Азаматты (аты өзгөртүлдү-ред.) 17-февралда абакта каза тапкан орусиялык активист Алексей Навальныйды эскерип, репрессия курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюп жаткан жеринен кармап кетишкен.
"Алексей Навальный каза болгон күндүн эртеси таң эрте барып гүл коюуну чечтим, - дейт ал. - Анткени башка шаарларда саясий репрессия курмандыктарынын эстеликтерине гүл алып келип жаткандар болду. Сургуттун кайсыл жеринде репрессия курмандыктарына арналган ушундай эстелик бар экенин картадан карап, ошол жакка бардым. Мен барганда ал жерде бир нече гүл коюлган экен. Колумдагы гүл менен эстеликке жакындап калганда, жарандык кийимчен үч киши мен тарапка чуркап келишти. Алар күбөлүгүн көрсөтүп эле мени дароо алып кетишти.
Мени менен кошо артымдан гүл көтөрүп келаткан дагы бир кызды алып жөнөштү. Кийин полиция бөлүмүндө он чакты адам бар экенин көрдүм. Бөлүмдө жарандык кийимчендерге формачан адамдар кошулду. Алар бизди кезек менен киргизип, суракка алышты".
"Мекениңе барып, эшек мин!"
"Мени жалаң жарандык кийимчен адамдар суракка алышты. Алар экстремизмге каршы бөлүмдүн кызматкерлери окшойт. Сурак маалында мен репрессиянын бардык курмандыктарын эскерип, гүл коюуну чечкенимди айттым. Алар менден бул эстелик кимге арналганын билесиңби деп сурашты. Мен Советтер Союзунда репрессияланган адамдарга деп жооп бердим. Алар эмне үчүн Навальный өлгөн күндүн эртеси келгенимди кайра-кайра сурап жатышты. Анан бир киши кирип келип эле "фашист Навальныйды" колдогонум үчүн мен фашист экенимди айтып кыйкырып, башыма ура баштады, бир маалда тапанчасын алып чыгып, чекеме такады. Ошондон кийин "мен күнөөмдү" моюнга алып, Алексей Навальныйдын элесине гүл коюуну чечкенимди айттым.
Алар мага "Крым кимдики? Сен ЛГБТнын мүчөсү эмессиңби?" деген суроолорду да беришти. Ошол эле кезде менин азыр тынч жашоодо өмүр сүрүп жатканыма "согуштук операцияга" катышкан аскерлердин салымы чоң экенин, Белгороддо салгылашта каза болгондорду колдоп чыкпаганымды айтышты".
Азамат Кыргызстанда туулуп, ымыркай кезинде ата-энеси менен Орусиянын Сургут шаарына көчүп кеткен. Ал мектепти, жогорку окуу жайды Орусияда бүтүргөн.
"Кайда төрөлгөнсүң деп сурашты, мен Кыргызстанда, Бишкекте, бирок Орусияда чоңойгом деп жооп бердим. Бул жерде бала бакчага, мектепке, университетке бардым, бүт өмүрүм ушул өлкөдө өттү деп айттым. Алар мага ишенбей Орусиянын жарандыгын качан алганымды сурашты. Мен аларга эгерде ата-энесинин жок дегенде бирөөсү орус жарандыгын алса, бала автоматтык түрдө өлкөнүн жараны болуп каларын айттым. Алар мага ишенишкен жок. Кыргызстанда төрөлсөм, анан кантип эле Орусиянын жараны болуп калганыма таң калышты. Жерге жаткырып, колумду толгоп, "Орусияда жашоо эмне үчүн жакпайт сага?" деп кекетип жатышты. Жей турган наның бар, жууна турган сууң бар дешти. Жакпаса "мекениңе барып, эшек мин" деп тилдешти. Сурак бүткөндөн кийин мени "тур" дешти. Бизге кийинки кабинетте күбө катары тартылганыбызды айтып, Навальный тууралуу суроолорду беришти. Алар чындыгында мыйзам чегинде гүл койгонубуз үчүн эле бизди жазага тарта алышмак эмес. Сурак бүткөндөн кийин мен башкалар менен да сүйлөштүм. Ал жерде орус эмес жалгыз эле мен болчумун. Бирок менден башка эч ким кыйноого же уруп-сабоого кабылганын айтышкан жок. Мени эле урушканын ошондо билдим".
Азамат ошол эле күнү Сургуттагы жергиликтүү ооруканалардын бирине кайрылган. Травматология бөлүмүндөгү дарыгер берген медициналык тастыктамада "күч колдонуудан бейтаптын башындагы, белиндеги, сол санындагы жумшак ткандары жабыркаган" деп жазылган.
Азамат Орусияда тыюу салынган эркин медилардан макалаларды окуп, Алексей Навальныйдын ишмердиги менен бир нече жыл мурда таанышканын айтып берди.
"Телефондорубузду текшергенде, менин Телеграмымдан эркин медиалардын каналдарын көрүштү. Мен аларды өчүргөнгө жетишпей калдым. Алар улам-улам мени "оппозиционер турбайсыңбы" деп жатышты. Мен Навальный тууралуу 2017-жылы уккам. Ошол жылы анын "Он вам не Димон" деген иликтөө тасмасы чыккан. Ошондо мен биринчи жолу Сургутта митингге чыккам. Кызыгы, ал митинг да мен азыр гүл койгон эстеликтин жанында өткөн. Бирок ал кезде эч кимди камашкан эмес. 2018-жылы Татарстанда дагы митингге катышкам. Анда деле эч кимди камакка алышкан эмес. Бирок Казанда Навальныйды колдогон кийинки митингде мени жана Навальныйдын башка тарапташтарын кармап кетишкен. Анда бир нече сутка камерада отуруп, айып пул төлөп эркиндикке чыккан болчубуз".
Азамат азыр Сургутта үй-бүлөсү менен жашайт. Соңку жылдары ал жакындары менен Кыргызстанга кайтып келүүнү ойлоно баштаганын айтты:
"Ушу тапта Орусияда өз оюңду эркин айтып чыгуу мүмкүн эмес болуп калды. Колубузду байлап, оозубузду жаап коюшту. Орусиянын Украинага басып киргенин мен дагы колдобойм. Бирок аны ачык айтып чыгуу мүмкүн эмес. Кыргызстанга мурун ар жылы жайкысын барып турчумун. Мекенибизге бир кезде кайтып келебиз деген оюбуз бар. Атам жакынкы жылдары бул жакта пенсияга чыгат. Ошондон кийин кетсекпи деген ойлор болуп атат".
Азамат 21-февралда кыйноо фактысы боюнча Орусиянын Тергөө комитети жана прокуратурага арыз менен кайрылганы белгилүү болду.
Дагы караңыз
"Салам. Мен Юлия Навальнаямын". Саясатчынын жесири анын ишин улантатОрусиянын ар кайсы шаарларында Навальныйдын элесин урматтап көчөгө чыккан эки жүздөн ашуун адам кармалганын "Свобода" радиосу кабарлады.
Оппозиционердин өлүмү тууралуу орус бийлиги 16-февралда билдирген. Жаза аткаруу федералдык кызматынын версиясында өзгөчө тартиптеги колонияда отурган Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, эс-учун жоготкон. Ага чейин 27-жолу катаал шарттагы жазалоочу камерага отургузулган.
Саясатчынын тарапташтары аны киши колдуу болгон деп эсептейт. Жакындарына анын сөөгүн өткөрүп берише элек. Жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин уланта турганын билдирди.