Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "Yandex Go" тиркемесинде мыйзамсыз жоболорду аныктады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "Yandex Go" тиркемесин иликтеп, анда өлкөнүн мыйзамдарына туура келбеген бир катар жоболор бар экенин аныктады. Бул тууралуу аталган агенттик 11-августта маалымдады.

"Тиркемеде купуялык саясаты тууралуу маалымат орус тилинде гана жазылган. Ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбеген жоболор бар. Документте "Яндекс" жүргүнчүлөр барган уюмдар, алардын тандоосу тууралуу жана телефон тизмегиндеги жана башка маалыматтарды чогулта алары жазылган. Бирок бул маалыматтар кандай максатта чогултулары көрсөтүлгөн эмес", - деп жазылган маалыматта.

Агенттик жеке маалыматтарды чогултуучу борбор Кыргызстандын аймагынан тышкары жайгашкан учурда маалыматтар чет өлкөгө берилди деп саналарын, кандай гана болбосун жеке маалыматтарды сыртка берүү мыйзам бузуу болуп эсептелерин кошумчалады.

Мыйзам боюнча Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтары менен иштеген бардык мекемелер өлкөнүн аймагында болуп, "Жеке маалыматтарга ээ болуучулардын реестрине" катталууга тийиш.

Тиркеменин ээси - "Яндекс.Такси Корп" компаниясы реестрге катталган эмес.

Агенттик аталган компаниядан 18-августка чейинки аралыкта кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын кармаган уюмдар менен кызматташтыгы боюнча маалыматтарды берүүнү талап кылды.

"Яндекс.Такси.Корп" компаниясы Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин талабына жооп берип, Орусиянын мыйзамдары Кыргызстанга жана компаниянын бул жактагы кардарларына колдонулбай турганын билдиргенин КЛООП жазды. Ушундай эле жоопту аталган мекеме 9-августта да тараткан.

"Кардарлардын жеке маалыматын өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сактайт. Сервистин Кыргызстандагы иши тууралуу маалыматтарды чет өлкөлүк (анын ичинде орусиялык) мамлекеттик органдар расмий кайрылуу аркылуу, эл аралык жол-жобонун негизинде гана сурай алат. Биздин компания коопсуздук саясатынын эң жогорку стандарттарын карманат", - деп билдирген.

Мунун алдында "Медуза" басылмасы ушул жылдын 1-сентябрынан тартып Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Яндекс.Такси" кызматынын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн бардык маалымат базаларына күндүр-түндүр кирүүгө мүмкүнчүлүк аларын жазган. Анда тиешелүү токтомго орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин кол койгонун билдирген.

“Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет, анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.

Компания ушул жылдын башында гана Кыргызстанда каттоодон өткөнү белгилүү болгон. Өткөн айда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, “Яндекс.Такси” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемеге бөгөт коюуну талап кылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG