Үй камагына чыккан окутуучу "Фейсбук" колдонбойт

Гүлзат Аалиева.

Диний кастыкты козуткан деген шек менен кармалган окутуучу Гүлзат Аалиева эки айга үй камагына алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-апрелде ушундай чечим чыгарганын адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

"21-июнга чейин үй камагында болот. Бул аралыкта "Фейсбукту" колдонбоо сыяктуу чектөөлөр бар", - деди Жоошев.

Окутуучу диний кастыкты козутууга айыпталды

22-апрелде окутуучу Гүлзат Аалиеванын бошотулушун талап кылгандар митингге чыккан. Милиция анда Аалиеваны "диний кастыктыкты козуткан" деп айыптап, камакка алган. Ошол эле кезде окутуучу социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө аша чаап, дайыма талаш-талкуу жаратып келгенин айткандар да бар.

Окутуучу Гүлзат Аалиеванын Жогорку Кеңештин имаратынын жанына чыккан тарапташтары "Аалиевага боштондук!", "Сөз эркиндигине, кыргыздын каада-салтына боштондук!" деген ураандарды кыйкырып жатышты.

Анын сиңдиси Нурзат Аалиева акцияга интеллигенция өкүлдөрү, маданий ишмерлер, тарапташтары, кайдыгер эмес адамдар чогулганын, эжесинин бошотулушун талап кылган кайрылууга кол топтолуп, бийликке жолдонорун маалымдады.

Нурзат Аалиева.

"Алиева кыргыз элинин маданиятын даңазалаган макалаларды жазат. Мындан тышкары дин ишмерлеринин туура эмес кылык-жоруктары тууралуу, аларга каршы билдирүүлөрдү да жазып келген. Ошонун негизинде суракка чакырылып, камакка алынганы маалым болду. Интелегенциянын да өз оюн айтканга укугу бар. Философиялык чыныгы көз караштарын айтканга укуктуу. Биз демократиялуу мамлекетте жашайбыз да, эгер эжемди соттоп салса анда кайда баратабыз?".

Философия илимдеринин кандидаты, доцент, 48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берет. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчысы болуп иштеген.

Эл артисти Курмангазы Азыкбаев илимпоздун камалышын сындап чыккандардын бири.

"Манас таануучу, философия боюнча дагы илимпоз. "Манасты" таанытып, элге жайылтып жүргөн, даражасы чоң мугалимдер четинен камалып жатышы туура эмес деп ойлойм".

Гүлзат Аалиева 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылып, ошол жерден кармалган. Райондук милиция ал Жазык кодексинин 313-беренеси - «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча шек саналып кармалганын тактады.

Мекеменин басма сөз кызматкери Алмаш Бекбоева буларды билдирди:

"Аалиевага каршы 19-февралда борбордун жашоочусунан арыз түшкөн. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертизанын корутундусу көрсөткөндөй, кармалган адамдын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө кайсы бир динге, же аны тутунган кишилерге чагымчыл аракеттердин лингвистикалык белгилери жана кайсы бир динди жана аны тутунгандарды кемсинткен, терс эмоционалдык баа берген жана тескери мамиле кылган белгилери аныкталган".

Дагы караңыз Диний сабырсыздыкты билим жеңет


Гүлзат Аалиева социалдык тармактарда негизинен ислам динин тутунгандарды кескин сындаган, теңирчиликти жактаган билдирүүлөрү менен таанымал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев буларды билдирди:

"Ал илимдүү-билимдүү киши экен, бирок, дин тууралуу терс пикир айтпашы керек эле. Билдирүүлөрү туура эмес. Алар чынында эле диний кастыкты козутат. Андай нерселерди жазыш үчүн дин саясатын түшүнүш керек. Дин тууралуу сүйлөп жатканда өтө кылдат болуу абзел".

Укук коргоочу жана жарандык активист Эржан Сулайман Аалиеванын айрым билдирүүлөрүндө кастык бар экенин белгилейт. Ошол эле учурда, камалышын катаал чара катары сыпаттады:

Эржан Сулайман.

"Мен анын жазгандарынын баарын карап чыктым. Арасында чынында кастыкты козуткан билдирүүлөр бар. Бирок, азыр ага карата 313-берене менен иш козголгону белгилүү болду. Бул берене эл аралык стандарттарга такыр туура келбейт. Анда 6-7 жыл эркинен ажыратуу тууралуу чара каралган. Бул беренеден ислам динин жактагандар да жапа чегип келет. Менимче, укук коргоо органдары дароо камакка албай, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек эле. Же болбосо коңшу өлкөлөрдө ушундай беренеге айып пул каралган, аны да эске алышса болмок".

Ошол эле кезде, Гүлзат Аалиеванын камалашын адам укуктарынын бузулушу, сөз эркиндигин чектөө катары баалагандар бар.

Алардын бири коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев:

Эмилбек Каптагаев

"Анын камалышы логикага жатпай турган нерсе. Адам укуктары боюнча бардык документтерге кол койгонбуз. Биздин Конституцияга ылайык деле демократиялуу өлкөдө жашап жаткандыктан өз пикирин эркин айтууга ар бир адам укуктуу. Негизгиси, таратып аткан ой-пикир мамлекеттүүлүккө зыян келтирбеши керек. Ал пикир башкаларга жагабы же жакпайбы - бул мамлекеттин иши эмес. Исламбы же башка динге каршыбы, ошол динди жокко чыгара турган ойлор камоого негиз болбойт деп эсептейм".

Буга чейин ушул эле Жазык кодексинин 313-беренеси менен блогер Элмир Сыдымановго да бир жыл мурда айып коюлган. Бир ай мурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту аны актаган.

Ушул эле берене менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бир нече жарандык активисттерди, социалдык тармактардын колдонуучуларын камакка алган.

Эки жыл мурда улуттук, диний мүнөздөгү кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга себепкер болгон аракеттер үчүн жаза күчөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинде беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу бекитилген. Жазанын минтип катаалдаганын укук коргоочулар сынга алышкан.

2019-жылга кодекс өзгөргөнгө чейин ушул эле айып менен үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну караган жаза колдонулган.