Орусия: Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салуу сунушу

Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу сала турган мыйзам долбоору сунушталды. Кыргыз таксисттери мыйзам кабыл алынып калса, жумушсуз калабыз деп кабатырланууда. Долбоордун түшүндүрмөсүндө жүргүнчү ташып иштөөгө бир гана Орусиянын күбөлүгү барларга уруксат берилери айтылган.

Орусиядагы элчилик мыйзам долбоорунун кыргызстандык жарандарга тиешеси болбой турганын айтууда.

4-сентябрда орусиялык ТАСС агенттиги жазгандай, Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын мүчөсү Ярослав Нилов баштаган депутаттык топ “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Аталган мыйзамдын азыркы редакциясында Кыргызстандын жана орус тили расмий тил болуп саналган башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгү менен Орусиянын аймагында такси жана автобус айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берилген. Эми мыйзам долбоорунун авторлору бул ченемди мыйзамдан алып салып, айдоочулук менен алектенүүгө Орусиянын айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде гана уруксат берүүнү сунушташууда.


Демилгечилер Орусиянын ИИМнин маалыматына таянып, чет өлкөлүк айдоочулардын айынан бир жылда 43 миң жол кырсыгы катталганын да жүйө келтиришкен.

"2021-жылы айдоочулардын күнөөсү менен 5062 жол кырсыгы катталып, андан 431 адам көз жумган. 6709 киши жаракат алган. ИИМдин маалыматына караганда, 2022-жылы 43 миң жол кырсыгы чет элдик айдоочулардын айынан болгон. ИИМдин дагы бир маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын көбүнө Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Армениянын жана Азербайжандын жарандары күнөөлүү”, - деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Орусияда 1-сентябрдан тарта соттуулугу жоюлбаган, үч же андан көп төлөнбөгөн айыптары бар жарандарга таксиде иштөөгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, таксисттер суткасына 12 сааттан ашык иштей албайт.

"Айдоочулук күбөлүктү тааныбаса, бизге эле оор болот"

Москванын көчөсүндөгү такси.

Москвада такси кызматында иштеп жүргөн Баяман мыйзам долбоору тууралуу эми гана угуп жатканын, жаңы эреже бир топ мекендештерин кыжалат кыларын айтат. Анткени Орусияда такси кызматында иштеп, нан таап жеген кыргызстандыктар көп.

"Менин айдоочулук күбөлүгүм Кыргызстандыкы. Бирок бул мыйзам долбоору тууралуу мага эч ким маалымат берген жок. Мен машинаны ижарага алып, таксиге чыкканыма аз эле болду. Эгер биздин күбөлүк менен иштөөгө тыюу салынса, анда оор эле болот. Себеби таксист болуп иштеген кыргыздар өтө көп. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, башка иш издөөгө туура келет, албетте", - деди ал.

Дагы караңыз

Москва: жаанда кармалган таксисттер, элчиликке сын

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, ушул тапта Орусияда жүз миңдей кыргызстандык жаран такси жана автобус айдап иштейт. Айрым таксисттер Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салынса, ишсиз калышарын айтып, кабатыр болууда.

"Эгер бул мыйзам күчүнө кирсе, полиция тосо баштайт. Аларга жеткирбей эле такси операторлор, мисалы, "Яндекс" бизге машина бербей коёт. Ошондо иш токтойт. Башка жумуш кароого туура келет", - деди мигранттардын бири Фархад.

Мамлекеттик Думада сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги комментарий берди. Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков Кыргызстандын жана орус тили расмий тил болуп саналган башка өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында такси жана автобус айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берген мыйзам өзгөртүүсүз калат деп ишенерин "Азаттыкка" билдирди.

Манас Жолдошбеков

"Кыргызстандын жана Беларустун гана айдоочулук күбөлүгү таанылып, бул өлкөлөрдүн гана жарандарына Орусияда такси жана автобус айдоочусу болуп иштөөсүнө уруксат берилген. Анткени бул эки өлкөдө орус тилине расмий макам берилип, Баш мыйзамда бекитилген. Биз жакында эле бул маселе боюнча Орусиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрү, Мамлекеттик Думанын депутаттары, тармактык комитеттин мүчөлөрү менен жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Алар бизге "орус тили расмий тил болуп Конституцияңарда жазылып турган убакта, кыргыз жарандарына берилген бул жеңилдик ошол бойдон калат" деп убада беришкен. Андыктан бул демилге боюнча эле калат, мыйзамга айланбайт деп ишенем", - деди Манас Жолдошбеков.

Мыйзамды өзгөртүү артындагы саясат

Мамлекеттик Думадагы таасирдүү саналган ЛДПР фракциясынын демилгесин айрым кыргызстандык эксперттер орус бийлигинин расмий Бишкекке таасир этүү аракети катары баалашууда.

Мурда Москвада иштеп кеткен кыргызстандык юрист Мирбек Токтошев бул сунуштун артында орус бийлигинин Кыргызстанга басым кылып, таасир этүү аракети турат деп эсептейт.

Мирбек Токтошев - Mirbek Toktoshev

"Бул маселе саясий өңүттөгү маселе. Анткени орус бийлиги 2011-жылдан бери эле мигранттарга басым кылып, муну саясат үчүн курал катары колдонуп келе жатат. Кыргызстандык мигранттар Бишкекти Бажы биримдигине киргизүүдө бир курал болсо, эми Украинадагы согушта Кыргызстандын бейтарап саясатына каршы кайрадан куралга айланууда. Анткени Кыргызстан Украинадагы согушту колдобой, ага катышкандарды жазалап келет. Москвага бул жакпайт. Ошондуктан алар бул сапар ЛДПР аркылуу “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү сунуштап, кайрадан эле мигранттарыбызды саясий курал катары колдонгусу келип жатат. Алар саясатты кайсы жакка бургусу келсе, мыйзамдарды өзгөртүү менен түрдүү манипуляцияларды жасап жиберишет. Бул ачык эле көрүнүп турат. Биздин мекендештерди согушка тартуу аракети деп айтууга толук негиз бар. Менин Орусиядан чыгып кетүүмө да ушул себеп болгон. Бул согуш жакын арада бүтпөйт".

Расмий маалымат боюнча, Орусияда жашап иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон көп.

Дагы караңыз

Орусияда такси кызматын көзөмөлдөгөн мыйзам күчүнө кирдиЖеке маалыматтарды коргоо агенттиги "Yandex Go" тиркемесинде мыйзамсыз жоболорду аныктады

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Федералдык коопсуздук кызматы 1-сентябрдан тарта "Яндекс.Такси" кызматынын бардык өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн маалымат базаларына киришине жол ачкан токтомго кол койгон. Мындай маалыматты "Медуза" басылмасы жазып чыккан. "Яндекс" кызматы ушул эле басылмага бул Орусиядан башка өлкөлөргө тиешеси жок экенин айтып, маалыматты төгүндөгөн.