"Полицияга салып берди". Өрттө элди куткарган Султан ИИМдин Орусиядагы өкүлүнө нааразы

Султан Абдумаликов, мигрант.

Орусиянын Екатеринбург шаарында ооруканада өрт чыкканда бейтаптарды куткарган кыргызстандык "документтери туура эмес" деген негизде депортацияланганы жатат.

Ал бул иште Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлерин, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлүн күнөөлөп жатат. Иштин чоо-жайы кандай?

Кыргызстандын жараны Султан Абдумаликов 18-ноябрда Екатеринбург шаарындагы клиникалык ооруканада өрт чыкканда бейтаптарды сыртка алып чыгууга жардам берген.

Анын "Азаттыкка" айтканына караганда, чатыры күйүп жаткан имаратты көрүп, андан беш бейтап, бир кызматкерди куткарган. "Алардын бирөө арабада отурган майып аял болчу" дейт ал.

Султан Абдумаликов сот чечими менен Орусиядан депортация болгону турат. Мигранттарды убактылуу кармоочу жайда отурган Султан бул иште Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлерин, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлүн күнөөлөп жатат. Абдумаликов окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди:

"Документтерим жайында болчу. Бармак изи жана башкалар бар. Эмгек келишимин алганга жетишпей калдым. Бул жакта "Яндекс" таксиде иштегендерге Орусиянын аймагында соттолбогону тууралуу документ сурайт экен. Аны бир ай аралыгында берет экен. Ага чейин башка дагы документтеримди туураладым. Ошол учурларда ооруканадан өрт чыгып, жардам берип жатып документимди алганга жетишпей калдым. Полиция мага ыраазычылыгын билдирип, жарандарды куткарып калдың, "Орусиянын баатырысың" дешти. Анан документтерим жайында экенин айтып, эмгек келишимди бүтүрүп келүүгө убакыт беришкен. Эртеси биздин өкүлчүлүктөн экенин айтып бир байке чалып, өрткө байланыштуу сүйлөшүүгө чакырды. Жолукканда эле "11-бөлүмгө чогуу барып келели" деп мени полицияга салып берди. Эгер ал мага чалбаганда эмгек келишимди алып келмекмин, бир саат убакыт сурасам, сот "кеч болуп калды" деп беш жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салып койду", - деди Кыргызстандын жараны.

Султан Абдумаликов ага телефон чалган адам ИИМдин Орусиядагы өкүлү Нурдин Жороев экенин айтып, Орусияга сентябрь айынын аягында барганын кошумчалады.

Султандын өрт учурунда адамдарды имараттан алып чыгып жаткан видеолору социалдык тармактарга дагы жарыяланган. Ал өзү дагы айрым жергиликтүү журналисттерге бул окуя тууралуу жана аны полиция депортация кылбай, документтерин толуктап келүүгө уруксат бергенин айтып берген.

Кыргызстандык мигрант Екатеринбургдагы ооруканадагы өрттө бейтаптарды чыгарууга жардам берди. 18-ноябрь, 2024

"Учурда убактылуу кармоочу жайда жатабыз. Абалым, ден соолугум жакшы эмес. Өрттө көбүрөөк түтүн жутуп алыптырмын. Дем алышым оор болуп жатат, дары бергиле десем, "бул жак сага дарыканабы?" деп коюшту. Орусиянын полициясы коё берсе дагы, биздикилер салып бергенине өкүнүп жатам. Кыргызстанга кетип жатканыма өкүнгөн жокмун. Мигранттарды кармаган жайда борбор азиялыктар көп, депортация, өлкөдөн чыгарылгандар арбын. Кыргызстандын жарандары дагы көп жатат, 20дайын көрдүм. Бул жакта тамагы начар, шарты жок. Төшөнчүлөр тытылган, баары эски".

Султан Абдумаликов, мигрант.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" Султан Абдумаликовдун депортация болгонуна байланыштуу комментарий берди. Мекеме Кыргызстандын жараны Орусиянын аймагында жүргөндө миграциялык мыйзам бузганын билдирди. Маалыматка ылайык, Абдумаликов бул өлкөдө эки аптадай мыйзамсыз жүргөн.

"Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматында, С.Абдумаликов өлкө аймагына 2024-жылы 25-майда келген. Андан кийин ушул эле жылдын 7-сентябрында чыгып кетип, кайра 21-сентябрында Орусиянын аймагына кирген. Ошону менен өлкөдө 90 күн жүргөндөн кийин 180 суткадан кийин кирүү эрежесин бузган. Протокол түзүлгөн 19-ноябрь күнү анын Орусиянын аймагында жүрүшү үчүн мыйзамдуу негиздер болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, Екатеринбург шаарынын Железнодорожный райондук соту Султан Абдумаликовду күнөөлүү деп таап, 2000 рубль өлчөмүндө айып салуу жана Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгаруу жазасы тандалган.

Нурдин Жороев менен байланышканыбызда ал Абдумаликов сыяктуу 90 күндөн ашык Орусиянын аймагында жүрүп, бирок эмгек келишими жок жарандардын тизмеси түзүлгөнүн, алар жергиликтүү мыйзамдарга ылайык өлкөдөн чыгарылып жатканын белгиледи. Мындай адамдардын саны 72 миңге чукул.

Орусия соңку жылдары миграция мыйзамдарын каттаалдаштырып, алардын өлкөдө иштеп, жүрүүсүн чектеген айрым эрежелерди киргизүүдө. Буга чейин Москва 2024-жылдын жети айында өлкөдөн чыгарылгандардын жана кирүүгө тыюу салынгандардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялаган. Алардын дээрлик көпчүлүгү Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары экени айтылган.

1-январдан тартып Орусияга кирген чет элдик жарандар бир жыл ичинде 90 күн гана визасыз жүрө алат. Эгер жашаган жерине, каттоосуна жана медициналык кароодон өтүү сыяктуу белгиленген документтеринен сырткары эмгек келишими болсо, бул мөөнөттү бир жылга узарта алат. Эгер жаран иштебесе, 90 күндөн кийин өлкөдөн чыгып, кайра бир жылдан кийин гана кирүүгө мүмкүн болот. Бул иштөө үчүн барган мигранттарга тийиштүү.

Быйыл жарым жылда Орусияда соттун чечими менен 86 миңдей мигрант өлкөдөн чыгарылганын, бул 2022-жылдагы толук бир жылдык көрсөткүчтөн да көп экенин "Свобода" радиосу жазган.

Январь айынан июнга чейинки көрсөткүч 85,8 миңди түзгөн. 2023-жылы бир жылда 129,7 миң, ал эми 2022-жылы 85,1 миң чет өлкөлүк Орусиядан чыгарылган.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусиянын аймагына кирүү, ал жакта жашоо эрежелерин бузганы үчүн деген негизде чыгарылууда.

Экинчи себеп – Орусияда мыйзамсыз иштөө.

Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев августтун башындагы маалымат жыйында Орусияда кыргызстандыктар салыштырмалуу кыйла жеңилдиктер менен иштеп жатканын, мигранттарга карата кабыл алынган эрежелер мыйзам бузгандарга гана тийиштүү деген пикирин айткан.

"Орусия киргизип жаткан жаңы мыйзамдар ушул өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөндөргө гана каршы колдонулат. Эгер биздин жарандар ошол жакка барып каттоого туруп, жумуш таап, иштеген жеринен каттоосун көрсөтө турган болсо, аларга эч ким тийбейт. Бул тараптан биз иш жүргүзүп жатабыз. Ар бир өлкө өз коопсуздугүн коргоо үчун ар кандай шарттарды киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, биздин жарандарга эч кандай тоскоолдуктар болбойт".

Министрдин белгилешинче, соңку 1,5 жылда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 400 миңге кыскарган.

ТИМ быйыл жарым жылда Кыргызстандын 9 901 жараны Орусиянын аймагынан чыгарылып, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынганын билдирген.

2024-жылдын июнь-август айларында ар кандай себептерден улам Кыргызстандын 300гө жакын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылды.