Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ипотекалык турак жайларды куруу келишимине кол койду.
Кредиттик макулдашууга ылайык, Кыргызстанда ипотекалык турак жайларды курууга Сауд өнүктүрүү фонду 100 миллион доллар бөлөт. Он миңдеген адамдар баш калкалоочу жайга жетпеген Кыргызстанда бул келишим маселени чечүүгө канчалык жардам берет?
Ипотекалык үйлөрдү Сауд өнүктүрүү фонду каржылайт
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койду. Аталган мыйзамды 29-июнда парламент кабыл алган.
Кредиттик макулдашууга ылайык, “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасы үчүн Сауд өнүктүрүү фонду 100 млн АКШ долларын бөлөт. Сауд өнүктүрүү фондунан келип түшкөн акча Бишкек шаарындагы 47-колониянын ордунда курулуп жаткан турак жай комплексинин курулушунун экинчи этабын каржылоого жумшалат.
Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон №47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасаган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык атайын башка мекемелерге которулган.
Анын ордуна ипотекалык турак жайлардын курулушу башталып, учурда биринчи этабы жүрүүдө. Анын курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланган.
Сауд өнүктүрүү фонду долбоордун алкагында 174,5 миң чарчы метр турак жай курулушун каржылайт. “Мамлекеттик ипотекалык компания” мекемесинин эсебине ылайык, 3 миңден ашуун орто жана чакан кирешелүү үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Насыяны “Мамлекеттик ипотекалык компания” мекемеси жарандар жүргүзгөн төлөмдөрдүн эсебинен жабат.
Дагы караңыз Мамлекеттик ипотека: Карапайымдар кантип үй алат?“Үйлөр кийинки жылдын орто ченинде курулуп бүтөт”
Бириккен Улуттар Уюмунун социалдык ченемине ылайык, ар бир кишиге 30 чарчы метр турак үй туура келиши керек. “Мамлекеттик ипотекалык компания” мекемесинин берген маалыматына таянсак, Кыргызстандагы ар бир жаранга 12-13 чарчы метр гана туура келет.
Аталган мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаеванын билдиришинче, өлкөнүн турак жай фондун чыңдоодо бул кызматташуу маанилүү роль ойнойт.
Ал Сауд фондунун колдоосу менен курулуп жаткан үйлөр кийинки жылдын ушул мезгилинде аяктап каларын кошумчалады:
“Бул турак үйлөр этап-этабы менен курулуп келе жатат. Алгачкы бетон иштери быйылкы жылдын этегинде аяктайт. Кыш айларында суу, жарык киргизүү сыяктуу монтаждоо иштери аткарылат. Жазында үйлөрдүн ичи жасалат. Келерки жылдын ушул айларында элге бере баштайбыз. Кирип эле жашай бере турган даяр үйлөр болот. Ипотеканы төлөө оорчулук жаратпашы үчүн чарчы метрин 550 АКШ долларынан ашырбоого аракет кылабыз”.
Курулуп жаткан турак үйлөрдү “Мамлекеттик ипотекалык компания” банктардын катышуусуз жана баштапкы төлөмсүз 25 жылга ижарага берет.
Ижара мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%, жеке сектордо эмгектенгендер үчүн 8% берилет. Бул шарттар “кийин сатып алуу менен ижарага берүү” механизми менен иштеп жаткан мамлекет курган үйлөрдү ала турган жарандар үчүн актуалдуу.
Монолит тибиндеги турак үйлөрдү “Кыргыз строй сервис” мамлекеттик курулуш компаниясы курат.
Дагы караңыз Баткен облусунда муктаж адамдар үчүн ипотекалык үйлөр салынатСауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курула турган турак үйлөр мамлекет өзү тургузуп жаткан алгачкы ипотекалык турак жайлар эмес. Буга чейин “Мамлекеттик ипотекалык компания” Туңгуч кичи районунда тогуз кабаттуу эки турак үй тургузган.
Мындан тышкары, Нарын шаарында тургузулган турак үйдө да ушул тапта ижарачылар жашап жатат. “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева келечекте мамлекеттик ипотекалык турак үйлөрдүн көбөйтүү иши турганын белгиледи:
“Жеке курулуш компаниялардын максаты - киреше табуу. Алар үчүн бул бизнестин бир түрү. Ал эми мамлекет өз жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну көздөгөндүктөн, максаты пайда көрүү эмес. Жакынкы 5-10 жылдыкка койгон пландарыбыз бар. Акырындык менен өлкөдөгү турак жай маселесин чечебиз”.
"Мамлекетке ашыкча түйшүк болот"
Кыргызстанда орто катмар үчүн турак жай маселеси курч турат. Өлкөдөгү курулуш компаниялардын дээрлик баары жеке секторго таандык. Алардын арасында үй куруп берүүнү убадалап, элдин акчасын алып, бирок убадасын аткарбай койгон ишканалар да жок эмес.
Буга чейин тез жана арзан турак жай алып берүүнү убада кылган кооперативдердин тузагына кабылган миңдеген жаран акчасын кайтара албай нааразылык билдирип жүрөт.
Парламенттин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев мындай шартта мамлекеттин турак жай көйгөйүн чечүүгө белсенгени жакшы жышаан болгону менен, ал мамлекетке ашыкча түйшүк болушу ыктымал деп эсептейт.
“Бул мамлекетке ашыкча түйшүк. Ошол акчаны жаш үй-бүлөлөргө, жарандарга бөлүп берсе, алар өздөрү сатып алса, рынок дагы кеңеймек, мамлекетке дагы салык түшүп, экономиканын өнүгүшүнө шарт түзүлмөк. Мамлекет аралашкан жерде коррупция бар, сапат болбойт. Кадрлар тез-тез алмашкандыктан, бул долбоордун сапатына кепилдик берүү өтө кыйын”.
Буга чейин ипотека аркылуу жалпы 8462 жаран үйлүү болгон. Жалпы турак үйлөрдүн аянты 673 миң чарчы метр. Аны каржылоого 13 млрд 700 млн сом керектелген. 12 млрд сом инвестиция иретинде тартылган. Ипотека аркылуу турак жай алууну каалап кезекте турган 13798 жаран бар.