Орусия "Юнармияга" кирген өспүрүмдөрдү согушка салабы?

Орусия Украинанын оккупацияланган аймактарында жашы жете электерге патриоттуулукту калыптандыруу жана аларды өз өлкөсүнө каршы согушка даярдоо үчүн милитаристтик жаштар кыймылын колдонууда.

Орусия Украинанын оккупацияланган аймактарындагы өспүрүмдөрдүн ийкемдүүлүгүн (лоялдуулугун) калыптандыруу жана аларды өз өлкөсүнө каршы согушка даярдоо үчүн "Юнармия" аскердик жаштар кыймылын колдонууда.

Орусиялык аскерлер Украинага толук масштабдуу басып киргенден бери "Юнармиянын" өнүгүп-өсүшүн оккупациялык бийликтин буга чейин жарыялабаган документтери далилдейт. Аларды украиналык KibOrg хакердик тобу таап чыгып, маалыматтар “Азаттыктын” украин кызматынын "Схема" иликтөө бөлүмүнүн журналисттеринин колуна тийген.

"Юнармия" же башкача айтканда жаш армия отряды 2016-жылы ошол кездеги коргоо министри Сергей Шойгунун демилгеси менен түзүлгөн жана анын айтымында 1,3 миллион мүчөсү бар. Сегиз жаштан өйдө балдар мобилдик тиркемедеги атайын анкетаны толтуруп, уюмга мүчө боло алат.

Аталган отряд курсанттарынын руханий, адеп-ахлактык, социалдык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө көмөктөшөт деп ырастайт. Ошондой эле "конституциялык милдетти аткарууга позитивдүү мотивацияны калыптандырат жана уландарды Орусиянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө даярдай" турганы айтылат.

Владимир Путин "Юнармия" кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушууда. 2019-жыл.

2017-жылы "Юнармиянын" курсанттары 9-май Жеңиш күнүнө арналган Москвадагы парадда президент Владимир Путиндин астынан жоокерлер менен бирге өтүшкөн. Быйыл Орусиянын Новосибирск шаарында өткөн аскердик парадга Орусия оккупациялаган Луганск облусунан барган "Юнармиянын" катарындагы балдар катышкан.

Орус бийлиги Украинанын оккупацияланган аймактарында алгачкы "Юнармия" бөлүгүн кыймыл расмий түзүлгөндөн бир нече айдан кийин ачкан. "2016-жылдын сентябрына карата "Юнармия" Кара деңиз жарым аралынын дээрлик баарында бар" деп билдирди согуш учурунда балдардын укуктарынын бузулушун документтештирүү менен алектенген, украиналык "Алменда" борборунун талдоочусу Олег Охредко.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап, андан кийин Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында согушту тутанткан.

"Бул орусиялык гана эмес, оккупацияланган аймактардан келген украиналык балдарга да кайрадан аскердик билим берүү максаты менен түзүлгөн", - дейт оккупациядан кийин Крымдан Киевге көчүп кетүүгө мажбур болгон, адам укуктары боюнча региондук борбордун юристи Катерина Рашевская.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январына карата, Орусиянын Украинага толук масштабдуу согуш ачарына бир ай калганда, "Юнармиянын" Крымда эле 29 000 мүчөсү болгон.

Украинанын укук коргоо органдары оккупацияланган Крымдагы "Юнармия" отрядынын жетекчилигин "жарандардын армияга өз ыктыяры менен чакырылышын камсыздоого багытталган пропагандага" тыюу салган беренеге таянып, Женева конвенциясында кепилденген жарандарды коргоону бузду деп айыптайт.

Крымдын адам укуктары боюнча тобунун эксперти Ирина Седова мындай расмий айыптоолорду колдойт.

"Биз бул кыймылдын ишмердүүлүгү эл аралык гуманитардык укукту бузуп жатат деп эсептейбиз жана анын лидерлери Крымдын тургундарына, тактап айтканда балдарга жана өспүрүмдөргө каршы согуш кылмышын жасап жатышат, аларды зомби кылып, "Юнармиянын" катарына байкатпай аралаштырууда", - деди ал 2022-жылы "Крым.Реалии" сайтына берген маегинде.

"Юнарамия" кыймылынан эки бала курал-жарактары менен. 2019-жыл.

Айтылган дооматтарга жооп катары "Юнармиянын" Севастополдогу бөлүмүнүн башчысы Владимир Коваленко Украинадагы азыркы бийликти легитимсиз деп эсептей турганын жана кылмыш жасаганын четке каккан.

