Оштогу аскер бөлүгүндө 18 жаштагы жоокер каза тапты. Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүктүн жетекчилиги жоокер Руслан Эрменбаев этиятсыздыктан улам өзүн-өзү атып алган деген версияны жарыялады. Бирок маркумдун жакындары бул маалыматка ишенбей, өлкө жетекчилигине кайрылып, аскер бөлүктөгү тартипти көзөмөлгө алууну суранды. Бул соңку 20 күн ичинде Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүндө жоокер белгисиз жагдайда каза болгон экинчи окуя болуп калды.
Оштогу Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүгүндө этиятсыздыктан өзүн атып алды делген Руслан Эрменбаевдин ата-энеси уулунун сөөгүн алып кетүүгө Ош шаарына келген.
Капысынан уккан суук кабарга нес болуп, кайгыга батып турган маркумдун апасы Нааргүл Эргешова 18 жаштагы уулунун бейажал өлүмүнө ишене албай турат. Ал быйыл күзүндө гана аскерге жөнөгөн уулунун өзүнө кол салганынан күмөн санап жатат.
“Мен уулумдун жоокер болуп келишин күтүп кыялдангам. Жакшы ниеттер менен жибердим эле билбейм кандай болуп кетти. Уулумдун кийимдерин алып коюп койдум эле келгенде киет деп. Ок тамагынан кирип башынын чыгып кетиптир. Өзүн өзү атып алдыбы же башка бирдеме болдубу билбей калдым. Кыргыз армиясы боюнча айтарым, балдарды аскерде токмоктошот экен, анан жашырышат турбайбы”.
Уулун жоготкон эне өлкө президентине кайрылып, жоокердин өлүмүн тыкыр териштирүүнү суранды. Ал кыргыз армиясында боло келген уруп-согуу уулунун өлүмүнө себеп болгон жокпу деп күмөнсүнүп турат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер 6-декабрдын кечинде өзүн атып алганы кабарланган.
Мекеменин маалыматында катардагы жоокер кокусунан ок чыгарып, медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай көз жумганы айтылган.
Атайын кызмат же чек ара кызматы мындан башка маалымат тарата элек.
Руслан Эрменбаев Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда туулуп-өскөн. Кичинекей кезинен аскер кызматкери болууну кыялданган жигит быйыл сентябрда аскерге өз каалоосу менен жөнөп, Оштогу Чек ара кызматында 2024 номурлуу аскер бөлүгүнө түшкөн.
Маркумдун атасы Мамадали Эргешов уулу менен акыркы жолу сентябрь айында сүйлөшкөнүн айтып берди.
“Армияга барып кел андан кийин аскердик окуу жайларга окуйсуң деп жибердим эле. Балам "ата, сиз айткандай кылам" деп сүйүндү эле. Мына эми көргүлө! 10-сентябрда Ала-Букага келген, 21-сентябрда ант берүү аземи болуп апасы барган".
7-декабрда маркум жоокердин сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза жасалып, териштирүү башталды. Аны Аскер прокуратурасы жүргүзөт.
Ош гарнизонунун аскер прокүратурасынын прокурору Марс Тентиев териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин билдирди.
Ал тапта Кыйноолорду алдын-алуу борбору аскердин өлүмү боюнча кароо жүргүзгөн. Бул борбордун Оштогу жетекчиси Улукбек Абдулазимовдун айтымында, алгачкы кароодо маркумдун денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес.
“Бизге кызмат өтөп жаткан жоокер көз жумганы боюнча маалымат келип түштү. Биз чогуу келип сыртынан кароо жүргүздүк. Бирок баланын денесинде кандайдыр бир так же көгала байкалган жок. Бирок эми калган иштердин баарын тергөө ачыктайт”.
Оштогу чек арачы жоокердин өлүмү Кыргызстанда соңку 20 күн ичинде эле аскерде кызмат өтөп жүрүп, бейажал каза болгон экинчи окуя болуп калды. 20-ноябрда Токтогул ГЭСин кайтарган аскерлер пикир келишпестиктен улам Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Ички аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөгөн 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы жоокерди атып салганы кабарланган. Бул окуялар коомчулукта кыргыз армиясындагы ыдык көрсөтүүлөрдөн улам болуп жаткан жокпу деген талкууларга жол ачты. Себеби, аскер бөлүктөрүндө жоокерлер арасындагы бир-бирине чоңсунуу көйгөйлүү маселелердин бири.
Чек ара кызматынын ардагери Какан Эралиев акыркы убактардагы жоокерлердин өлүмү боюнча пикири менен бөлүштү.
“Бизде ушул окуяларга айыптуулар алардын командирлери. Командирлер ошол жердеги жоокерлер менен күнү-түнү чогуу болуш керек. Сабактарды өткөрүп, жоокерлерди эч качан бош койбош керек. Жоокерлерге катуу көзөмөл кылбасак мындай дагы кайталанышы мүмкүн. Асынып алгандар болуп жатат. Эми жоокерлер ортосундагы мамилени аралашып байкаш керек. Бул жерде командирлер шалаакылык кылган деп эсептейм”.
Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчётуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си өз жанын кыйган. Ал эми соңку эки жылдагы окуялар боюнча так статистика жарыялана элек.
Былтыр болсо эки ай ичинде төрт аскер кызмат өтөп жүргөндө каза болгондо президент Садыр Жапаров коргоо министри Бактыбек Бекболотовго сөгүш берген.
Кыргыз армиясында кызмат өтөп жүрүп каза болгон жоокерлердин өлүмү боюнча тиешелүү органдар “мамлекеттик сыр” деген жүйө менен маалымат бербей келишет. Укук коргоочулар жоокерлер каза болгон окуялардын 10% гана сотко жетерин айтышууда.
Көп учурда жоокердин кандай жагдайда, эмне болуп өлгөнү белгисиз бойдон калат.
Учурда ботосунан айрылып, зарлап турган Руслан Эрменбаевдин ата-энеси өлкө жетекчилиги бул окуяга көңүл буруп, кийин кайталанбагандай болушу үчүн чара көрүшү керек деп талап кылышууда.