Трамп Израил менен Палестинаны мунаса табууга чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Израилди жана Палестин автономиясын тынчтыкка жетүү үчүн мунаса табууга чакырды. Эки тарап тең бул кадамга даярдыгын айтышты.

Израилге эки күндүк сапарын жыйынтыктап жатып 23-майда Трамп Вифлеем сарайында Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен сүйлөштү. Жолугушуудан кийин Трамп "палестиндер тынчтык макулдашуусуна даяр" экенине ишенерин айтты.

Дональд Трамп Израил да тынчтыкты кааларын, ошентсе да макулдашууга жетүү жолу узак жана татаал болоорун кошумчалады.

- Жаңжал өмүр бою уланбашы керек. "Улуттар кан төгүү чегине жеткенин, өлүм жетиштүү экенин качан сезишет?" деген суроо бар. Бул тарыхый саммит Жакынкы Чыгыштагы калктарга экстремизмди токтотуу үчүн диний бөлүнүүнү жоюп, жалпы баалуулуктарды таап, аймактын келечегин жакшыртуу үчүн жоопкерчиликти бирдей алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Өзгөрүүлөр ичтен башталышы керек.

Трамп израилдиктер менен палестиналыктардын тынчтык макулдашуусуна жетүүсүнө көмөктөшүүгө ынтызар экенин айтты. 22- майда Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан.

Трамп жана Нетаньяху

23-майда сүйлөп жатып АКШ президенти бир нече ирет анын администрациясы ар дайым Израил менен бир болоорун айтты. Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху эки тарап ортосундагы бекем тынчтык Трамптын көзөмөлүндө гана ишке ашышы ыктымалдыгын ишара кылды.

- Президент Трамп Израил араб коңшулары, анын ичинде палестиндер менен бекем тынчтыкка жетише алат деп эсептейм. Бул баарыбыз туш болгон жалпы коркунучтардан улам ишке ашышы мүмкүн.

Өз кезегинде палестин лидери Махмуд Аббас коңшулары менен диалог куруу үчүн палестиндердин эшиги ачык экенин билдирди. Ал ошондой эле палестиндердин талаптарын дагы бир ирет кайталады.

- Палестин элинин эркиндиги жана төбөлсүздүгү аймактагы туруктуулуктун жана тынчтыктын ачкычы. Эки элдин балдары коопсуз, туруктуу жана гүлдөгөн келечекте жашашы керек. Урматтуу президент мырза, мен дагы бир жолу кайталайм, биз израилдиктер менен тарыхый тынчтык макулдашуусуна жетүү үчүн жана аймактагы тынчтык үчүн сиз менен кызматташууга толук даярбыз. Биз ошондой эле дүйнөдөгү жана аймактагы террорчулукка каршы күрөшүү үчүн силер менен өнөктөш болууга даярбыз.

Үч лидер бул күнү Манчестердеги 22 адамдын өмүрүн алган калабаны айыпташты. АКШ президенти мүрт кеткендердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, чабуул "күнөөсүз балдарды" бутага алганын, мындай "коркунучтуу идеология толук жок кылынышы керектигин жана адам өмүрлөрүн сактоо үчүн элдер биригиши зарылдыгын" баса белгиледи. Манчестердеги чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму алды.

Трамп жана Аббас.

Трамп ошондой эле экстремизм жана террорчулукту жок кылуу максатын бөлүшкөн өнөктөштөр менен эл аралык коалиция түзүүгө чакырды.

АКШ президенти өзүнүн алгачкы тогуз күнгө созулган тышкы сапары маалында Израилге эки күнгө кайрылды. Ак үйдүн кожоюну мындан ары Римге сапар алат. 24-майда ал Рим папасы Франциск менен жолугат.

Израилден мурда Трамп Саудияда болуп, Эр-Риядда өткөн саммитке катышкан. АКШ президенти 25-майда Брюсселде өтө турган НАТОнун жыйынына барат, андан соң Сицилияда 26-27-май күндөрү өтө турган "Чоң жетинин" саммитине да катышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.