Бирок аннексияланган аймактардагы "Юнармиянын" айрым мурдагы мүчөлөрү орус аскерлерине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы айтылат.

Алардын арасында 23 жаштагы Крымдын Полтавка айылынын тургуну, артиллерист Илья Зозулский да бар. Орусиялык басылмалардын маалыматына ылайык, ал абройлуу Жуков медалы менен сыйланган. 2023-жылдын январында Mash Телеграм-каналы ал "Юнармиядан" согушка тартылган 50 "насаатчынын" бири болгонун жазган.

Илья Зозулский

Зозулский "Схеманын" журналисттеринин жана анын өнөктөштөрүнүн чалууларына, суроолоруна жооп берген жок.

Британия 19-ноябрда "Юнармияга" каршы санкцияларды киргизип, аны "Путиндин Украинанын жаш муундарын күч менен депортациялоо жана үйрөтүү аракетинин борборунда турган аскерлештирилген уюм" деп сыпаттады. Анда аталган кыймыл "Украинанын маданий жана улуттук өзгөчөлүгүн жок кылуу боюнча Орусиянын системалуу аракетине толук тиешеси бар" деп айтылат.

Санкциялардын жарыяланышы орус армиясы Украинанын оккупацияланган аймактарынан аскерге жарактууларды чакыра баштаган маалыматтар тараган учурга туш келди.

Путин 2022-жылдын сентябрында "Донецк жана Луганск облустары, ошондой эле түштүк-батыштагы Запорожье жана Херсон облустары Орусиянын курамына кирет" деп негизсиз билдирүү тараткандан кийин гана "Юнармия" отряды Донбасста иштей баштаган. Бирок 2019-жылдан бери ушундай эле "Жаш гвардия-Юнармия" деген уюм да иш алып барат.

2023-жылы Орусия басып алган Донецк жана Луганск аймактарында "Юнармия үйлөрү" ачылган. Аларды мектептин карамагындагы өрт жана спорттук машыгуу үчүн ылайыкташтырылган жайлар десек болот. KibOrg берген документтерге ылайык, "Юнармия" мектеп имараттарын акысыз пайдаланат жана Орусиянын федералдык өкмөтү менен кыймылдын Москвадагы башкы кеңсеси тарабынан каржыланат.

Донецктеги мектеп окуучулары "Юнармиянын" катарына кошулууда.

KibOrgдун хакерлери "Схема" иликтөө бөлүмүнүн журналисттерине оккупацияланган аймактарда жашаган балдардын ондогон мектеп альбомдорун көрсөткөн. Тизмедеги балдардын көбү же "Юнармиянын" мүчөлөрү же анын иш-чараларына катышкан.

Мисалы Донецк облусунун Орусия оккупациялаган шаарларынын биринде жашаган сегизинчи класстын окуучусун алсак болот. Жашы жете элек баланын жеке жашоосун коргоо максатында аты-жөнү ачык айтылбайт. Туулуп-өскөн шаарынын социалдык тармактагы баракчасындагы сүрөттөрдө, ал "Коргоочу- 2024" машыгуу лагерине катышып, АК-74 автоматын чачып, кайра чогултканы үчүн коло медаль алганы көрсөтүлөт.

"Катышуучулар ок атуу боюнча машыгып, алгачкы аскердик даярдыктан өтүштү, согуштун заманбап тактикасын жана ыкмаларын үйрөнүштү", - деп айтылат маалыматта. Орусия, Донецк жана Запорожье облустарынан барган "300дөн ашык мектеп окуучулары "Юнармияга" ант беришкени" кошумчаланат.

Донецк облусунун оккупацияланган аймактарынан "Жаш гвардия-Юнармия" кыймылынын мурдагы мүчөлөрү да согуштук аракеттерге катышууда.

Станислав Сикорский

2018-жылы Горловка шаарында мектепти аяктаган Станислав Сикорский ""Юнармиянын" да, "Жаш гвардия-Юнармиянын" да мүчөсү болгон" деп жазылат анын ВКонтакте социалдык тармагындагы аккаунтунда. Согуш башталгандан кийин ал орус аскерлеринин "катарына кошулуп", Херсон аймагындагы салгылашууларга катышкан.

Сикорский 2023-жылы демобилизацияланган. Ал "Схеманын" жана өнөктөштөрүнүн билдирүүлөрүнө, чалууларына жооп берген жок.

