Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Орусия: кыйноого кабылган мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тоноого айыпталган кыргызстандык жарандар соттон акталган соң кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Алар полиция кызматкерлери кылмыш ишин илүү үчүн сабап, кыйнаганын билдиришүүдө.

Санкт-Петербург шаарынын тургунун тоногон деп шектелген кыргызстандык үч жаранды июль айынын башында райондук сот актады. Фрунзе райондук соту аларды кылмыш ишине тиешеси жоктугуна байланыштуу сот залынан бошоткон.

"Кылбаган кылмышты моюнга алдырыш үчүн сабашты"

Кыргызстандык үч жаран: Заирбек Дүйшө, Бекболот Меңишбай жана Нургазы Сарыков Санкт-Петербург шаарынын тургуну Нина Гусенкону тоногон деп шектелип, 2020-жылдын январында камакка алынган. Полиция Заир, Бекболот жана Нургазыны туугандары менен чогуу жашаган батиринен кармап кетишкен.

Акталган мигранттардын сөзүнө караганда, жаңы кармалган учурда полицияда аларды баштарына желим баштык кийгизип, электрошокер менен кыйнашкан. Желим союл менен ичке, белине урушкан. Кыйноого чыдабаган Заирбек Дүйшө менен Бекболот Меңишбай кылбаган кылмышты моюнуна алышка аргасыз болушкан.

Тоноого шектелип кармалган кыргызстандык жарандар. Февраль, 2020-жыл. (Сүрөт fontanka.ru сайтынан алынды).
Тоноого шектелип кармалган кыргызстандык жарандар. Февраль, 2020-жыл. (Сүрөт fontanka.ru сайтынан алынды).

Ал эми Нургазы Сарыков кыйноолорго карабай эч бир кагазга кол коюп берген эмес. Ал полиция кызматкерлери кылмыш ишин моюнуна илүү үчүн кыйнаганын "Азаттыкка" билдирди:

"Бизди бөлүмгө алып барып, эки жарым суткадай кармашты. Кыйноо ошол жерде болду. Мени тынымсыз эки саат сабашты. Колумдагы кишенден кармап туруп, желим союл менен, жоокерлердин курунун темир жагы менен урушту. Акыры мен тура албай калганда токтотушту. Бизди убактылуу кармоочу жайда 12 күн атайын менин денемдеги көгала кетсин деген себеп менен кармашты. Ошо 12 күндөн кийин тергөө абагына алып барганда да денемдеги тактар кетпей, карайып турган".

Нургазыны убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына алып барышканда, ал жердин жетекчилиги денесиндеги көгала тактан улам аны кабыл алуудан баш тарткан. Булардын адвокаты Павел Литвиновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, тергөө абагынын корутундусундагы маалыматтар Сарыковдун кыйноого алынганын далилдейт.

"Заирбек менен Бекболот моюнуна алса да, Нургазынын көрсөтмөсү зарыл болгон. Анткени, бул экөөнү ошол күнкү тоноого байланыштырып турган жалгыз байламта - Сарыков болчу. Себеби, Сарыков Гусенкону тоногон үч киши отуруп кеткен автоунаанын ээсине телефон чалган экен".

Кылмышка байланган автоунаа

2020-жылы февралда Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе райондук ички иштер башкармалыгы 2019-жылы 27-декабрда болгон тоноонун бети ачылганын маалымдаган. Ага кыргызстандык төрт жаран катышканы жана алар кармалганы кабарланган. Полициянын маалыматына ылайык, 2019-жылы 27-декабрда жергиликтүү тургун Нина Гусенкону белгисиз үч киши тапанча менен коркутуп, ири суммадагы акча жана баалуу буюмдары бар сумкасын алып кеткен. Алар отуруп кеткен "Лада" автоунаасын окуянын күбөсү көргөнү кабарланган. Адвокаттын айтуусунда, тергөөнүн башында жабырлануучу Гусенко тоногон адамдарды жакшы таанып кала албаганын, алар беткапчан болгонун айткан. Бирок кийинчерээк көрсөтмөсүн өзгөртүп, өзүн тоногондон кыргызстандык Нургазы, Заир жана Бекболот экенин билдирген. Адвокат Литвиновдун сөзүнө караганда, кыргызстандыктардын бул ишке тиешеси жоктугун далилдөөгө - алар иштеген ишканалардагы видеокамералардын да жардамы тийген. Андагы тасмадан Заирбек иштеген жеринен 27-декбарда, саат 21:58де чыгып кеткени аныкталган. Тагыраагы, окуя болгон учурда Заирбек шаардын башка тарабындагы ишканасында болгон.

Нургазы Сарыков айтылып жаткан "Лада" автоунаасынын ээсине чогуу иштеген Арлен Искендеровдун өтүнүчү менен чалганын "Азаттыкка" ырастады.

"Арлен мага "машине алып жаттым эле, көрүп бериңизчи" деп суранганынан экөөбүз көрөлү деп барганбыз. Арлендин телефону өчүп калган экен, менин телефонумдан чалган элек. Бирок аркы тараптын да телефону өчүк болгон, сүйлөшкөн эмеспиз. Машинени көргөн да, сатып алган да эмеспиз. Ээсин такыр билбейм. Бирок Арлен кийин башкача көрсөтмө берип чыгып кетти. Аны сотко келип, биз үчүн көрсөтмө берип кой деп сурансак келбей койду".

Тоноо ишине шектелип кармалгандардын төртүнчүсү - Арлен Искендеровдун ишин полиция сегиз айдан кийин кыскартып, бошоткон. Анын өзү менен байланыша алган жокпуз.

"Кыйноо боюнча Орусиянын Тергөө комитети, прокуратура кабардар"

Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы консулу Таалайбек Абдиев бул үч жарандын кыйноого кабылганы боюнча полиция кызматкерлеринин үстүнөн Орусиянын тергөө комитетине, прокуратурага кайрылган.

Таалайбек Абдиев.
Таалайбек Абдиев.

"Балдардын кыйноого кабылганы боюнча тергөө комитетинин жетекчисине чейин, прокуратурага кайрылдык. Чара көрөбүз дешкен. Андан тышкары адвокат менен чогуу күбөлөргө чейин барып, "балдар жок жерден камалып кетишпесин, жардам бергиле" деп суранып жүрүп, актоочу база түзүүгө жетиштик. Сот ошолордун баарын карап, актап берди. Сотко ыраазычылык билдиребиз".

Фрунзе райондук сотунун кыргызстандык жарандарды актаган чечимине нааразылык билдирген экинчи тарап 16-июлда жогорку инстанцияга кайрылган.

Бул окуяны Орусиянын өзүндөгү маалымат каражаттары да байма-бай чагылдырып турушту. Маселен, "Фонтанка.ру", "Новая газета" жана башка басылмалар журналисттик иликтөөлөрүндө кыргызстандык жарандардын тоноого тиешеси жоктугун баяндашкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чет жакта үч миңге чукул жаран кылмыш жазасын өтөп жатышат, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Аталган өлкөнүн расмий органдарынын статистикасы боюнча кылмыш ишине кириптер болгон кыргызстандыктардын саны үч миңдин тегерегинде.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG