Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Баткен облусунда муктаж адамдар үчүн ипотекалык үйлөр салынат


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен жана Лейлек райондорунда ипотекалык шартта бериле турган 49 турак үй курулат. Бул боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы менен Ак-Сай айыл аймагы 15-июнда кол койду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, турак жайлардын жери 12 сотыхтан болот. 20 турак үй Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына, 29у Лейлектеги Кулунду айыл аймагына курулат.

“Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок, муктаж жарандар ала алат”, - деп айтылат маалыматта.

Үйлөрдүн курулушу быйыл күзүндө башталып, 2024-жылы пайдаланууга берилери кабарланды.

Өткөн жылдын сентябрындагы чек ара чырында Баткендин бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. Ипотекалык үйлөр салына турган Ак-Сай менен Кулунду да кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан.

Өкмөт чек арадагы айылдарда ураган, өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна салынып жаткан 417 турак жайдын курулушу аяктап калганын билдирди.

XS
SM
MD
LG