Донецк облусунда жашаган Анна Лисовенко 2017-жылы 17 жашында "Спартандыктар" деп аталган "Жаш Гвардия-Юнармия" отрядынын катарына кошулган. Анын социалдык тармактарда жазган постторуна караганда, ал 2014-жылдан бери Донецк аймагындагы согушкерлерден турган орус аскер чалгындоо тактикалык тобунда учкучсуз учак оператору болуп, Украинага каршы согушуп жүрөт.

Анна Лисовенко

"Мен өзүм "Юнармияда" окугам, азыр армияда кызмат өтөйм. Мени менен бирге окугандардын жарымына жакыны аскердик жолду тандашкан. Тилекке каршы, алардын көбү каза болуп калды. Айрымдары оор жараат алып, кызматын уланта албай жатат. Бул биздин аймактын чындыгы", - деди ал "Схема" иликтөө бөлүмүнүн өнөктөштөрүнө.

Лисовенко "Жаш Гвардия-Юнармияда" алган "курал менен иштөө, дене тарбия жана тарых сабагы боюнча билими" Украинага каршы согуш учурунда пайдалуу болгонун жашырбайт.

Зозулский, Сикорский жана Лисовенко Украинанын он жылдан бери Орусия көзөмөлдөгөн аймактарынан чыккан жаштар. Бирок "Юнармия" 2022-жылы согуш башталгандан кийин орус күчтөрү басып алган аймактарда да ишмердүүлүгүн улантууда.

Алсак ушул жайда Мариуполдо жаңы ачылган отряд Азов деңизиндеги лагерде жети жолу машыгуу өткөргөн. Анда балдарга автоматтан ок атууну үйрөтүшкөн.

Лагердин уюштуруучуларынын бири катары Мариуполдун оккупациялык администрациясынын Үй-бүлө жана балдар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Валерий Онацкийдин аты аталат. 2023-жылы "Схеманын" иликтөөчү журналисттери Онацкий украин балдарды оккупацияланган аймактардан Орусияга өткөрүү менен алектенгенин аныктаган. Бул Эл аралык кылмыш сотунун Путинди согуш кылмыштарына шектелип камакка алуу ордерин чыгарууга түрткү болгон.

Валерий Онацкий

2022-жылы ноябрда оккупациялык бийликтер "Юнармиянын" филиалдары Херсон жана Запорожье облустарынын Орусияга караштуу бөлүктөрүндө да ачылганын билдирген.

"Юнармиянын" Запорожье аймагындагы жетекчиси — орусиялык Фидаил Бикбулатов, аны украин чалгындоосу Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды массалык түрдө уурдоого, мыйзамсыз депортациялоого жана Орусияга мажбурлап өткөрүүгө катыштыгы бар деп айыптап келет.

Бикбулатов "Схеманын" өнөктөштөрүнө комментарий берип жатып, "Юнармиянын" мүчөлөрү келечекте өз жашоосун аскердик кызматта гана көрөрүн айтат.

"Биз алардын дареметин көрүп жатабыз, алардан жоокер болот деп күтөбүз. Биз аларды машыктырабыз, алар менен иштешебиз, алардын жоокер болушун каалайбыз. Коргоо министрлиги "Юнармиянын" мурдагы мүчөлөрүнө куралдуу күчтөргө кошулганда жеңилдиктерди да берет, бирок мунун баары өз ыктыяры менен жасалат", - дейт Бикбулатов.

Далилдер көрсөткөндөй, "Юнармиянын" жетекчилиги анын бутактарынын ишмердүүлүгүн жок дегенде жарым-жартылай, орус армиясына кошулган мурдагы мүчөлөрүнүн саны менен баалайт. Октябрда "Юнармиянын" башчысынын орун басары Виктор Кауров аймактык бөлүмдөргө жыл сайын милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү "кароо-сынак" тууралуу кат жөнөтүп, “сынак" эки параметр менен каралары айтылган: "Аскердик кызматка чакырылган жана аскердик жогорку окуу жайларга тапшырган "Юнармиянын" курсанттарынын саны" жана "аскердик окуу борборлоруна кабыл алынган "Юнармия" курсанттарынын саны".

"Юнармиянын" Москвадагы борбордук штабы "Схема" иликтөө бөлүмүнүн комментарий алуу өтүнүчтөрүнө жооп берген жок.

Бул иликтөөнүн авторлору: Денис Глушко, Анастасия Горпинченко, Максим Дудченко, Олег Котюжанский, Владислава Кобко, София Коротуненко, Станислав Орошкевич, Максим Савчук, Виктория Шатыло, Анна Шпурик.