Борбор Азия лидерлери Трамптан эмне күтөт?
АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын жеңгени белгилүү болгондон кийин дүйнө лидерлери аны куттуктоого киришти. Борбор Азиянын жетекчилери да четте калган жок.
The Diplomat жазгандай, талапкерлердин кимиси жеңсе да, куттуктоолор бирдей болмок.
“Бирок билдирүүлөр аймактагы мамлекеттер АКШнын эмки администрациясынан эмнелерди күтөрүн жана өздөрүн кандай кылып көргөзүүнү көздөрүн туюндурат”, - деп эсептейт макаланын автору Кэтрин Путц.
Алсак, казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңсеси кыска куттуктоосунда “мамлекет башчы коопсуздук, өзөктүк куралды жайылтпоо жана инвестициялар тармагында эки тараптуу кызматташтык өнүгөт деп ишенери” белгиленет.
Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаров Трамптын “лидерлик тажрыйбасы жана терең билими Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгын бири-бирин урматтоо принцибине таянып, мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө үмүт артарын” билдирген. Кыргыз президенти Кыргызстан менен Американын көп багыттуу кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.
Автор белгилегендей, эң узун жана бир топ өңүттөрдү камтыган куттуктоо каты Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевден түштү. Ал Трампты “ишенимдүү жеңиши” менен куттуктап, анын ийгилигин төмөнкүдөй чечмелеген:
“Америка эли сиздин тажрыйбалуу жана жөндөмдүү саясатчы катары АКШнын эл аралык сахнадагы аброюн жана экономикалык дараметин бекемдөөгө, глобалдык гүлдөп-өсүүгө багытталган пландарды жана программаларды активдүү колдойт”.
Андан ары өзбек президенти өз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн АКШга ыраазычылыгын айтты. Муну менен катар 2018-жылы Ак үйгө жасаган сапарын эске сала кетти. Мирзиёев мындан тышкары «С5+1» платформасынын жана Борбор Азия менен АКШнын соода, инвестициялар чөйрөсүндөгү макулдашуусунун алкагында регионалдык кызматташтыкты колдоону сунуш кылды. Ал Ооганстанды да сөз кылып, ал өлкөнүн “экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүү кызматташтыктын маанилүү бөлүгү болоруна” ишенерин айтты.
Журналист азыркыга чейин АКШнын бир да лидери Борбор Азияга бара электигин эске сала кетти.
Ал ошондой эле мындан төрт жыл мурун Мирзиёев Жо Байденге мындай кеңири куттуктоо жолдобогонун, 2021-жылы АКШнын жаңы президенти катары ант бергенде бир сүйлөмдөн турган кат менен чектелгенин жазат.
Автор “адам укуктары” же “демократия тууралуу үч билдирүүдө тең айтылбаганы күтүлгөн эле нерсе деп эсептейт.
“Трамп ал чөйрөлөрдү артыкчылыктуу деп сүрөөнгө алган эмес жана Борбор Азиядагы президенттер аларга басым жасабайт. Бирок “коопсуздук”, “стабилдүүлүк” жана “бакубаттуулук” же Трампка жагат деген мактоо сөздөрү биринчи планга чыккан”, - деп эсептейт Путц.
Басылма макала жазылып аткан чакта тажик жана түркмөн президенттери Трампты куттуктай электигин кошумчалады.
Казакстан Франциядагы мыйзамсыз мигранттарды артка кабыл алат
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Парижге жасаган мамлекеттик сапары маалында - 5-ноябрда эки өлкө миграция жаатында келишимге кол койду. Атап айтканда, Казакстан Францияда мыйзамсыз жүргөн жарандарын артка кабыл алмакчы. Документте үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын да кайтаруу мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок алар Казакстанда убактылуу жашоо уруксаты берилген же коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу өткөндөр болушу керек.
Франциялык Sud Ouest басылмасы жазганындай, Елисей сарайы борбор азиялык өлкө менен бул өңдүү алгачкы макулдашуу “миграция агымын натыйжалуу башкарууга жана мыйзамсыз келгиндерди кайтаруу жараянын жөнөкөйлөштүрүүгө өбөлгө түзөрүн” белгиледи.
Буга чейин Париж мындай келишимдерди Еврошаркеттин деңгээлинде, андан тышкары Италия, Грекия, Болгария, Испания жана башка европалык өлкөлөр менен эки тараптуу негизде, ошондой эле Африканын айрым мамлекеттери менен түзгөн.
Макаланын автору эмне үчүн Астана менен реадмиссия тууралуу макулдашууга кол коюлганына кайрылды.
Борбор Азиянын маанилүү чордонуна айланган Казакстанга кошуна өлкөлөрдөн, анын ичинде Ооганстандан мигранттар агылат. Алты жылдан бери ооган мигранттары Франциядан башкалка сурагандардын сап башында келатат. Өлкөнүн Качкындардын укуктарын коргоо кеңсесинин статистикасына ылайык, былтыр ооган жергесинен мыйзамсыз келгендерден Францияда калуу үчүн 17 миң арыз түшкөн.
"Ошентип Астана менен Париждин ортосундагы жаңы келишим оогандык мыйзамсыз мигранттар Францияга келүү үчүн казак жергесин транзит катары колдонуп, же мурда ал жакта жашоо уруксаты алган болсо, аларды Казакстанга кайтарууга жол ачат", - деп түшүндүрөт басылма.
Мындан тышкары Париждеги кездешүүлөр эки мамлекет ортосундагы алакаларды бекемдөөгө салым кошкону, сөз болгон документ ошол тенденциянын бир бөлүгү болуп саналары айтылат.
Автор келишим канчалык натыйжалуу болот деген маселеге кызыгып, аны өлчөп билүү кыйын деп белгилейт. Европадагы миграция түйүнүнүн маалыматы боюнча “Еврошаркеттин 8 мүчөсү эки тараптуу ошондой макулдашуулар мыйзамсыз мигранттарды кайтарууга сезилерлик салым кошконун” айтышат.
Ал эми баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан Euractiv жаңылыктар сайты талибдер 2021-жылы Ооганстандагы бийликти кайра басып алгандан бери ал жактан качкан адамдар көбөйгөнүн, бирок алардын канчасы Борбор Азияда жүргөнү тууралуу так статистиканын жоктугун кабарлайт.
Миграция порталынын баамында, 20 миңден ашуун оогандык региондун өлкөлөрүнүн биринде качкын макамын алган. Алардын саны 2000-жылга салыштырмалуу 240% өскөн.
Сайт Европа биримдиги мыйзамсыз мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө кайтаруунун натыйжалуу жолдорун караштырып жатканын, алар үчүн атайын борборлорду куруу демилгесин да көтөргөнүн маалымдайт. Франциянын ички иштер министри Бруно Ретайло өткөн айда үчүнчү өлкөлөргө иммиграция туралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган атайын чабарманын дайындарын билдирген.
Токаевдин сапары учурунда тараптардын жарандык атомдук энергетика тармагындагы кызматташтыгы тууралуу келишимге кол коюлду.
Австралиялык балдар Тик-Ток, Инстаграмдан оолак болобу?
Австралиянын өкмөтү 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоорун парламентке сунуш кыларын билдирди. Премьер-министр Энтони Албанезенин айтымында, демилге балдарды коргоону көздөйт. Ошол эле маалда чектөө социалдык түйүндөрдө катталып аккаунт ачкан жеткинчектерге жайылбайт. Өкмөт башчы мыйзамды бузгандарга айып пул салынбасын кошумчалады. Жобонун аткарылышын камсыздоо социалдык тармактардын өздөрүнө жүктөлөт.
Би-Би-Си жазганына караганда, эксперттердин көбү соцтармактар кичинекей балдардын психикалык саламаттыгына таасир этиши мүмкүн деген ойго кошулат. Бирок мындай тыюунун натыйжалуулугунан күмөн санагандар аз эмес. Эмне дегенде балдар ТикТок, Инстаграм же Фейсбук менен канчалык эрте таанышса, интернетти коопсуз пайдаланууга эртерек үйрөтсө болот.
Австралия балдарга тиешелүү чектөөнү киргизүү аракетин көргөн алгачкы өлкө эмес. Буга чейин бир катар өлкөлөрдүн бул багыттагы демилгелери ийгиликсиз аяктаган же соцтармактардын карышылыгына туш болгон.
Балдардын укуктарын коргоочу Australian Child Rights Taskforce уюму мындай чарага каршы болуп, өкмөткө 100дөн ашуун окумуштуу, 20 коомдук уюм кол койгон кат жөнөттү. Алар өспүрүмдөргө тыюу салуунун ордуна соцтармактарга коопсуздук стандарттарын киргизүүнү сунуш кылышат. Кайрылуунун авторлору БУУ онлайн коопсуздуктун нормативдери “жеткинчектерге санарип чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу жана коопсуз интернет мейкиндиги менен камсыз кылууга багытталышы керек” деген кеңеш бергенин белгилешет.
Башка бир уюмдар Австралия бийлигинин планын кубаттап, өспүрүмдөрдү жалган маалыматтардан, зыяндуу мазмундан жана буллингден коргоо зарылдыгын жакташат.
Балдар арасында өзгөчө популярдуу болгон ТикТок жана Инстаграмга 13 жаштан катталса болот. Бирок колдонуучунун жашын бышыктоо талабын кыйгап өткөнгө жардам берген ыкмалар көп.
Шерине