"Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) Ооганстанда бийлигин орнотуу учурундагы башаламандыкта кыргызстандыктарды Кабулдан Бишкекке кайтаруу иштерин жүргүзгөн элчиликтин кызматкери Нурлан Орузбаев мекенине эс алууга келди. Ал ооган элинин бүгүнкү жашоосу, мекендештерди үйүнө жөнөтүүдөгү тобокелчиликтер тууралуу маек курду.
- Ооганстанды "Талибан" башкарып жатканына эки жарым айдай болуп калды. Бүгүн акыбал, элдин турмушу кандай? Адегенде, ошол тууралуу кеп кылалы.
- Азыркы учурда Ооганстанда абал салыштырмалуу стабилдүү десек болот. Кадимки тартипте иштеп жатышат. Мамлекеттик бийликте иштеген адамдарды кайра чакырып, ишти кайрадан жандандыра башташты. Кабулда дүкөн, кафе, ресторандар кадимки тартипте иштеп жатат.
- Жакырчылык, азык-түлүк каатчылыгын дүйнө коомчулугу кызуу талкуулап жатат. Бул жагдай кандай?
- Албетте, ачкачылык, азык-түлүктөрдүн тартыштыгы, кымбатчылык элде кадимкидей сезилип жатат. Азыр эл аралык коомчулук Ооганстанга ар тараптуу гуманитардык жардамдарды жиберип жатат. Өзүңүздөргө маалым, кыргыз бийлиги да акыркы окуяларга байланыштуу боордош ооган элине эки ирет гуманитардык жардам жөнөттү. Кыргыз бийлиги уюштурган акыркы гуманитардык жардам 13-октябрда биздин этникалык кыргыздарга жеткирилди.
- Этникалык кыргыздар деп калдыңыз. Бүгүн оогандык кыргыздардын абалы кандай болуп атат? Элчилик байланыштабы?
- Элчилик алар менен дайыма байланышта. Албетте, алар жашоо-шарты татаал, тоолуу аймакта жашашат. Кыргызстандан келген экспедициялык топ менен Ооганстандын азыркы бийлиги, тиешелүү адамдары ортосунда мындан ары этникалык кыргыздардын Кабулдабы, башка жактабы, Ооганстандын ичинде эркин жүрүүсү, коопсуздугу боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Дагы караңыз "Талибдер Кичи Памирге эки жолу келип кетишти"- Алар Кабулга катташабы?
- Сейрек. Бир жылда бир түшүшү мүмкүн. Анда дагы баары эмес. Бирин-экин адамдар келип кетишет.
- Талибдердин өкмөтүн дүйнөдө бир да мамлекет тааный элек. Ошондой болсо да гуманитардык багытта кызматташып жаткан жагдайлар бар. Чет өлкөлүктөргө, силерге бийликтин мамилеси кандай?
- "Талибан" кыймылы Кабулга киргенде башаламандык болуп кетти. Бирок, талибдер тарабынан күч колдонуу болгон жок. Элчиликтердин бардыгына коопсуздугун сактоо боюнча кепилдик беришкен. Бир да элчиликке кол салуу болгон жок. Элчиликтерге аскерлерди коюп беришти. Кыргызстандын элчилигин азыр "Талибан" кыймылынын аскерлери кайтарып турушат.
- "Талибан" Кабулга жаңы кирген учурдагы баш аламандыкта кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иш-чарасына сиздин ролуңуз чоң болгондугун айтып, жазып жатышат. Өзүңүздөн угалы, эвакуация иштери кандай уюштурулду?
-Биринчиден, кырдаал күтүүсүз, тез өзгөрүп кетти. Ошентсе да Ооганстандан чыгып кетүү керектигин жарандарыбызга эки-үч ай мурда эле эскерткенбиз. Бирок, кээ бир жарандарыбыз чыга албай калышты. Албетте, эвакуация иштерин жалгыз бир адам жасаган жок. Командалык жумуш болду. Тышкы иштер министрлигинин салымы абдан чоң болду. Биздин ошол кездеги элчибиздин (Мирослав Ниязов-ред.) моралдык колдоосу болду. Ал ден соолугуна байланыштуу эки ай гана мурун дарыланууга Бишкекке кеткен. Бул эвакуациялоо иши мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жамааттык тартипте аткарылды десем болот.
Биринчи 26 жаранды чыгардык. Кийинкисинде 10 жаранды жөнөттүк. Алар негизинен эл аралык уюмдарда, мамлекеттик органдарда жалданма эксперт катары, тейлөө, медицина тармактарында иштеп жатышкан.
- Ошол кыйсыпыр мезгилде кандай тобокелчиликтер болду?
- Чынында аэропорттун айланасында башаламандык күчөп турган. Аэропорттун жанында жайгашкан эки чет элдик базада иштеген биздин жарандар калып калышкан. Элчилик өзүнүн аларды куткаруу милдетин аткарууга аракет кылды. Болгон күчүбүздү жумшадык. Жагдай чынында оор болду. Атышуулар, жардыруулар болуп атты, көптөгөн адамдар өлүп атты. Мародерлор, криминал топтор базага кол салып, бир жарым сутка атышуу болду. Ошол жерлерде "Талибан" кыймылынын командирлери менен сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу жарандарыбызды алып чыгып кеттик.
Дагы караңыз Кыргызстан талиб өкмөтүнүн тамырын тартты- Азыр Ооганстанда кыргызстандыктар барбы дагы?
- Кетем дегендердин бардыгы эвакуацияланды. Азыр эл аралык уюмдарда иштеген бирин-экин жарандар бар.
- Кабул менен авиакаттам кандай азыр? Өзүңүз кантип, канча убакытка келдиңиз?
- Азыр Кабул эл аралык аэропорту жанданып, эл аралык рейстер ачыла баштады. Учурда жумасына эки жолу Кабул - Тегеран каттамы бар. Мен Кабул - Тегеран - Дубай - Бишкек маршруту менен келдим. Жетекчиликтин уруксаты менен 10-15 күнгө реабилитациялык сапарга келдим.
- Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.
- Мен Бишкек гуманитардык университетинен окуп, эл аралык мамилелер адистигин алгам. Фарс тилин 2011-жылдан бери окуп, үйрөнүп келатам. Адегенде Иранда тил үйрөнүү боюнча атайын курстан өткөм. Ошондон бери дипломатиялык багытта адистешип иштеп келатам.