Орус абагындагы үрөй учурган кыйноолор

Орусиядагы түрмөлөрдүн биринин көрүнүшү.

Орусиянын абактарындагы үрөй учурган зордук-зомбулук көрүнүштөрү тартылган видеонун негизинде кылмыш иши козголду.

Чет өлкөдө турган Gulagu.net укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкин түрмөлөрдө кыйноого алынып, кордолгондор тартылган "жашыруун" видеоархив колуна тийгенин билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары зордук-зомбулук чагылдырган видео тасманын бир бөлүгүн жарыялаган.

Интернетти "жарган" жашыруун видеоархив

Орусиянын тергөө комитети интернетке чыккан Саратовдогу түрмөдө отургандарга жасалган зордук-зомбулук фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул иштерге катышы бар кызмат адамдары жана алардын буйругун аткарган түрмөдөгү соттолуучулар аныкталса, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул үрөй учурган видео интернетке чыккан соң Жаза аткаруу федералдык кызматынын Саратов облустук башкармалыгынын башчысы, ички кызматтын полковниги Алексей Федотов кызматынан кеткени белгилүү болду.

Азыркы учурда Орусиянын аймагынан чыгып кеткен Gulagu.net укук коргоо долбоорунун башчысы Владимир Осечкин түрмөлөрдө көрсөтмө алуу үчүн зомбулук жана кыйноо усулдары кадимкидей колдонуларын айтты.

Осечкин буга андагы атайын кызматтардын тыңчылары тартыларын белгиледи. Ал отчет үчүн сакталган көлөмү 40 Гб "жашыруун" видеоархив алынганын билдирди:

Орусия. "Gulagu.net" укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү.

“Бизге ФСБ менен ФСИНдин “жашыруун” видео архивин Орусиядан чыгарып кетүүгө мүмкүн болду. Мында кызматтык видеоархив катары сакталган миңдеген видео файлдар тууралуу сөз болууда. Видео тасмалар түрмөлөрдөгү атайын кыйноо жайларында тартылып, аларда Орусиянын бир катар аймактарындагы түрмөлөрдө эркинен ажыратылгандарды системалуу түрдө уруп-согуу, кыйноо, аларга зордук-зомбулук жасаган учурлар тартылган. Бардыгынан маанилүүсү биз Орусиянын абак жайларында ушундай кыйноолор колдонуларын, уруп-согуп, зордуктап, керек болсо, өлтүрүп койгонго чейин бара турган жагдайларды билип, алар тууралуу тиешелүү бийлик органдарына кабарлаганбыз. Бирок эч кандай чара көрүшкөн эмес. Кылмыш иштерин ачып, ага күнөөлүүлөрдү жазага тартышпады. Териштирүү жүргөнү менен деле эч бир жыйынтык чыкпады. Анткени андай текшерүү иштери менен кыйноолорго өздөрү аралашкан атайын кызматтардын адамдары алектенип турган”, - деди “жашыруун видео архивди” жарыялаган Владимир Осечкин.

Өткөн шейшембиде Орусиядагы бир катар интернет сайттар түрмөлөрдөгү сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук тартылган видео архивдин айрым бөлүктөрүн жарыялаган. Анда кайсы бир абак жайында бир нече кишиден турган топ керебетке байланган башка бирөөнү уруп-согуп, ага сексуалдык кордук көрсөтүп жатканы жана анын жан чыдагыс мындай кордуктан жансоога сурап, кыйкырып жатканы тартылган. Бул окуя былтыр февраль айында тартылганы көрсөтүлгөн.

Көнүмүшкө айланган көрүнүштөр

Камактагыларды кыйнап, көрсөтмө алуу жана тартылган компроматтардын жардамы менен тергөөчүлөр даярдаган кагаздарга кол койдурган учурлар боюнча далилдер чыкканы белгиленди.

Абак жайларындагы адам укугун коргоого адистешкен коомдук негиздеги укук коргоочулар муну Орусиянын түрмөлөрүндөгү системанын бир бөлүгүнө айланып, көп жылдардан бери калыптанып калган өнөкөт көрүнүш катары сүрөттөштү.

Укук коргоочу Алексей Федяров түрмөдө баш ийбеген адамды ушундай жол менен “сындыруу” усулу бар экенин айтып, мындай мыкаачылык алар үчүн көнүмүш көрүнүш дейт:

Орусия. Алексей Федяров. "Сидящая Русь" юридикалык департаменти" фондунун жетекчиси.

“Аларга “барып, камактагы бирөөнү “тарбиялап” ийге келтирүүгө көрсөтмө берилдиби, болду, ал барып туруп ошондой иштерди аткарып, тартылган видеону отчет катары кураторлоруна көргөзүшөт. Анткени ал адамдар мына ушундай мыкаачылык менен жашайт. Бул нерсе силер үчүн мыкаачылык. Ал эми алар эртең менен кофе ичип, уруп-согуп, кайра келип, тамагын ичип жүргөн күндөлүк эле иштер. Силер мына ушундай видеолор чыкканда гана ал тууралуу эстейсиңер. Биз болсо андай маалыматтарды күндө көрөбүз. Уруп-согуп, кыйнап, зордук-зомбулук жасоо андагы адамды кемсинтип, кордоо бул - анын инсандыгын жок кыла турган атайын “жөрөлгө”. Түрмөлөрдө адамдын ким экенине карабастан, аны ушундай жол менен мазактап, ылдый түшүрүшөт. Анан зомбулук болду деп айтуунун дагы мааниси жок болуп калат. Болду, андан кийин эч нерсе кыла албайсың...” – дейт Алексей Федяров.

Топтолгон видеоархивдин арасынан үчөө "Медиазонага" берилген. Басылма ал кандайча Осечкиндин колуна тийип калганын дагы баяндайт.

Түрмөдө отуруп чыккан бир программист бул ишке тартылып, эки жыл бою абактардан тартылган видео тасмалар сакталчу компьютердик серверге кирип, иштеп жүргөн маалында аларды көчүрүп, чогултуп алып чыкканын билдирген.

Анын айтымында, анын колунда топтолгон далилдер боюнча эле өткөн эки жыл ичинде 200дөн ашуун адам кыйноого кабылган. Кырктай адамды кыйнаган, аларга зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар видеого тасмаларга тартылып калган. Бул видео тасмаларда Саратов, Владимир жана Иркутск облустарында жайгашкан үч түрмөдөгү кыйноо жана зордук-зомбулук фактылары чагылдырылган.