалык кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн деген пикирде.

“Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын өзүнүн карманган баалуулуктары бар. Буга биздин өкмөт да кол койгон. Мына, бул баалуулуктарды сактабаганы үчүн жапа чегип жаткан өлкөлөр бар. Түркмөнстанды айтсак болот. Тажикстандын “Рогун” ГЭСин курууга банктар каражат бербей жатат. Анткени банктар карманган эрежелерди бул өлкөлөрдүн бийлиги бузууда. Биз дагы туура жолго түшөлү деп президентке кайрылып жатабыз”.

Аталган мыйзам долбооруна президентти вето коюуга чакырган кайрылуу эл аралык Amnesty International уюму тарабынан да жолдонду. Уюм ушундай эле мыйзам “он жыл мурда Орусияда кабыл алынганын жана ал азыр жарандык коомду системалуу жок кылууга негиз болгону байкалып жатканын” белгилеген.

Мунун алдында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму да тынчсыздануусун билдирип, талаштуу мыйзам долбоору көз карандысыз ЖМКларды, жарандык коомду олуттуу муунтууга алып келерин билдирген.

"Каржы уюмдары маселе көтөрүшү мүмкүн"

Эл аралык мекемелердин каржылык колдоосу менен Кыргызстанда иш алып барган бейөкмөт уюмдар адам укугу, коомдук көзөмөл жүргүзүү менен чектелбейт. Алар экономика, медицина, экология, социалдык көйгөйлөр менен күрөшүү тармагын камтып, аймактарда бир топ долбоорлорун ишке ашырып келет. Мыйзамдын авторлору мындай ар түрдүүлүк эске алынганын, алардын ичинен “саясий ишмердикке катышкандарына” көзөмөл күчөтүлгөнүн белгилешкен.

“Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан деп таанылат. Алар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” катары тиешелүү реестрге каттоого турушу керек. Ал эми илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иштегендерге мындай талаптын тиешеси болбой турганы жазылган.

Буга карабай эл аралык уюмдар мыйзам адам укугуна, демократияга каршы келерин мүнөздөп жатышат.

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов дүйнөлүк каржы уюмдары кызматташууда демократиялык баалуулуктарга таяна турганын белгиледи.

“Бул мыйзам эл аралык донорлор менен ишти алып барууда маселе пайда кылчудай болуп турат. Негизинен бизде демократиялык система дагы эле бар. Бирок буга ушул мыйзам ага көлөкө түшүрүп, коркунуч пайда кылганда, биз сөз кылган эл аралык уюмдарда суроо пайда болот”.

"Ишкердикке, жумуш орундарына да таасир этет"

Эл аралык каржы уюмдары Кыргызстанда ачык-айкын бизнес жүргүзүү, жумуш орундарын түзүү сыяктуу ишкердик долбоорлорду жергиликтүү бизнес бирикмелер, уюмдар менен ишке ашырып келет. Кабыл алынган мыйзамдын ишке кириши ишкерлер менен кызматташкан бизнес-ассоциациялардын ишине кедергисин тийгизет дегендер бар.

ЖИА-бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу мындай жагдайда айрым уюмдарга чектөө болсо, айрымдары чочулоодон улам ишмердигин, кызматташуусун басаңдатышы мүмкүн экенин айтты:

“Жумуш орундарын камсыз кылууда, ачык-айкын бизнес кылууда эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып жүрөбүз. Жакында эле жаңы киргизилген Салык кодексин ишкерлерге түшүндүрүү максатында аймактарда “Агартуу кербенин” өткөрдүк. Ага Экономика жана коммерция министрлигинин, Салык кызматынын өкүлдөрү катышты. Бул долбоор да донорлордун колдоосу менен ишке ашты. Бизде эле эмес, дээрлик бардык эле бизнес-ассоциациялардын ишмердигинде эл аралык, каржы уюмдарынын колдоосу чоң”.

Ал ошондой эле Кыргызстанда эми жайылып жаткан “жашыл экономика” саясатын алдыга жылдырууда эл аралык уюмдардын салымы зор болгонун, чектөөлөрдүн арты менен бул өнөктүк токтоп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Бишкектин расмий позициясы

14-мартта мыйзам кабыл алынары менен Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Канада, Франция, Германия, Британия жана АКШ элчиликтери да биргелешкен билдирүү таратып, Бишкектин мындай кадамы эл аралык ченемдерге каршы келерин эскертишкен. Анда жаңы кабыл алынган мыйзам калктын аялуу катмарына кедергисин тийгизиши мүмкүн экени жазылган.

“Мыйзамга азыркы түрүндө кол коюлса, коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар камсыз кылган тамак-аш, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу маанилүү кызматтарга таянган калктын аялуу катмары жабыркашы мүмкүн. Коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар мамлекеттин каршылаштары эмес – алар демократиялык, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн Кыргыз Республикасын куруудагы алмаштырылгыс өнөктөштөр”, - деп айтылат элчиликтердин биргелешкен кайрылуусунда.

Расмий Бишкек жарандык коомду, демократиялык баалуулуктарды жактай турганын айтып келет. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан кийин да берген түшүндүрмөсүндө ушул позициясын кайталады.

“Жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдар биздин демократиялык жашообуздун бир бөлүгү. Эч ким чечимдерди кабыл алуудагы конституциялык укугунан ажыратылбайт. Алардан талап кылган бир гана нерсе - каржы булактарын так, даана көрсөтүшү керек. Мындай маалыматты алардын донорлору деле талап кылат”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова демилгелеген. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбоорунун алгачкы редакциясын изилдеп чыгып, документ Орусиянын мыйзамынан дээрлик толугу менен көчүрүлгөнүн аныктаган. Демилгечи муну четке кагып, мыйзамдагы нормалар жарандардын эркиндигине, адам укугуна каршы келбей турганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG