Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Орусия согуштагы жоготууларын мигранттар менен толуктагысы келеби?


Орусиялык аскерлер. Ростов-на-Дону шаары. 25-июнь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиялык аскерлер. Ростов-на-Дону шаары. 25-июнь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын армиясы 3-сентябрдын таңында Украинанын Одесса облусун "Шахед" дрондору менен жапырт аткылады. Британ чалгын кызматынын маалыматына ылайык, орус бийлиги Украинадагы жоготууларын борбор азиялык мигранттар менен толуктоону көздөп жатат. Украинада сот миллиардер Игорь Коломойскийди эки айга камады.

Орус армиясы Дунайдагы портторду бутага алды

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, дээрлик үч жарым саатка созулган орус армиясынын аткылоосунан эки карапайым тургун жараат алды. Чабуулдар негизинен Дунай дарыясынын жээгиндеги портторго багытталды.

Быйыл июль айында украин данын Кара деңиз аркылуу коопсуз экспорттоого жол берген келишим Москва чыгып кеткенине байланыштуу токтоп калган. Андан бери Дунай украин буудайын чет жакка экспорттоочу негизги маршруттардын бири болууда.

3-сентябрдагы дрондордун соккусунан порттогу кайсы обьектилер жабыркаганы так маалымдалган жок. Украин аскерлери билдиргендей, аткылоодон улам тутанган өрт убагында өчүрүлдү.

Орусиянын армиясы Дунайдагы Рени портуна абадан чабуул койгонун ырастап, соккулар украин Куралдуу күчтөрү колдонуучу күйүүчү май сакталган кампаларга урулганын билдирди.

Согуш маалында эки тараптын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

"Кремль согуштагы жоготууларын борбор азиялык мигранттар менен толуктагысы келет"

Ал арада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бул жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катары 280 миң киши менен толукталганын айтты.

"Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 1-январдан тартып Куралдуу күчтөрдүн катарына 280 миң киши кабыл алынды. Алардын айрымдары запастагылар болсо, башкалары ыктыярчылар. Ошондой эле башка макамдагылар да бар",- деди Орусиянын мурдагы президенти Медведев Ыраакы Чыгышта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жатып.

Өткөн жылы Москва жоокерлеринин санын 30% көбөйтүп, 1,5 миллионго чейин жеткирүү планы бар экенин билдирген. Эксперттердин пикиринде, орус бийлиги мындай дымагына Украинадагы жоготуулардан улам жетпей жатат.

Британиянын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматынын эсебинде, Кремль Украинадагы жоготууларын борбор азиялык мигранттар менен толуктагысы келет. Мекеме 3-сентябрда тараткан билдирүүгө ылайык, Орусия Украинадагы согушка мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттердин жарандарын тартууга жигердүү аракет кылып жатат.

Мисал катары Интернеттеги жарнамалар келтирилген. Анда согушка барууга макул болгон Армения менен Казакстандын жарандарын алгачкы төлөм катары 5140 доллар жана эки миң доллардай айлык убада кылынган.

Андан тышкары Мариуполго акча табууга барган өзбекстандык мигранттарды орус армиясына кошулууга мажбурлашканын британ Коргоо министрлиги белгилейт.

"Орусияда борбор азиялык алты миллиондой мигрант бар, аларды Кремль потенциалдуу ыктыярчылар катары карап жатат", - дейт авторлор.

Алар Орусия мындай жол менен 2024-жылкы президенттик шайлоо алдында мобилизация жарыялабай, Украинадагы жоготууларды мигранттар менен толуктагысы келет деген болжолдорун бөлүшкөн.

Украиналык олигарх камалды

Ал арада Киевдин Шевченков райондук соту 2-сентябрдын кечинде украин миллиардери Игорь Коломойскийди эки айга камоо чечимин чыгарды. Соттун өкүмүнө ылайык, ал $13,8 миллион күрөө менен үй камагына чыга алат. Анткен менен миллиардердин адвокаттары Коломойский бул акчаны бербей турганын, соттун өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдиришти.

Украинанын Коопсуздук кызматы Игорь Коломойскийди алдамчылыкка жана кылмыштуу жол менен тапкан мүлктү адалдаштырууга айыптап жатат.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2013-2020-жылдары Коломойский миллиондогон долларды чет жакка чыгаруу менен адалдаштырган.

Украин президенти Владимир Зеленский Коломойскийдин иши боюнча кыйыр түрдө укук коргоо органдарына ыраазычылык билдирди.

"Албетте, биз Украинаны коргоп, жерибизди бошотуп алабыз. Бирок ал Украинада башка эрежелер болорун ар бирибиз сезип жатсак керек. Чек аралар ошол эле бойдон калат. Демократия дагы. Европадагыдай эбегейсиз эркиндик болот. Бирок ал жакта Украинаны тоноп, өзүлөрүн мыйзамдан жана эрежелерден жогору койгондор болбойт. Мен украин укук коргоо органдарын ондогон жылдардан бери токтоп турган иштерди аягына чыгарып, чечкиндүүлүк кылганына ыраазычылык билдирем. Мыйзамдар иштеш керек",- деди Зеленский.

Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, Игорь Коломойский эң бай украиндердин бири. Анын байлыгы 2022-жылдын соңуна карата 850 миллион долларды түзгөн. 2022-жылы президент Владимир Зеленский өз буйругу менен ишкерди украин жарандыгынан ажыраткан.

Коломойскийге Орусияда "Украинанын чыгышында тыюу салынган куралды колдонгон" деген кине менен кылмыш иши козголгон. Ишкер жикчилдерге каршы аскердик операцияга колдоо көрсөткөн. 2014-жылы Москванын Басман райондук сотунун чечими менен Коломойский сыртынан кесилген.

Быйыл февралда украин маалымат каражаттары Коломойскийдин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү жүргөнүн жазышкан.

Зеленский президенттикке ат салышып, жеңип алганда көп адамдар анын артында олигарх Игорь Коломойский турат деп айтышкан. Коломойский "Эл кызматчысы" сериалын көрсөткөн "1+1" телеканалынын ээси болчу. Бирок олигарх да, Зеленский өзү да мындай дооматтарды четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG